Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Атбашылыктар анализге каршы чыкты


Ат-Башы району. 27-апрель, 2020-жыл.
Ат-Башы району. 27-апрель, 2020-жыл.

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургундары коронавируска байланыштуу айылда кыймыл чектелип жатканына нааразы болуп жыйын өткөрүштү. Алар коронавируска элден жапырт анализ алганга каршы болуп жатышат.

Ачакайыңдылыктардын нааразылык жыйыны 9-май күнү айыл өкмөттүн алдында болду. Райондук бийликтин маалыматы боюнча ага 50-60дай киши катышкан.

Чогулгандар район аймагында киргизилген өзгөчө абал жана карантин режими жазгы талаа иштерине жолтоо болгонун айтышты.

Ача-Кайыңды айылынын Айбек аттуу тургуну айыл өкмөттүн кызматкерлери элге туура эмес маалымат берип жатат деп эсептейт.

Ача-Кайыңды айылы.
Ача-Кайыңды айылы.

«Биз карантинге каршы эмеспиз, - деди ал. - Болгону айыл өкмөттүн ишине нааразы болуп чыктык. Анткени алар элге туура маалымат жеткирбейт жатат. Мисалы, «айылдагы бир тургундан вирус чыкты» деп айтып, бирок экинчи анализи таза болуп жатканы күмөн ойду жаратууда. Ушундан улам биз айылда кыймылдай албай калдык. Талаага барайын десең милиция кармайт. Мал айдайын десең да милиция кармайт».

Ача-Кайыңды айылында беш миңден ашык киши жашайт. Учурда анда COVID-19га чалдыккандардын саны 35 кишиге жетти. Ушундан улам бул айылдагы ар бир кишиден коронавируска анализ алынмак. Бирок ачакайыңдылыктар буга каршы болуп жатышат. Мунун себебин айылдын дагы бир тургуну Мира Абылгазиева мындайча түшүндүрдү:

«Кечээ «анализ алабыз» деп дарыгерлер келишти. Биз элдин баарынан алат экен деп коркуп, «анализ бербейбиз, анализ берсек эле оору аныкталды деп чыгара беришет экен» деп каршы болдук».

Айылдыктардын арасындагы мына ушул сыяктуу талаш-тартыштар аларды жыйынга чогулууга жеткирген экен. Айылдын атын атагысы келбеген тургуну эл арасында айтылып жаткан такталбаган маалыматтар элди дүрбөлөңгө салып жатканын айтты.

Ат-Башы райондук ооруканасы.
Ат-Башы райондук ооруканасы.

«Бизге «оору бар, бирок симптом жок» деп атышат. Коронавируска чалдыккандар «дары ичкен жокпуз» дешет. Кээ бири «атбашылыктардын иммунитети күчтүү, ооруну тоготпойт» дейт. Андай болсо атбашылыктар башка оору менен оорубайт эле да. Кыскасы башыбыз айланып калды».

Ача-Кайыңды айылында COVID-19 илдетинин алгачкы учуру апрель айынын башында чыккан. Анда оору өлкөнүн түштүк аймагына диний үгүткө барып келген дааватчыдан чыкканы айтылган. Ушундан улам «нааразы болуп, карантин шартына каршы чыккандар жана анализ тапшыруудан баш тарткандар - булар дааватчылар» деген кеп тарап жатат.

Ат-Башы райондук ооруканасынын башкы дарыгери Илим Бейшеналиев буларга токтолду:

Ат-Башы району.
Ат-Башы району.

«Биз бир адамдын же бир топтун эле кызыкчылыгынан жалпы коомдун саламаттыгын өйдө коюшубуз керек. Эч ким элдин саламаттыгына коркунуч келтирбеши керек. Ал эми «анализ бербейбиз, каршыбыз» дегендер - көпчүлүктө айтылган сөз. Тийиштүү кишилер келип анализ тапшырып кетип жатат. «Жатпайбыз» деп ызы-чуу чыгаргандар дене табы көтөрүлүп, ооруганда өздөрү эле келип жатышат. Алар вирус жугузуп албайын деп балдарын, туугандарын ойлошот да. Анан «вирус жок, бул саясат» дегендерге айтар элем: Ат-Башыда коронавируска чалдыккандардын 30% медицина кызматкерлери. Арасында башкы дарыгерлер да бар. Учурда Ача-Кайыңды айылынын бир тургуну оор абалда жатат. Ага төрт кычкылтек аппаратынын алы жетпей, беш кычкылтек аппараты менен дем алып жатат. Ал бүгүн-эртең ИВЛ аппаратына кошулуп калышы ыктымал. Бир айдан бери вирус жуккандарды дарылап жатабыз. Ал арада башка оорулууларга көңүл бурулбай калды. Ушунун баары кимге керек эле?»

11-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда митинг, жыйындарды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди. Маалыматка караганда, Ат-Башыда эпидемиологиялык абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөттөргө бир катар тапшырмалар берилди.

Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров эл арасында түшүндүрүү иштери жүргөнүн, жазгы айдап-себүү иштерине карантин тоскоол болбогонун айтты:

Нурбек Сатаров.
Нурбек Сатаров.

«Карантин айдап-себүү иштерине эч кандай залакасын тийгизген жок. Санитардык посттордон үрөн, күйүүчү май, айыл чарба техникасы тоскоолдуксуз өтүп жатат. Түнкү сугат иштери жүрүп жатты. Балким тартип бузган трактордун айдоочулары кармалышы мүмкүн. Бирок алар жөө жүргөндө кармалды. Учурда элге туура түшүндүрүү иштери жүрдү. Абал туруктуу».

11-майда республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу бар экенин билдирди. Абылгазиев жарандарды социалдык тармактарда тарап жаткан ар кандай кептерге ишенбөөгө чакырды:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда «коронавирус оорусу жок, бул ойлонуп табылган нерсе, ал эми бийлик жарандарды негизсиз үйдө отурууга мажбурлоодо» деген сыяктуу талкуулар жүрүүдө. Мен кыргызстандыктарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырам! Эгерде бул дарт жок болсо, андан каза тапкандар да болмок эмес. Тилекке каршы, биз бир медициналык кызматкерден айрылдык».

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды себепсиз үйдөн чыкпоого, беткап кийүүгө жана башка санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Кыргызстанда баскыч-баскычы менен чектөөлөр жеңилдеп, 11-майдан тартып ири шаарлардагы жана Нарындагы, Ат-Башыдагы өзгөчө абал режими алынары, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал сактала берери кабарланган.

Нарын облусунда илдет жуккан 127 кишинин 77си Ат-Башыда жашайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG