Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:34

Нарында коронавирус көп катталууда


Ат-Башы району. 28-апрель, 2020-жыл.
Ат-Башы району. 28-апрель, 2020-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 29 адамдан табылды. Анын көбү Нарында болуп, арасында жаңы көз жарган аялдар да бар. Акыркы учурда Нарын облусунда эпидемиологиялык абал оор болуп турат.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 15-майда Нарын облусунда коронавирус 11 адамдан табылды. Ушуну менен облуста COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 163 кишиге жетти. Бир бейтап көз жумду.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 14-майда Нарын облустук ооруканасында эски оорулары күчөп, оор абалда дарыланып жаткан 84 жаштагы бейтап каза болгонун кабарлады:

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Ал бир топтон бери ооруп жүргөн экен. Март, апрель айларында эски ооруларынан медициналык мекемелерге барып жүргөн. Кечээ да эски оорулары козголуп келип, провизордук госпиталга алынган. Медициналык жардамдын жыйынтыгы болбогондуктан реанимацияга жаткырылганына карабастан каза болуп калды. Анализин алып текшергенде коронавирус бар экени тастыкталды. Атайын шарттар менен кечээ жерге берилди. Бул бейтап жашаган айылда эпидемияга каршы аракет көрүлүүдө».

10-майда өлкө боюнча өзгөчө абал режими алынган кезде жергиликтүү бийлик Нарын облусунда абал турукташып калганын билдирген болчу. Бирок андан бери Нарын шаарында коронавирус жуккандар көбөйүп, эки очогу табылды. Бири - Нарын облустук ички иштер башкармалыгы болсо, экинчиси - Нарын облустук төрөт үйү болду.

Натыйжада облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө жаңыдан көз жарган сегиз аялдан коронавирус табылды. Ага чейин Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылганда Саламаттык сактоо министрлиги буга «коргонуу чаралары сакталбаганы» себеп болгонун билдирген.

Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Мурат Алиаскаров жаңы төрөгөн энелер менен балдардын саламаттыгы көзөмөлдө, абал туруктуу экенин билдирди:

«Төрөтканада жаткан ар бир аялдан коронавируска карата анализ алынды. Анын негизинде оң белги берген бейтаптарды ооруканадан чыгарбай кармап калдык. Эми алар 14 күн көзөмөлдө болот. 12-13-күндөрү эки күн катары менен алардан ПЦР анализ алынат. Анын жыйынтыгында вирус жок болсо гана үйлөрүнө чыгарылат. Бирок ошондо да үй карантининде өзүн кандай алып жүрүшү керек экендиги айтылат. Мындан тышкары жаңы төрөлгөн ымыркайын кароонун эрежелери да үйрөтүлөт».

Коронавирус тез жайылып жаткандыктан Нарында дарыгерлердин тартыштыгы да байкалууда. Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун маалыматы боюнча буга чейин эле Теңир-Тоодо 125 дарыгер жетишсиз болуп келген. Учурда болсо коронавируска чалдыккандардын 30% дарыгерлер болууда.

Ушундан улам Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус илдети чыккандан бери Нарын облусуна баш калаадан медицина кызматкерлеринин үч тобун жөнөттү.

Үч акушер жана бир реаниматологдон турган үчүнчү топ Нарынга 14-майда келди. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук ооруканасына, дагы бир акушер менен реаниматолог Ат-Башы районуна жөнөтүлдү.

Мындан тышкары Нарын жергесинде 14 милиция кызматкеринин анализинен коронавирус чыккан. Ушундан улам облустук милицияга да Бишкектен кошумча күч келип, кол кабыш кылууда.

11-майдан тартып Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими алынгандан бери базарларда эл жык-жыйма жүрөт. Нарын шаарынын тургуну Максат Жолдошбеков элдин басканын чектебесе, вирус жайылып, аны ооздуктаганга оор болуп калат деген пикирде.

«Башында эл ишенип, карантин шартын аткарып жаткан, - деди ал. - Бирок бир айдан ашык үйдө жатып, акчасы түгөндү. Аны менен кошо майда-барат ишкерлик кылгандардын да иши жүрбөй калды. Менимче, элди ошол ишкерлер көчөгө чыгарып жатат. Алардын арасында «вирус жок, ишенбегиле» деген чагымчылдар да болушу мүмкүн. Анткени эл үйдө жата бергени ишкерлердин чөнтөгүнө зыян алып келет да. Аларга ишенген эл да кайдыгерликке ооду. Азыр көчөдө жаштар жайбаракат эс алып жүрөт. Нарын - чакан шаар. Көзөмөл кылып коюш оңой. Укук коргоо органдары көзөмөл кылып, жөнгө салбаса болбойт. Вирус жайылып кетүү коркунучу күч».

Нарында минтип эпидемиологиялык абал курчуй баштангандан тартып облустук бийлик санитардык посттордун ишин күчөттү. Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов мындай маалымат берди:

Эмилбек Алымкулов.
Эмилбек Алымкулов.

«Биз бардык көзөмөлдү күчөттүк. 11-майда алынган санитардык посттордун айрымдарын кайра койдук. Биз медициналык штабга карантин режимин киргизүүнү сунуш кылып жатабыз. Эгер алар «карантин режими керек» дей турган болсо, анда Нарын шаарынын мэринин буйругунун негизинде коронавируска каршы республикалык штаб менен макулдашып шаарга карантин киргизебиз. Муну менен шаардагы элдин кыймылын азайтабыз. Ошондой эле азыр эл «вирус жок» деген кайдыгер ойго жетеленип жатат. Биз бул боюнча да түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп жатабыз».

15-майга карата Нарын облусунда COVID-19 илдети 163 кишиден табылды. Анын 65и Нарын шаарында. 77 киши Ат-Башы районунда. Ал эми Нарын районунда үч, Ат-Талаада бир, Кочкор районунда үч жана Жумгалда 14 кишиден вирус табылган. Облус боюнча 95 киши айыгып чыкты. Бирөө оор акыбалда. Бир бейтап көз жумду.

15-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1111 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 745 бейтап айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG