Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Сузакта жер көчкү тазаланып, жол ачылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. 29-апрель, 2024
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт. 29-апрель, 2024

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 28-апрелде саат 19.40 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына карашту Калмак-Кырчын - Канжыга жолуна жер көчкү түшкөн. Сүрүлгөн жер көчкү жылып, саат 20:30дар чамасында Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдик жолунун 364-чакырымына жеткен. Жол саат 01:00дө убактылуу жабылып, нөөмөт уюштурулду.

Учурда министрликтин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын адистери жеринде тиешелүү жумуштарды жүргүзүүдө.

Болжол менен көчкүнүн көлөмү 150 миң м3, анын ичинен Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдик жолуна сүрүлүп түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 1200м/куб түздү.


Жолдогу кооптуулукту жоюуга "Чайна Роуд" ишканасынын алты инженердик оор техникасы тартылып, тазалоо уланып жатат.

Апрелде аба ырайына байланыштуу өлкөнүн бир катар айылдарында сел жүрүп, айрым аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кыргызстан - тоолуу өлкө. Жыл сайын күн жылып, жамгыр башталганда сел жүрүп, жер көчөт. Кыргызстанда жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарына тиешелүү. Бул аймактарда адам өлүмүнө алып келген жер көчкүлөр бир нече жолу катталган. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG