Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Бишкектен Нарынга дарыгерлердин үчүнчү тобу жөнөп кетти


Нарын облусуна жөнөгөн дарыгерлер.
Нарын облусуна жөнөгөн дарыгерлер.

Саламаттык сактоо министрлиги Нарын облусуна медицина кызматкерлеринин кезектеги, үчүнчү тобун жөнөттү. 14-майда Бишкектен Нарынга жети ыктыярчы дарыгер жөнөп кетти.

Алардын үчөө – акушер-гинеколог менен реаниматолог он күн бою аймактагы кесиптештерине жардам берип иштейт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук ооруканасына, дагы бирөө жана бир реаниматолог Ат-Башы районуна жөнөтүлөт.

Министрлик кабарлагандай, ар бир кызматкер тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыз болду, аларга кошумча маяна мыйзамга ылайык төлөнүп берилет.

Жалпысынан буга чейин Бишкектен аймактарга дарыгерлердин дагы сегиз тобу жөнөтүлгөн болчу.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 14-майга карата соңку бир сутка ичинде Нарында 15 адамдан коронавирус табылды.

Жалпысынан республика боюнча оору 1082 адамдан табылса, алардын ичинен 152 бейтап Нарын облусунда. Көбү Ат-Башы районунда – 77, Нарын шаарында 58, Жумгал районунда 14 жана Кочкор районунда үчөө.

Буга чейин Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылган. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев буга «коргонуу чараларынын сакталбаганы, этибар албагандык» себеп болгонун билдирген.

Мындан тышкары Нарын жергесинде 14 милиция кызматкеринин анализинен коронавирус табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG