Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

Казакстан: Эвакуация болгондордун 38,5 миңи үйүнө кайтты


Казакстан. Суу каптаган айыл.
Казакстан. Суу каптаган айыл.

Казакстанда сел каптап, дарыялар ташыган аймактардан эвакуация болгондордун 38,5 миңи үйүнө кайтканын 29-апрелде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эвакуациялык пункттарда дагы 7 миңге чукул адам бар.

23-апрелде казак өкмөтү суу каптаган аймактардан жалпысынан 120 миң киши башка жактарга чыгарылганын, алардын 44 миңи балдар экенин кабарлаган.

Азыркы тапта Атырау облусунда Жайык дарыясындагы суунун деңгээлине мониторинг жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Коргоо министрлигинин Батыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарына эвакуациялоого жардам берүү, селдин кесепетин жоюуга жардам берүү үчүн Алматыдан, Караганда облусунан жөнөтүлгөн аскерлеринин жана техникалык каражатынын бир бөлүгү туруктуу жайгашкан ордуна кайтып жатканы кабарланды.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан, Костанай жана Павлодар - жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. 120 миңдей киши эвакуацияланган, 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган.

Дарыялар ташкындап, суу кирген аймактарда каза болгондор кеминде жети киши экенин 18-апрелде өлкөнүн ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев тастыктаган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG