Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Соцтармактарда опуза менен жалаа күчөдү


Кийинки күндөрү саясатчыларды, жалпыга маалымдоо каражаттарын социалдык тармактар аркылуу ар кандай мүнөздө коркутуп-үркүткөндөр көп болуп жатат.

Мындай учурлар өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун соцтармактагы билдирүүлөрүнөн кийин күчөгөнүн айрым саясатчылар, журналисттер белгилешүүдө. Садыр Жапаров соңку билдирүүсүндө конституциялык реформага каршы чыккандарга карата ачуу пикир жарыялаган.

21-ноябрда «Ата Мекен» партиясынын Бишкектеги штабына белгисиз кишилер келип ызы-чуу салды. Партия мүчөлөрүнүн айтымында, алар «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев Конституциянын жаңы долбоорунун авторлорун «Азаттыктын» эфиринде сындаганы үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.

Алар 15 мүнөттөй кыйкырып туруп, тарап кетишкен. Штаб кызматкерлери тараткан видеодо айнек эшиктин сыртында бир канча адам турганын көрүүгө болот.

Ушул күндөрү социалдык тармактарда ушуга окшогон опуза, ар кандай жалаа боюнча арыздангандар көбөйдү. Алардын бири - журналист Канышай Мамыркулова. Көчөдө баласы менен кайыр сурап отурган аялдын сүрөтүнө Мамыркулованын бети чапталган фотошоп «Фейсбукта» таратылып жатат. Журналисттин Конституциянын долбоору тууралуу пикирин сындап, аны душман катары сыпаттаган билдирүүлөр да тарады. Мамыркулова мындай маалыматтарды тараткандарды сотко берерин билдирди:

Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

«Саясатчылар «социалдык тармакта жазгандардын бизге тиешеси жок» деген шылтоо менен ар кимди курал кылып, каалаган адамды жаманатты кылып келатышканына көп болду. «Фейсбукта» жазгандарга болсо акча төлөп турушат. Бул коомду экиге бөлөт. Муну Кыргызстандагы убактылуу бийлик эске алышы керек. «Адамдарды жалдап алып каалаганымды жасайм» дегендер жаңылышат. Бийликке келе турган адам, анын тарапташтары ар кимдин сүрөтүн жасап, адамдын керт башына асылганы туура эмес».

Саясатчылар, жарандык активисттер менен журналисттер социалдык тармактардан коркутуп-үркүткөн ондогон каттар келип жатканын жарыялашты.

Мындай опуза премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун билдирүүлөрүнөн кийин көбөйгөнү айтылды. Ал сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорун сындап жаткандарга 20-ноябрда «Инстаграмдагы» баракчасында жооп берген. Анда долбоор жалпы элдин кызыкчылыгын коргогон Баш мыйзам экенин жазып, ага каршы пикир айткандарды «жүзү кара акмактар» деп тилдеген. Жапаров буга чейин да реформа жасоого ар кандай түрдө бут тосулуп жатканын айткан эле.

Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыккан саясатчы Клара Сооронкуловага да социалдык тармактан сөгүп, коркуткан каттар келген. Ал мындай коркутууга мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек деп эсептейт. Сооронкулова саясатчылардын ачууга алдырып сүйлөгөн сөздөрү анын тарапташтарын козутуп, мыйзамсыз иштерге түртөрүн эскертти:

«Адамдар пир тутуп жүргөн саясатчылар - өз тарапкерлерине үлгү. Ошондуктан элдин назарында болгондон кийин өзүңдү маданияттуу алып жүрүш керек. Өзгөчө расмий билдирүүлөрдү таратардын алдында ойлонуш керек. Демократиялуу өлкөдө сөзсүз оппозиция болот. Бийлик оппозицияны сыйлайт. Мындай саясий күчтөрдүн болушу - демократиянын белгиси. Каршы пикир айткандарды бийлик тилдеп, каргап-шилебей, ага татыктуу жооп берип, өзүнүн тарапташтарын ынандырыш керек. Саясатчылар, өзгөчө президент болом дегендер. Анан жөн эле «булар жүзү каралар» деген сөздөр адамдын деңгээлинин төмөндүгүн далилдейт. Ошондуктан саясатчылар саясий маданияттын үлгүсүн көрсөтүшүбүз зарыл».

Кыргызстанда социалдык тармактардагы кайым айтышуу, каралоо адатта ар кандай саясий жараяндардын тушунда күчөйт. Эксперттер калктын медиа сабаттуулугу төмөн болгондуктан көбү Интернеттеги такталбаган ушак-айыңдарга ишенип, анын артынан ээрчип кетерин белгилешет. Алар мындай маалыматтар, коркутуу көбүнчө фейк-аккаунттардан таратыларын, ушундан улам аларды табуу кыйын экенин айтышат.

Саясатчы Бектур Асанов өлкөдө парламенттик шайлоодон кийин дагы эле чыңалып турган саясий кырдаалда лидерлер элди экиге бөлбөй, тескерисинче бардык күчтөрдү ынтымакка чакырышы керек экенин билдирди. Ал бийлик «мени колдобосоң мага душмансың» деген жолго түшүп алганын айтып жатат:

«Булар ачык эле коркутуп, керек болсо «Фейсбукта» бизди колдогон адамдарга да чабуул коюшууда. «Митингге чыкпагыла» деген да опузалар болуптур. Мунун баары жогору жактын тапшырмасы менен болуп жатат. Эгерде мындай нерселер токтобосо ал жакшылыкка алып барбайт. Ошондуктан азыр бийликте тургандар саясий күрөштө ушул ыкмасын токтотпосо болбойт. Венесуэлада ушундай иштер болгон. Гитлер да бийликти алганда коркутуп-үркүтүп интеллигенцияны кубалап чыккан. Камбоджада Пол Пот деген чыккан. Ал да бийликке келгенде элди коркутуп-үркүтө баштаган».

Кыргызстанда октябрда өткөн парламенттик шайлоодо саясий топтордун социалдык тармактардагы кармашы, компроматтар күрөшү күч алган. Эми конституциялык реформа маселесинде эки жаат болуп айтышкандар жанданды. Интернетте референдумга каршы чыккандарды кодулоо, аларды өмүрүнө коркунуч жараткан опузалар да көбөйдү.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов Жапаров коркутуп-үркүтүүгө өзү да каршы экенин билдирди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

««Ата Мекендин» кеңсесине баргандар боюнча Садыр Жапаровдун кабары болсо керек. Жанындагылар айтышты да. Чара көрүлсө керек. Анткени андай ээнбаштыкка биринчи кезекте Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгы жок. Себеби, мындай окуялар анын гана кадыр-баркын түшүрөт. Ал аны билет. Садыр Жапаровдун максаты - коомдук консенсус, ынтымак жана улуттук биримдик».

Кыргызстанда социалдык тармактар саясий тирештин айдыңына айланды. Адистер мурда саясатчыларды таанытуу, саясий идеяларын таркатуу жана атаандаштарды каралоо үчүн колдонулган жаңы технологиялар эми коомдук ой-пикирди, элдин маанайын бир нукка буруш үчүн курал болуп жатканын белгилешет. Жарандык активист Нурбек Муктар фейк-аккаунттар тууралуу пикири менен бөлүштү:

«Парламенттик шайлоодо фейктер катуу иштеген. Садыр Жапаров бийликке келгенде алар дароо ошонун тарабына өттү. Бирок акыркы бир жумадан бери алар азайып калганы сезилди. Ошол эле учурда Жапаровдун агресивдүү тарапташтары дагы эле бар. Бир нерсе жазсаң сөгөт, каргайт. Эч кандай жүйөсү жок».

«Светлана Марголис» аттуу консалтинг агенттигинин 2020-жылдын июнь айындагы маалыматына караганда, Кыргызстанда «Фейсбукту» 710 миң, «Инстаграм» тиркемесин 2,5 миллиондой адам колдонот.

XS
SM
MD
LG