Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:36

Баш мыйзам: жаңы долбоордон чыккан чыңалуу


Конституциялык кеңешме.
Конституциялык кеңешме.

Баш мыйзамдын жаңы сунушталган долбоору кыргыз коомчулугунда ага каршы чыккандардын жана аны жактагандардын тобун пайда кылды.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Конституциянын долбоору коомдук талкууга чыгарылып жатканына байланыштуу Мамытов кыргызстандыктарга кайрылып, Баш мыйзамдын долбоорунда бардык тараптардын пикирлери эске алынарын, документтин ар бир пункту коомчулукту тартуу менен караларын, бул үчүн бардык зарыл шарттар түзүлөрүн айтты.

Ошону менен катар Мамытов кеңешме Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келиш үчүн түзүлгөнүн билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучунун буйругу чыккандан кийин Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өттү. Ага юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев төрагалык кылды.

Алгачкы отурумда ал кеңешменин иши 15-20 күндө жыйынтыкталып каларын билдирди. Иштөө тартиби, регламент жана башка чарбалык иштер боюнча эрежелерди айтып, топ-топко бөлүнүп иш алып барууну сунуш кылды.

Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдын жаңы долбоору чукул арада иштелип чыкканы тууралуу сын негизсиз деп эсептейт. Ошондой эле жаңы сунушталып жаткан Конституция долбооруна авторлош экенин моюнга алды.

«2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын авторлору аны алмаштырууга акысы жок экенин жазышкан. «Мынча жылга чейин өзгөртүү кирбесин» дегенди мен туура эмес деп ойлойм. Баш мыйзамдын өзөгү - эл. Азыркы иштеп аткан Баш мыйзамдын 31-беренесинде адам эркин ойлонууга укуктуу экени жазылган. Муну да (жаңы долбоор-ред.) ошентип ойлонгон киши жазды. Бүгүнтөн тартып мен ага авторлош экенимди моюнга алам. Бул үчүн кекетүүгө эч кимдин укугу жок. Боло элек режимге «авторитардык» деп баа берип атасыңар».

Бөрүбашев жаңы долбоордогу президенттин жоопкерчилиги кандай болорун үстүртөн айтып өттү:

«Президент элдик курултайга отчёт берет. Курултай боюнча мыйзам болот. Аны биз жактырган парламент кабыл алат. Президенттин жоопкерчилиги Жогорку Кеңеште да каралат. Ал президентке импичмент жарыялай алат».

Учурда жаңы Баш мыйзамдын долбооруна ар кыл сунуш бергендер арбын. Алардын бири - башкы прокурор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманкул Зулушев.

Ал Кыргызстан конституциялык реформа жүргүзүүдө бийлик башындагылардын жоопкерчилиги боюнча маселеге көңүл бурушу керек деп эсептейт.

«Бизде президенттик башкаруубу, парламенттикпи, эң негизгиси - жоопкерчиликтүү бийлик орношу керек,- деди ал. - Кабыл алган чечимиң мамлекеттин пайдасына болсо, алкыш алышың керек, ал эми мамлекетке зыян алып келсең, анын жоопкерчилигин тартышың керек. Ошондо жоопкерчиликтүү бийлик орнойт. Баары мыйзамды бузбоого аракет кылат. Эгер сен президент же өкмөт башчы болуп туруп узурпация кылсаң же кылмыш жасасаң сөзсүз камаласың. Мына, бизде мурдагы президент отурат. Бул эреже башталды. Муну эч ким жок кыла албайт. Демек, биз коркпой, президенттик башкарууну тандап, өкмөттү жоюп, президент өкмөттүн башына келет. Ал Жогорку Кеңешке бюджетти коргоп отчёт берет, өзүнүн ички жана сырткы саясаты менен аткаруу бийлигинин ишине түз жооптуу болот».

2007-жылды эске салган долбоор

Анткен менен жарандык коомдун өкүлдөрү бул мыйзам бир кишинин диктатурасына жол ачыш үчүн токулганын айтышууда. Мындай пикирлер 20-ноябрда Бишкекте өткөн «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» аттуу жыйында да жаңырды.

Жыйынга чогулган бир катар коомдук ишмерлер жаңы сунушталып жаткан долбоордун 50 пайызы 2007-жылкы Баш мыйзамга окшош экенин белгилешти.

Жарандык коомдун өкүлдөрү уюштурган жыйынга катышкан экс-президент Роза Отунбаева бийликти эл аралык коомчулуктун пикирин эске алууга чакырды. Учурда эл аралык коомчулук Кыргызстанга көз салып жатканын эскертип, алардын колдоосунан куржалак калуу коркунучу бар экенине токтолду.

«Садыр Жапаровдун өкмөтүнө эскертким келет. Кыргызстандын бюджети эң жакшы дегенде 2 млрд. долларды түзөт. Анын 20% чейинкиси жөн гана сырттан келген гранттык жардам. Азыр ансыз да казынабыз тешилип турганда бизге баары сыртын салып коюу тобокелдигине барып жатабыз», - деди Отунбаева.

Экс-президент Конституциянын сунушталган жаңы долбоорунун кемчиликтерин көргөзүп, ага альтернативалуу пикир айткандарды бийликтин душманы катары кабыл албоого чакырды.

Отунбаева өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун «2010-жылы Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган» деген сынына да жооп берди.

«Мен мырза Садыр Жапаровдун «2010-жылы жазылган Конституция бир адамдын жана бир ууч топ үчүн жазылган» деген сөзүн жакшы түшүнгөн жокмун. Баарыбыздын эсибизден чыгып кете элек. Эл аралык баа берилгенин баары жакшы билет. Ал айтылган чындыкка дал келбейт. Мен азыркы бийликти чакырып кетем. Эмнеге ушундай билимдүү, акылдуу коомчулукка таянса болбойт», - деди экс-президент.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгуунун демилгечиси катары парламенттин сынга кабылып жатышына өкмөттүн, парламенттин, мамлекеттин жетекчилери себепкер экенин айтты:

«Мындай парламент биздин тарыхта болбоптур. Мүмкүн болгон оош-кыйыштардын баары ушул парламенттин тушунда өтүп, булардын көзү ачыла тургандай болуптур. 2016-жылы Атамбаев референдум жолу менен жеке бийлигин бекемдеп, узурпация кылганын көрүштү, катышты, колдошту. Репрессия жолу менен жеке бийлигин күчөткөнүн көрүштү, унчукпай карап турушту. Жээнбеков 2020-жылкы шайлоодо алдап, сатып алуу жолу менен парламентке ээлик кылып, жеке бийликти бекемдегенге аракет кылды. Жыйынтыгы эмнеге алып келгенин көрдү, так ушул парламент. Акылына кирет десе, кечээ Жапаров президент болуп турганда, өлкөнүн тагдырын радикалдуу өзгөртө турган мыйзамга көрбөй туруп кол коюп, референдум жарыялайбыз деп үчүнчү жолу жасап жатат. Калган авторитетин жана саясий легитимдүүлүгүн нөлгө түшүрдү», - деди Текебаев.

17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, демилгечилер 80 депутат экени айтылды жана алардын тизмеси жарыяланды. Бирок көп өтпөй айрым депутаттар демилгечиликтен баш тартканын айтып чыгышты. Айрымдары Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жазууга тиешеси жок экенин, аны көрбөгөнүн да билдиришти.

Анткен менен өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров жарандык коомдун Баш мыйзамга байланыштуу сынына макул эмес. Ал «Инстаграмдагы» баракчасына «бул - диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзамдын долбоору» деген пикирин жазды.

«Бул Баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам. Бул Баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам», - деп жазды Жапаров.

Анткен менен бул Баш мыйзамда демократияга сокку ура турган беренелер бар экенин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы шайлоо алдындагы штабын жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов танган жок.

«Конституциялык реформаны жасабаса болбойт. Бул тарыхый талап, мезгил талабы. Бирок конституциялык реформаны эл аралык стандарттар менен, Конституциялык палатанын корутундусун алып туруп, мыйзамдарга ылайыкташтырып, шашпай, 6-7 айда жасасак болмок. Бул чийгилеп туруп кабыл ала турган документ эмес. Көп жеринде бири-бирине каршы келген, демократияга, сөз эркиндигине сокку ура турган, кадр саясатын Элдик курултайга берип койсо башаламандыкка алып келе турган механизмдер бар экен. Айтор бул долбоорду Жогорку Кеңеш тез арада чакыртып алыш керек. Азыр баарыбыз ынтымакта президенттик шайлоону өткөрүп алышыбыз зарыл», - деди Шыкмаматов.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу президенттикке талапкер катары арыз тапшырган «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров да 20-ноябрда кайрылуу таратты.

Саясатчы анда Жогорку Кеңештин мөөнөтү 28-октябрда аяктаганын, бул парламенттин мыйзам долбоорун элге алып чыгууга жана 2021-жылдын 10-январына референдум дайындоого моралдык да, юридикалык да укугу жок экенин белгиледи.

««Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 12-беренесиндеги 3-бөлүмүнө ылайык, Баш мыйзамды өзгөртүш үчүн референдум жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөндөн бир айдан эрте эмес, үч айдан кеч мөөнөттө, депутаттардын көпчүлүк добушу (жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес) менен кабыл алынышы керек», - деп айтылат Мадумаров тараткан кайрылууда.

Кыргыз Конституциясынын тарыхы

Эгемен Кыргызстандын Конституциясы легендарлуу парламентте эки жылдык талкуунун жыйынтыгы менен 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Өткөн 29 жылдын ичинде Кыргызстандын Конституциясы тогуз жолу өзгөртүлдү. Алардын бешөө Аскар Акаевдин президенттик бийлигинин учуруна туура келет.

2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин референдум аркылуу кабыл алынган Конституцияга парламенттик башкаруу киргизилген жана ал Конституция «2020-жылга чейин өзгөртүлбөй» тургандыгы белгиленген.

Ошого карабай Кыргызстандын Баш мыйзамы акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн. Ошол кездеги бийлик мындай кадамын Конституциянын мурдагы редакциясындагы айрым «миналарды жоюу» максаты менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG