Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:50

Талаштуу берене: Конституциялык сот өкмөттү колдоду


Конституциялык соттун имараты.
Конституциялык соттун имараты.

Конституциялык сот Баш мыйзамдагы “пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деген беренени талкуулап, чечим кабыл алды. Анда Конституциядагы бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбай турганы, ал максат экени жазылган.

Айрым юристтер менен депутаттар соттун чечимин сынга алып, бийлик төрт айдан бери Конституциядагы негизги талаптардын бирин аткарбай келатканын айтышууда. Маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлүп, өкмөт башчы мамлекет социалдык төлөмдөрдү алына жараша гана төлөй турганын билдирген.

Конституциялык соттун чечими

19-апрелде Конституциялык сот Баш мыйзамдын 44-беренесине байланыштуу Министрлер кабинетинин кайрылуусун карап, расмий түшүндүрмөнү кабыл алды. Соттук коллегияны Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев жетектеп, ага катышкан тогуз судьянын баары чечимди бир добуштан колдошту.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мазмуну, пенсиялардын, социалдык жөлөк пулдардын жана башка социалдык жардамдын өлчөмүн аныктоо өлкөнүн экономикасынын абалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө тике көз каранды болбой коюшу мүмкүн эмес, демек, “мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деген сөздөр менен берилген ченемдик жобо мамлекет тарабынан пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмүн белгилөө мамлекеттин түздөн-түз милдеттенмеси катары түшүнүүгө болбойт, ал мамлекеттин конституциялык-маанилүү милдетти жеткире аткаруу аракетин көздөгөн максаттуу багыты катары каралыш керек”, - деп айтылат маалыматта.

Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт.

Кыргызстандын Конституциялык сотунун азыркы курамы. Төрага Эмил Өскөнбаев ортодо.
Кыргызстандын Конституциялык сотунун азыркы курамы. Төрага Эмил Өскөнбаев ортодо.

“Бул саясий чечим

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Конституциялык соттун чечимин карапайым элди алдоо катары баалады. Ал бийлик мындан эки жыл мурун болгон референдумда жаңы Баш мыйзамга элге жаккан беренелерди киргизип, Конституция колдоо тапкандан кийин аны аткарбай жатат деп эсептейт.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

“Мисалы, Конституцияда “Кыргызстан укуктук мамлекет” деп жазылып турат. Анда биз муну деле милдет эмес максат деп койсок болобу? Ал эми Баш мыйзамдагы президенттик башкаруу деген милдет болуп эле аткарып атабыз да. Бирок башка нормалар максат катары чечмеленүүдө. Анда “Кыргызстан демократиялуу, сөз эркиндигин сыйлаган өлкө” деген да кийин максат болуп калабы? Биз алдыда ушуга жетишибиз керек деп койсо да боло береби?”.

Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүндө “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган.

Бул талапты 2021-жылы жаңы келген бийлик Конституцияны өзгөрткөндө кабыл алган. Баш мыйзамга 2021-жылы 5-майда кол коюлуп, анын пенсия менен жөлөк пул, социалдык төлөмдөргө байланыштуу 44-беренеси 2023-жылдын 1-январында күчүнө кирген.

Кыргызстандын экс-премьер-министри Феликс Кулов сөз болуп жаткан талаштуу берене боюнча Конституциялык соттун чечимин антиконституциялык деп баалады:

“Бул абдан жаман прецедент. Конституциялык соттун “ал мамлекеттин түздөн-түз милдеттенмеси эмес, максат” дегени туура эмес. Ошондуктан бул юридикалык бүтүм эмес саясий чечим десе болот. Бул деген ишке кайдыгер мамиле, элге каршы кабыл алынган чечим. Ушундай малекеттүүлүккө каршы мамиле болуп жатса биз Конституциянын кабыл алып эмне кылабыз?”.

Өкмөттүн жүйөсү

Министрлер кабинети февраль айында Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган. Өкмөттүн өтүнүчүн Жогорку Кеңеште айрым депутаттар сындап, Баш мыйзамды аткарбай жатканы үчүн Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылгандар болгон.

Парламенттин 16-февралдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Конституциясынын 44-беренеси тууралуу комментарий берген.

“Биз экономикага чактап, колубуздан келген гана жардамды бере алабыз. Бул беренеге мен каршы чыккам. Бирок ал Конституцияга кирип калган. Ошондуктан Конституциялык сотко кайрылып атабыз. Адахан Кимсанбаевич, мен пенсия төлөй албайм. Министрлер кабинети төлөйт. Өзүнүн алына, экономикасына жараша. Бүт дүйнө жүзү ошондой. Жашоо минимуму жыл сайын өзгөрүп турат. Аны АКШда, Жапония да кубалап жетпейт. Так маалымат болуш үчүн биз Конституциялык сотко кайрылдык. Төлөй албасак өлөлүбү эми?”.

Акылбек Жапаровдун ошол кездеги сөзү боюнча, Кыргызстанда бир айлык жашоо минимуму 6800 сомдун тегерегинде. Төмөнкү пенсия 1200 сом. Жыл башында Улуттук статистика комитети 2022-жылдын эсеби менен бир айлык жашоо минимуму 7178 сом деп белгиленгенин кабарлаган.

Ушул тапта Кыргызстанда ай сайын 742 миңден ашык киши пенсия жана 328 миңден көп адам “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алат.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. Ал квартал сайын эсептелип турат.

2020-жылы жаңы Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешме бул социалдык Конституция болгонун билдирип, пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан кем болбой турганын бетке кармашкан. Конституциялык кеңешменин мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Чолпонкул Арабаев мындай деди:

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

“Конституциянын нормалары мүмкүнчүлүккө жараша аткарылышы керек. Жаңы келген бийлик да мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө карап иш кылып атат. Ошондуктан Конституциялык сот да тең салмакталган чечим чыгарган экен. Бирок келечекте муну Министрлер кабинети эске алып, милдетин аткарышы керек. Азыр бир топ жакшы иштер жасалып атат. Пенсия, жөлөк пул, айлык акырындап жолго коюлуп келатат”.

“Маселе муну менен эле чечилбейт”

2020-жылы Конституциянын долбоору талкууланып жатканда жарандык коом, оппозициялык саясатчылар менен юристтер Баш мыйзамга популисттик беренелер кирип калганын билдиришкен.

Конституциялык кеңешменин дагы бир мүчөсү, парламенттин экс-депутаты Эсенгул Исаков 44-беренеге Конституциялык соттун чечими менен эле чекит коюлуп калбаарын эскертти:

“Конституция башкы мыйзам болгондон кийин ал аткарылууга тийиш. Конституциялык сот болсо “сага да эмес, мага да эмес” дегендей кылып чечимди бүдөмүк чыгарыптыр. Мындай болбойт. Бирок бюджетте акча жок болсо өкмөт каражатты кайдан табат. Андыктан, Баш мыйзам күчүндө тургандан кийин аны эртели-кеч аткарыш керек. Болбосо Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүгө туура келет”.

Конституциялык сот Конституцияны расмий чечмелеп берет, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди, бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды карайт, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG