Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:57

Евразия: Жалпы түрк тарыхынын методологиясы жана этностор аралык байланыштар


Археолог К.Табалдыев. Бишкек. 27.10.2016.
Археолог, профессор Кубатбек Табалдыев “Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары” аттуу эл аралык симпозиумда. КТМУ, Бишкек. 27.10.2016.

Жалпы түрк калктарынын (анын ичинен кыргыз улутунун) тарыхын изилдөөдөгү заманбап методологиялык усулдар алардын Евразиядагы түрк эмес калктар менен тарыхый карым-катнаштарын калыс жана терең изилдөө зарылчылыгын да өзүнө камтыйт. Тарыхчынын блогу.

Алгы сөз

XXI кылымдын алгачкы чейреги адамзаттын азыркыга чейинки тарыхындагы дүйнөлөшүү жүрүмүнүн туу чокусу болуп калды. Албетте, болочоктогу адамзат коомдорунун мындан да тыгыз ширелүүсү үчүн бүгүнкү тарыхый жүрүмдөр төмөн жакта калчу пайдубал гана болуп калаары шексиз.

Ошого карабастан, бүгүнкү маалымат технологиясындагы жана коомдук көз караштагы жетишкендиктер жана улам жаңы тагылып жаткан милдеттер ар кыл илимий тармактардагы буга чейин топтолгон көз караштарды жана методологиялык жалпылоо аракеттерин жаңыча карап чыгуу зарылчылыгын туудурууда.

Бир жагынан алганда, мурдагыдай бири-биринен обочолонгон дүйнөлүк саясий блоктордун саясий доктриналарынын чегинде гана методологиялык усул иштеп чыгуу тажрыйбасы эми өткөн чакта, ХХ кылымда калгансыды.

Экинчи жагынан алсак, тигил же бул мамлекеттин, диний же этностук топтордун же саясий партиялардын түшүнүктөрүнүн алкагында гана тарыхка жана маданиятка сересеп салуу далалаттары азыркы тапта да улантылып жатканын баамдоо кыйын эмес. Айрым өлкөлөрдө цензура үстөмдүгү азыркы тапта деле өкүм сүрүп жатат. Кээ бир өлкөлөрдө (маселен, Орусияда) бийликтер өздөрүнүн соңку геосаясаттагы үстөмдүкчүл саясатын актоо үчүн жалпы дүйнөлүк жана континенттик тарыхты бурмалоого далалат кылып жаткандыгы да жашыруун эмес.

Ошондуктан тигил же бул коомдук илимий тармактардагы методологиялык негиздерге жаңыча жалпылап кароо аракеттери азыркы учурда деле жалпы дүйнө жүзүндө чар-жайыт жүзөгө ашырылып келет жана бул жүрүм далайга чейин уланышы ыктымал.

Кыргыз тарыхынын методологиясын жаңыча иштеп чыгуу көйгөйү жалпы түрк элдеринин тарыхынын методологиясын иштеп чыгуу менен түздөн-түз байланыштуу.

Азыркы илимпоздор түрк тилдүү ар кыл өлкөлөрдүн тарыхнаамалык көйгөйлөрүн биргелешип талкуулашы керек. Бул жаатта алар баш кошуп, илимий шеринелер уюштурган учурлар да болду.

Маселен, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия өзүнүн 2015-жылдын кулжа (июн) айынын 19ундагы отурумунда тарых илиминин методологиясы жаатында атайын илимий жыйын уюштуруу тууралуу чечим кылган.

Бул чечимге ылайык, 2015-жылы жетинин (ноябр) айынын 27синде Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы жыйын залында Карахандар доорунун залкар ойчулу, акыны жана мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган «Түрк Евразиясындагы жалпылык жана өзгөчөлүк: Түрктөрдүн заманбап жалпы жана чөлкөмдүк тарыхынын методологиясынын көйгөйлөрү» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлгөн.

Бул эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйынга катышуу үчүн төмөнкү багыттарда баяндамалар кабыл алынган:

1. Түрк тилдүү мамлекеттерде жана автономиялык чөлкөмдөрдө тарых илиминин заманбап методологиясынын көйгөйлөрү

2. Этнология жана антропология: методологиялык көйгөйлөр

3. Түрктөрдүн мамлекеттүүлүк тарыхындагы методологиянын заманбап маселелери жана жаңыча ыкмалары

4. Жусуп Баласагындын мамлекеттик башкаруу тууралуу идеялары жана азыркы доор.

Бул шеринедеги макалалар атайын жыйнак болуп жарык көргөн.

(Караңыз: Түрк Евразиясындагы жалпылык жана өзгөчөлүк: Түрктөрдүн заманбап жалпы жана чөлкөмдүк тарыхынын методологиясынын көйгөйлөрү: Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары жана башка макалалар / Жооптуу ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: MaxPrint, 2015. – 310 бет, сүрөт. - “Мурас” фонду. - “Тарых жана мурас” түрмөгү. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту. - “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси. – ISBN -978-9967-12-525-5.)

Кыргыз жана түрк тарыхын методологиялык жактан кайра карап изилдөө аракеттери 1990-жылдардын биринчи жарымында “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” (орусча аталышы: “Ассоциация молодых историков Кыргызстана”) деп аталган чыгармачыл уюм тарабынан жүзөгө ашырылганын айта кетүү эп.

Бул чыгармачыл уюмдун жигердүү мүчөлөрү пост-советтик Кыргызстандагы Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы боюнча расмий окуу китептеринде жана башка ар кыл монографиялары менен макалаларында мурдагы коммунисттик идеологиялык чидерден, коомду тапка жиктеген көз караштардан эркин болгон илимий жоболорду сунушташкан.

1995-жылы жалган куран – кулжа (март – июн) айларында Түркиянын борбору Анкара шаарында орток түрк тарыхы боюнча лицейлер жана орто мектептердин жогорку класстары үчүн атайын түрк элдеринин орток тарыхы окуу китеби жазылгндыгын да эскере кетүү абзел.

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандан өкүлдөрү болгон атайын илимий-чыгармачыл топ Түрк Тарых Коому (Türk Tarih Kurumu) жана эгемен түрк мамлекеттеринин билим берүү министрликтеринин колдоосу астында бул окуу китептин текстин даярдаган. Бул үч ай жаңыча методологиялык мамиле тууралуу 1992–94-жылдардагы кеңири илимий-усулдук талкуунун өзүнчө бир жыйынтыгы болду десек жаңылышпайбыз.

Айрым мүчө мамлекеттердин билим берүү министрликтеринин ветосунун айынан бул окуу китеби жарык көрбөй калгандыгына карабастан, ал орток китеп долбоору түрк калктарынын тарыхын орток жазууга тарыхчылардын ниети да, мүмкүнчүлүгү да бар экендигин көрсөткөн.

2014-жылы Эл аралык Түрк академиясынын жетекчилиги астында түрк калктарынын байыркы доордон XV кылымдын башына чейинки тарыхы боюнча орто мектептер үчүн орток түрк тарыхы окуу китеби жазыла баштаган жана 2023-жылдын соңуна карата бул китеп адистердин эл аралык илимий-усулдук тобу тарабынан бир нече ирет илимий редакциялык таразадан өткөрүлгөн.

Бул жалпы түрк тарыхы боюнча орток окуу китеби Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын билим берүү министрликтери тарабынан тастыкталды. Эми аны бул мамлекеттердин президенттери жалпы саммит маалында жактыруусу гана күтүлүүдө.

Бул баалуу илимий-агартуучулук китеп долбоорун жүзөгө ашыруудан мурда жана ага удаа, башкача айтканда, 2012–2023-жылдары, Казакстанда жана Түркияда Эл аралык Түрк академиясы жана тийешелүү өлкөлөрдүн билим берүү министрликтери тарабынан жалпы түрк тарыхынын методологиясы жаатында эл аралык илимий жыйындар жана талкуулар жүзөгө ашырылгандыгын белгилей кетүү зарыл.

Маселен, 2015-жылы тогуздун (октябр) айынын 13үндө Алматы шаарында “Борбордук Азиядагы тарыхнаама жана булактар: Өтмүш, азыркы чак жана болочок тууралуу жаңы саамалыктар” деп аталган эл аралык симпозиум өткөрүлгөн. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Орусия (Татарстан), Өзбекстан жана Түркиянын илимпоздору катышкан.

Мындан башка да методология жаатында эл аралык илимий жыйындар өткөрүлгөндүгү белгилүү.

Мисалы, 2001-жылы Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында “Кыргызстан–Сорос” корунун каржылык демөөрчүлүгү менен Борбордук Азия калктарынын тарыхынын методологиясы жаатында эл аралык илимий жыйын өткөрүлгөн.

Аны уюштурууга азыркы “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин бир катар жигердүү мүчөлөрү уюштуруучу катары өз салымдарын кошкон.

Мурдагы марксисттик методология постсоветтик түрк өлкөлөрүндө расмий четке кагылды

Жалпысынан алганда, пост-советтик түрк мамлекеттеринде мурдагы марксисттик методологиялык үстөмдүк четке кагылгандыгы айгинеленди.

Ошону менен бирге бул эски методологиялык көз караштар системасынын калдыктары атавизм сыяктуу дагы эле байкалып жаткандыгы маалым.

Биринчи кезекте, орус тилдүү адабияттагы совет доорундагы этнографиялык жана этнологиялык терминдер дагы эле кеңири колдонулуп жаткандыгы байкалат. Анын мисалы – орусча “элдүүлүк” (“народность”) түшүнүгү. Бул термин аркылуу орус улутунан башка бир катар этносторду айырмалап, алардын деңгээлин жасалма бөксөртүп белгилеп, совет доорунда гана алардын айрымдары социалисттик улут деңгээлине чыккан, ага чейинки коомдордо мындай орус эмес элдер “элдүүлүк” деңгээлинде гана кала беришкен деген жоромол, чын-чынында, “улуу орус эли” деген шовинисттик түшүнүккө гана кызмат кылган.

Анын кесепети азыр да тийип жатат: 1916-жылкы Кыргызстандагы улуттук-боштондук көтөрүлүштү “элдик көтөрүлүш деп айтууга гана болот, анткени кыргыздар улут боло элек болчу” деп эскиче көз карашта баалаган илимпоздорубуз да арабызда жок эмес.

Түркияда дагы методологиялык жаңылануу жүрүмү орун алууда

Методологиялык жаңы мамиле Түркиянын заманбап тарыхнаамасына да тийешелүү.

Мурдагы доордо, XX кылымда, Түркияда бир гана түрк улуту бар, калган түрк калктарынын тилдери – тек гана диалект (lehçe) болчу деген түшүнүк өзгөчө үстөмдүк кылган.

Эми болсо түркиялык илимпоздордун арасында түрк этносторунун тилдерин жана маданиятын өз алдынча уникалдуу көрүнүш катары баалагандар да арбыды.

Албетте, бул маселе Түркияда XX кылымдын 20–30-жылдарындагы жумурияттык багыттагы жаңыча улуттук мамлекетти куруу жана аны чыңдоо көйгөйлөрүнө тикелей байланыштуу каралгандыктан, илимпоздор мамлекеттик мекемелердин көмүскө тапшырыктарынан эркин болгон көз караштарын билдирүүсү талап кылынды.

Бул өлкөдөгү салыштырмалуу сөз эркиндиги атаандаш пикирлерди жарыялоого мүмкүндүк жаратууда.

“Түрк тилдүүлөр” термини илимде сакталып кала бериши керек

Азыркы тапта “түрк” политоними (этнорстук аталыштан кеңири этно-саясий аталышка көчкөндө пайда болгон аталыш) тууралуу ар кыл талаш-тартыштар айтылып келет.

Бүгүнкү Түркия сактап калган “түрк” этноними (Turk, Turkish) менен жалпы түрк калктарына таандык “түрк” этнополитонимин англис тилинде (Turk, Turkic) айырмалап көрсөтүп келишет. Буга нааразы болгон айрым анатолиялык кесиптештер да бар.

Бирок бул – тарыхка кыйла тактык киргизүү аракети. Анткени азыркы Түркиядагы түрктөр – негизинен сунний мусулмандар. Ал эми жалпылама “түрк” сөзү Евразиянын ар кыл чөлкөмдөрүн байырлап жаткан жана эч качан исламга кирбеген түрк жамааттарын да камтыйт. Бул сөз эзелтеден Фергананы байырлаган жана өзүн азыркы түркиялык түрктөргө – огуз түрктөрүнө кошпогон этносту да түшүндүрөт.

Огуз эмес чыгыш жана түндүк-батыш түрк калктары да бул сөз аркылуу кеңири түрк тилдүү жамаатты туюнтушкан.

Мусулман түрк элдери үчүн орток мамлекеттер

Теңир-Тоодо ислам динин ыктыярдуу кабыл алган Карахандар каганатында көчмөн чигилдер саясий үстөмдүк кылганы менен, жалпы мамлекеттик тилди “хаканиялык түрк тили” деп аташып, “түрк” сөзү Улуу Түрк кагандыгындагыдай эле жалпылама саясий-этностук аталыш (политоним) болуп кызмат кыла берген.

Караханийлик доордун залкар ойчулдары Жусуп Баласагын жазган “Кутадгу билиг” (1069-1070) жана Махмуд Кашгари Барскани жазган “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” - “Дивану лугати-т-түрк” (1072-1077) эмгектеринен деле түрк этносторунун жалпылыгын арап жана фарсы тилдүү калктарга теңтайлашкан бирдиктүү улуттук жалпылама аталыш катары туюнткан “түрк” политонимин учуратабыз.

Мавераннахрда эмир Темир курган мамлекетте дагы “түрк” сөзү ар кыл түрк тилдүү этносторду жалпылаган орток политоним болгон. Муну “Темирдин түзүктөрү” деген эмир Темирге таандык кылынып кийинчерээк жазылганы жоромолдонгон эмгектен деле, Улугбектин, Захир ад-Дин Бабурдун чыгармаларынан деле көрө алабыз.

Осмон султандыгын дагы Батыш Европада “түрк мамлекети” деп атай беришкен. Демек, мында жалаң гана огуздар эмес, башка да түрк этносторунун топтору байырлашкандыгын бул политоним кыйыр чагылдырып турат.

Көп этностуулук кыртышын таануу

Дагы бир маанилүү түркологиялык өңүттү айта кетүү абзел. Бул – көп этностуулуктун тарыхый кыртышына калыс мамиле өңүтү.

Кыргызстанда жалпы кыргыз улутунун кылымдар карыткан этностук карым-катнаштарынын бай тарыхы саясатчылар, тарыхчылар, этнографтар, түркологдор жана башка адистер тарабынан ар тараптуу иликтенип келет. Бул иликтөөнүн зарылчылыгы – кыргыздар эзелтеден эле башка коңшу элдерден обочодо бөлүнүп калбастан, жакын коңшулары менен да, алыскы Чыгыш-Батыш менен да тыгыз маданий карым-катнашты ырааттуу түрдө өнүктүрүп келгендигин таануу менен байланыштуу.

Демек, учурдагы кыргыз тарыхчылары менен этнографтарынын олуттуу изилдөө багыттарынын бири – көп этностуу Кыргызстан калкынын комдук-саясий, маданий, диний, жана башка акыбалын этностор аралык мамилелерди изилдөөнүн кыртышында чагылдыруу болуп саналат.

Ушул өңүт – жалпы эле түрк калктарынын тарыхындагы өзгөчө назар салууну талап кылган маселе. Борбордук Азиядагы тээ байыркы отко табынган доорлордогу, ошондой эле евразиялык скиф маданиятына таандык заттык жана көркөм өнөр эстеликтерин жалаң гана түрк тилдүү калктардын же аларга тарыхый коңшу болгон инди-европалык элдердин биринин гана энчисине бир тараптуу ыйгарып салуу аракеттери эми өткөн чакка гана калтырылууга тийиш.

Антропологиялык жана башка иликтөөлөр б.з.ч. II жана I миң жылдыктарда эле байыркы түрктөрдүн бабалары Евразиянын кеңири аймагында байырлап, тилдери жакын болгону менен, расалык кебете-кешпири ар кыл болгонун тастыктап жатат. Демек, мурдагыдай прототүрктөрдү жалаң гана монгол сымак (монголоид) катары элестетүү аракеттери эски болуп калды.

Жалпы алтай таануу өңүтү

Түрк элдеринин тарыхын изилдөө жалпы алтай тил тобунун анык жана гипотетикалык өкүлдөрүнүн орток тарыхый маселелерин биргелешип иликтөө усулдарын камтууну талап кылат.

Орусиянын Алтай чөлкөмүнүн (крайынын) борбор шаары Барнаулда жайгашкан Алтай мамлекеттик университети 2018-жылдан бери “Кең Алтай” илимий долбоорун кыргызстандык, казакстанлык, өзбекстандык ж.б. университеттер (анын ичинен Кыргыз улуттук университети), академиялык мекемелер, орусиялык жана башка өлкөлөрдүн илимий мекемелери менен биргеликте жүзөгө ашырууда.

(Караңыз: Летопись тюркской цивилизации. Том 1. Тюркский мир в VI–XII вв. / отв. ред. В.И.Молодин, С.В.Землюков; Министерство науки и высшего образования РФ, Алтайский государственный университет, Научно-образовательный центр Алтаистики и тюркологии «Большой Алтай». — Барнаул: Изд-во Алт. ун-та, 2023. — 480 с. – ISBN 978-5-7904-2773-2.)

Тил илимин алсак, алтай тил түркүмүнө (ага түрк, монгол, тунгус-манчжур, корей, жапон сыяктуу агглүтинациялык тилдер кирээри жоромолдонот) кирген байыркы тилдер менен урал тилдер түркүмүндө (ал финн-угор жана самодий тилдик бутактарына кирген топтордон куралган) сүйлөгөн байыркы калктардын өз ара алакалары да бул элдерди чагылдырган жазма тарыхтан алда канча эрте орун алганын, бул жаатты изилдөө ырааттуу жүргүзүлбөй жатканын айта кетүү эп.

Эл аралык туруктуу алтаистика жыйыны (Permanent International Altaistic Conference, PIAC) сыяктуу айрым гана эл аралык шеринелер бул маселени изилдөө үчүн ырааттуу платформа болуп келишет.

Түркиялык таанымал профессор Илхан Шахин (İlhan Şahin) жана башкалар “Алтай [этностук] жамааттары” (Altay Communities) деген аталыштагы алтай таануу багытындагы эл аралык илимий жыйындардын түрмөгүн уюштуруп келишти.

Бул шерине дагы алтай таануу жаатындагы орток көйгөйлөрдү талкуу кылган дурус пайдубал (платформа) кызматын аткарды.

Урал-Алтай жалпылыгын иликтөө

Тарыхчылар ар башка илимий тармактардын өкүлдөрү менен шериктешип изилдей турган өңүттөр жалпы урал-алтай тил тобунун элдеринин өтмүшүн иликтөө менен байланыштуу.

Евразиянын талаа алкагындагы жазма маданият жок кездеги б.з.ч. II миң жылдыктагы журт которуулар, этностор аралык өз ара мамилелер заманбап технология ыкмаларын жигердүү колдонууну талап кылган археологиялык, антропологиялык, краниологиялык, генетикалык ж.б. кыйыр жолдор менен гана иликтенет.

Айрым музыка таануучулар, маселен, кээ бир чыгыш түрк калктарындагы (маселен, кыргыздардагы) музыкалык тондук өзгөчөлүктүн европалык музыкалык өзгөчөлүктөргө шайкештигин дал ошол эрте цивилизациялык жүрүм жазма тарыхта каттала элек доорлордогу Сибирден Батыш Европага чейин орун алган журт которуулардын жана өз ара этностук алакалар менен тыгыз карым-катнаштын изи катары кабылдашат эмеспи (бул жаатта музыка таануучу Тэд Левин менен баарлашкан элек).

Негизинен, тил жана тарых илимдеринин адистиктерин бири-биринен обочо өнүктүрүүнүн кесепети – бул илимдердеги тармактар аралык изилдөөгө тийди десек болот. Болочокку түркология жана урал-алтай таануу үчүн бул өксүктү толтуруу зарылчылыгы бар.

Урал-алтай тилдеринен тышкаркы тилдерде сүйлөгөн тарыхый коңшулар

Жалпы Евразиянын урал-алтай тил тобундагы (анын ичинде түрк тилдүү) калктарынын тарыхын жалпылап жазууда этнологдорубуз эсинен эч качан чыгарбай турган жагдай – эзелтеден эле жалпы Евразия аймагынын бардык чөлкөмдөрү бир гана тилде же бир гана тилдер тобунда сүйлөгөн этностор менен чектелбегендиги.

Ошондуктан кайсы бир этнос кайсы аймакта саясий үстөмдүк кылбасын, баары бир бул этнос тили таптакыр башка болгон бир катар тарыхый коңшулары менен дурус ымала түзүү аркылуу гана өз мамлекетинин узак мөөнөттүк өкүм сүрүшүн камсыз кылган.

Түштүк Шиберди алсак, Энесай Кыргыз каганатында, маселен, кыргыздардан башка этносторду “кыштым” деп аташкан жана Кыргыз мамлекети бул этносторду да өз саясына алып, коргоп турган. Бул “кыштым” делген этностордун арасында урал тилдер тобуна кирген самодий тилдеринде сүйлөгөн далай этностордун өкүлдөрү да болгон.

Айрым түндүк түрк калктарынын сөз кампасында самодий тилдеринин издери байкалгандыгы дагы бул элдердин ортосундагы көөнө замандардагы ар тараптуу карым-катнашты чагылдырып турат.

Индоевропалык, кытайлык ж.б. элдер менен тарыхый алакалар

Түрк калктары Евразиядагы ханзу (кытай), тибет, тангут, ж.б. элдер сыяктуу эле, ар кыл индоевропалык тилдерде сүйлөгөн калктар менен дагы тарыхый коңшулаш жашашкан.

Ханзу эли гана эмес, Кытайдын батышындагы бир кездеги Тибет жана Тангут мамлекеттеринин калктары, да түрк элдери менен карым-катнашта болгондугун XI кылымдагы даанышман бабабыз Махмуд Кашгари Барскани жазып калтырган “Дивану лугати т-түрк” – “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” (1072–1077) эмгегинен таасын билебиз.

Мухаммед Ху Чжэнхуа (солдо), Сакен Өмүр жана залкар Жусуп Мамай. КЭР.
Кытайлык кыргыз таануучу жана дунган таануучу Мухаммед Ху Чжэнхуа (солдо), кытайлык кыргыз айдыңы Сакен Өмүр (ортодо) жана залкар манасчы Жусуп Мамай. КЭР. Архив.

Түрк элдеринин айрым топтору (анын ичинен кыргыздар дагы) кытайлардын (ханзулардын) ичинен бөлүнүп чыккан мусулман дунгандардын этнос катары келип чыгышына да өбөлгө түзгөндүгүн бээжиндик профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа сыяктуу аалымдар белгилешет.

Махмуд Кашгари Барскани өз “Диванында” индиялык дары-дармектердин аталыштарын да эскерет, андан тышкары парсы эли жана согдактар менен түрктөрдүн тыгыз байланыштарын чагылдырат.

Кыргызстанда согду жазмасындагы таш эстеликтери (маселен, Талас өрөөнүндөгү Кулан-Сай жергесинде) бүгүнкү күнгө чейин сакталган.

Кыргызстанда сакталып калган несторийчи (тарса) христиандарынын бейит таштарындагы жазмалар аркылуу сириялык (ассириялык) элдер менен жергиликтүү түрктөрдүн алакалары болгондугун билебиз.

Парсы адабиятынын классиги, акын Абдурахман Жами (1414–1492) орток чагатай түрк тилинде чыгармалар жазган Алишер Навайи (орусча Навои; бул адабий ысым “музыка ыргагынын (мелодиянын) ээси” дегенди туюнтат) менен замандаш жана дос болгон.

Жами өз досунун “түрк” экенин мындайча баса белгилейт: “Ал өзү түрк болгонуна жана менин тегим фарсы экенине карабастан, биз бири-бирибизге ымалалашпыз”.

Кыргыздар өз мамлекетинин алкагында жана өз өлкөсүнө коңшу байырлаган башка этностор менен саясий ынтымагын чыңдап келгендиги “Манас” дастанында кыргыз ханы Манас башка этносторду өзүнүн куралдуу күчтөрүнө кошкондугу, теги башка баатырларды үзөңгүлөш катары колдонууну эч качан өөн көрбөгөндүгү, буга демейдегидей көрүнүш катары мамиле кылганы тууралуу дастандык сюжеттер аркылуу айгинеленет. Манаска үзөңгүлөштөрдүн арасында теги кытай (Алмамбет), казак, ногой, башкыр, өзбек, ж.б. кейипкерлер бар.

Чыгыш Теңир-Тоодо, Тарим ойдуңунда, ошондой эле Памир жана Фергана аймактарында да кыргыздар башка этностор менен бирге ар кыл мамлекеттерде чогуу жашаган, бул мамлекеттердин эгемендигин чыңдоо үчүн күрөшкөн. Мындагы бир катар индоевропалык тилдерде сүйлөгөн этностор б.з. экинчи миң жылдыгынын биринчи жарымында биротоло түрктөшүп кетишкен.

Чыгыш Европада түрк калктары угор-финн жана чыгыш славян калктары менен Хазар, Булгар каганаттары, Алтын Ордо сыяктуу бирдиктүү мамлекеттердин алкагында камыр-жумур байырлашкан. Чыңгыз хандын дөөлөтү, Алтын Ордо, Чагатай, Кытайдагы Юан сулалеси сыяктуу мамлекеттерде түрк элдери ненен монгол тилдүү элдер бири-бирине таянышкан.

2014-жылдын октябрынан тартып Бишкек шаарында уюштурулган, ал эми 2015-жылы Ош шаарында, Талас өрөөнүндө уюштурулган “Немистер Кыргызстандын тарыхында” деген этнографиялык көргөзмө абдан дурус маданий саамалык болуп калды. “Роза Отунбаеванын демилгеси” кору башка демөөрчүлөр менен биргелешип уюштурган бул көргөзмөдө этностук азчылыкты түзгөн немистер Кыргызстанды илимий изилдөөдө, анын экономикасын, илимин, маданиятын өнүктүрүүдө көөнөргүс салым кошкондугу фактылардын негизинде таасын чагылдырылат.

Дал ушул өрнөк аркылуу Кыргызстандагы казак, өзбек, татар, башкыр, түрк, саха, дунган, корей, орус, украин, беларус, жөөт, тажик, чех, словак, мажар жана башка этностордун мамлекетибизди өнүктүрүүдөгү салымдары, алардын этностук-маданий турмушунун өзгөчөлүктөрү иликтениши керек.

Бул усул – башка да түрк мамлекеттериндеги тарыхчылар жана башка түркологдор үчүн олуттуу мааниге ээ.

Мунун бардыгы эзелтеден эле бир мамлекетке баш кошкон ар кыл этносторду биримдикке тартуу тажрыйбасы Евразиянын коомдук тарыхында ырааттуу орун алып келгенин жана мындай этностук ар түрдүүлүктү эске алуу менен калыс тарых жазуу зарылчылыгын айгинелейт.

Тыянак иретинде

Кыскача корутундуласак, ар бир этностун тагдырын ар тараптуу изилдөө – заманбап түркологдордун жана кыргыз этнолог адистеринин комплекстүү илимий изилдөө темаларынан болушу ылаазым. Бул көйгөйлөр изилдөөнүн башкы мерчеми катары кабыл алынган тийешелүү этностун гана эмес, аны менен карым-катнаш түзгөн башка этностордун дагы тарыхын, этнографиясын, маданиятын, тилин, этностор аралык карым-катнаштарын кеңири иликтөө зарылчылыгын өзүнө камтыйт.

Эл аралык кызматташтык түрколог жана тарыхчы окумуштуулардан илимий жоромол сунуштоодо жана бүтүм чыгарууда ар дайым тигил же бул өлкөдөгү бийликтердин убактылуу же туруктуу саясий конъюнктурасынан жана цензурасынан бийигирээк жана эркин болууну талап кылат.

Эң башкысы – жаңы муундагы түрколог, кыргыз таануучу жана тарыхчы илимпоздор түрк калктарынын жалпы тарыхын жана орток методологиялык көйгөйлөрүн калыс иликтөө үчүн улам жаңы методологиялык усулдарды жана системаларды түзүү аракеттерин улантары айдан ачык.

Тарыхый чындыкты бурмалабаган, калыс, акыйкат натыйжага жетүү үчүн аларга тарыхыйлуулук принциби ар дайым өбөлгө болоору шексиз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG