Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Кайдыгер мамиле медиктерди чочулатууда


Эс алуу багында жүргөн шаар тургундары.
Бишкек. 12-май, 2020-жыл.
Эс алуу багында жүргөн шаар тургундары. Бишкек. 12-май, 2020-жыл.

12-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясы 21 адамдан табылды. Алардын ичинен ону Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. Ушуну менен баш калаа боюнча вирус жуккандар 337 адамга жетти.

Өзгөчө абал режими жоюлуп, экономикалык ишмердүүлүктүн экинчи баскычы ишке кирип, көчөдө элдин көбөйүшү медицина кызматкерлерин кооптондура баштады.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коомчулук карантин эрежелерине кайдыгер мамиле кылып жатканына нааразы болду:

«Коомдук жайларга барып алып аралыкты сактабай жатышат. Чогуу басып жүрүшөт, кучакташып, колтукташып жүргөндөр андан көп. Коронавирус аралыкты сактабагандыктан жугуп жатат да. Медицина кызматкерлеринин арасында да ушундай көрүнүш байкалып жатат. Алар да аралыкты сактабастан бир жерге чогула калмай адатын таштай албай коюшту».

Нурболот Үсөнбаев Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус чыкканын да кошумчалады. Медицина кызматкерлерине вирус жугушуна санитардык-эпидемиологиялык шарттардын сакталбаганы себеп болгон. Ушуну менен 241 дарыгер СOVID-19 инфекциясы менен ооруду.

Министрдин орун басары коронавирус менен жалгыз күрөшүү майнапсыз экенин айтты:

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Үч айдан бери вирусту кеңири жайылтып жибербеш үчүн көп аракеттер жасалды. Эгер карантин шарттарын сактабасак буга чейинки аракеттерибиз текке кетет. Ар бир жараныбыз бизге кошулушу керек. Кайдыгер карабай өзүнүн жеке жарандык жоопкерчилигин алышы абзел. Айтылып жаткан тартипке көнүп, аракет кылсак коронавирусту жеңип кетебиз».

11-майдан баштап комендатуранын милдети шаар бийлигине өткөрүлүп берилди. Бишкекте өзгөчө кырдаал режиминде иштөө боюнча план бекитилген. Ыкчам штабды Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов жетектейт. Бишкекте коронавирустун кооптуу очогу деп эсептелген 98 жер бар. Баш калаанын мэри Азиз Суракматов карантин эрежелерин бузгандарга ири өлчөмдө айып каралганын билдирди:

«Санкциялар катаалдашты. Айыппулдун өлчөмү кылмыштын, жоруктун оордугуна жараша 1 000ден 180 000 сомго чейин жетиши мүмкүн. Өзгөчө беткап тагынуу боюнча көңүл бурулат. Беткап тагынбагандарга 1000ден 5000 сомго чейин айып каралат. Санкцияларды салуу укугу дарыгерлерге, санитардык дарыгерлерге жана ички иштер органдарына ыйгарылды».

Бишкек мэриясынын мындай чечимин Жогорку Кеңештин депутаттары сынга алды. Алардын бири Дастан Бекешев беткап тагынбагандарга айып салуу мыйзамда каралбаганын белгиледи. Анын пикиринде алгач шарт түзүп, андан кийин талап кылыш керек.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Беткап тагынбагандарга айып салуу мыйзамсыз, - деди ал. - Себеби Жогорку Кеңештен андай документ өткөн эмес. Беткапты бекер таратып берип, андан кийин айып салсак бир жөн. Эл өзү ачка отурат. Биз айып киргизе баштасак нааразылык күчөйт да».

21-майдан баштап эл көп топтолгон калкты тейлөө борборлору, соода борборлору, кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр, автомобил базарлары иштей баштайт.

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиевдин айтымында, өкмөт өзгөчө абал режиминен айла жоктон баш тартты. Ал эгер каражат жетиштүү болгондо июнь айына чейин чектөөлөрдү албай турса жакшы болмок деген ойдо.

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Статистикага көз жүгүртө турган болсок коронавирус менен ооругандар азайган жок. Менин оюмча дагы көбөйөт. Эл чыдай турган болсо өзгөчө абал режиминин мөөнөтү дагы узармак. Азыр болсо ар кандай документ, маалымкат алыш керек экенин айтып, элди көчөгө чыгарбоонун айласын издеп жатышат», - деди эксперт.

Жалпысынан 12-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1037 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандары - 709 киши.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG