Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Орусиянын Карачай-Черкес аймагында полиция кызматкерлери кол салуудан каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын курамындагы Карачай-Черкес республикасында 29-апрелге караган түнү жол-кайгуул кызматына караштуу бекетке кол салуу болуп, эки кызматкер каза тапканын, дагы төртөө жараат алганын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жергиликтүү башкармалыгы билдирди.

Кол салгандар бекетке жардыргыч зат ыргытып, автомат менен аткылашканы, өзүлөрү (беш киши) ошол жерден жок кылынганы маалымдалды. Каза болгон милиция кызматкерлери Курган облусунан убактылуу жөнөтүлгөндөр экени белгилүү болду.

Орусиянын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы «укук тартибин коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу, курал-жарак жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүрүү» деген негизде кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кол салгандар “22-апрелде полиция кызматкерлерине кол салгандар” деп аныкталды.

22-апрелде Карачаевск шаарында патрулдук-нөөмөт кызматынын өкүлдөрүнө кол салуу болуп, эки киши каза тапкан. Алар полиция кызматкерлеринин куралын, Калашников автоматын ок-дарысы менен кошо алып кетишкени кабарлаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG