Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Президент Экинчи дүйнөлүк согуштагы кыргызстандыктардын эрдигин белгиледи


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

9-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы фашисттик баскынчыларга каршы согуш – бүткүл адамзаттын тагдырына таасир эткен тарыхый окуя экенин, дээрлик төрт жылга созулган согуштан кийинки жеңиштин келишине Кыргызстан да зор салым кошконун билдирди.

“Биз жер жүзүндөгү бакубат жашоо үчүн кан майданда курман болгон мекендештерибизди эч качан унутпайбыз! Улуу жеңишке жетүүдө кыргызстандыктардын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп жүрөбүз. 150 миңден ашуун командирлер жана жоокерлер фашисттик баскынчылардын мизин кайтаргандагы баатырдыгы жана каармандыгы үчүн орден-медалдар менен сыйланганын, алардын арасында “Даңк” орденинин толук кавалерлери болгонун, жетимиштен ашуунуна Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылганын жыл сайын сыймыктануу менен белгилеп келебиз”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 2023-жылдын май айында алардын саны 64 болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG