Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Кыргызстанда үч айда 13 эне кош бойлуу кезинде жана төрөт учурунда каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери 13 эне төрөт учурунда жана кош бойлуу кезинде каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева мекеменин электрондук борборундагы маалыматтарга таянып билдирди. Анын айтымында, быйыл энелердин өлүмү салыштырмалуу көп катталган. Былтыр үч айда 10 учур катталса, 2022-жылы 12 эне каза болгон.

  • Ош шаарында 3-апрелде 30 жаштагы дагы бир келин төрөттөн каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, келин 25-мартта оор абалда Ош шаардык перинаталдык борборуна түшүп, 33 жумалык ымыркай операция жолу менен алынган. Эне 3-апрелде өзүнө келбей каза тапкан.
  • 23-мартта Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 18 жаштагы келин төрөттөн көз жумган. Анын өлүмү боюнча иликтөө башталган.
  • 12-февралда Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасында тогузунчу төрөтүндө 36 жаштагы Гүлмира Мамбетова каза болгон. Анын жакындары дарыгерлерди күнөөлөп жатат. Милиция Мамбетованын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
  • 3-январда Талас районундагы Каракойчу Токтогулов атындагы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 23 жаштагы келин, 14-январда Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган. 5-февралда Бишкектеги №4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево операциясы учурунда каза тапкан.


Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 41, 2023-жылы 38 аял төрөттөн каза болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG