Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:56

Баш мыйзамдын жаңы долбоору: диктатуранын илеби


Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

Конституциянын жаңы долбоору «бийликти бир кишинин менчиктеп алуусуна жол ачат» деген сынга кабылды.

Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды.

Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

«Элдик курултайга ыйгарым укуктарынын негизинде курултайдын төрагасынын, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын отчётторун угуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын ээлеген ордуна ылайык эместиги жөнүндө сунуштарды киргизүү укугу берилет», деп жазылган долбоордун негиздемесинде.

Кесиптик, аймактык, коомдук-саясий, этномаданий, конфессиялык жана илимий коомчулуктардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Элдик курултайды президент чакыра алат, ал президенттин жана парламенттин отчётун угат жана ага жараша сунуш берүүгө укуктуу.

Мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов Баш мыйзамдын жаңыдан сунушталган долбоорундагы бул «өзгөчөлүктөрдү» «президентке абсолюттук бийликти берүү менен гана чектелет» деп сындады.

«Жаңы долбоорду карап чыгып, эскиси менен салыштырса көп деле айырма жок. Болгону президенттик бийликти чексиз кылууга багытталган. Жогорку Кеңештин эч кандай көзөмөл функциясы калбайт. Бул Конституция боюнча бардык бийлик президентке гана таандык, өкмөт башчы болгону кызматынан чегинүү жана президенттик милдетин аткаруучу гана укукка ээ. Мындай башаламан, бийликти узурпациялаган Баш мыйзамды мурда-кийин көргөн эмесмин. Түркмөнстанда ушундай үлгүдөгү Конституция бар. Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин узурпациялаган биздеги Курултай сыяктуу Маслихат бар. Азыр бийликти кандай жол менен болбосун алууну көздөп калышты. Мунун аягы жаман бүтөрүн дароо баса белгилегим келет», - деди саясатчы.

Жаңы долбоордо президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт. Президент мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылга шайланат, бирок эки мөөнөттөн ашык эмес. Ал ошондой эле өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт.

Жогорку Кеңештин тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизилет. Ага ылайык беш жылдык мөөнөт менен 90 депутат шайланат. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева сунуш кылынган долбоор супер президенттик башкарууга жол ача турганын эске салды.

«Азыр таптакыр жаңы Конституция жазып салышты. 100 же андан ашык эксперттен, коом өкүлдөрүнөн турган конституциялык кеңешме түзүлүп, шашпай талкуулаш керек болчу. Ошондо гана коомдун колдоосуна ээ болду деп айта алабыз. Азыр жашыруун, ким жазганы белгисиз долбоорду таңуулап жатышат. Жарандык коом муну бойкот кылышы керек. Парламенттик шайлоону талап кылып, анан кийин VII чакырылыштын депутаттары шашпай конституциялык реформа жүргүзсө болот. Дагы бир нерсени унутпашыбыз керек – жакында БУУ «Акча беребиз, бир шарты менен: Кыргызстан баарын Конституциянын жана мыйзамдын алкагында жасашы керек. Демократиялык баалуулуктарды сакташы керек» деп билдирген. Жасалып жаткан нерсе ошого карама-каршы келүүдө».

Бирок Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Баш мыйзамдын жаңы долбоору Кыргызстанды авторитардык өлкөгө айлантат деген ойлор менен макул эмес.

«Андай пикирлер бар. Бирок мен аларга толук кошула албайм. Себеби парламенттин да өзүнүн ыйгарым укуктары сакталган. Президент сунуш кылган өкмөттүн курамы, Эсеп палатасы, сот, Улуттук банк, башкы прокурор боюнча парламенттин ыйгарым укуктары сакталган. Албетте, президенттин укуктары азыркы Конституцияга салыштырганда кеңейтилген. Буга эмне себеп? Себеби он жыл аралыгында парламенттик-президенттик башкаруу системасында жашадык, коалициядан өкмөттөр түзүлүп, урап жатты. Канча деген өкмөт башчы алмашты. А жоопкерчиликти алган бир да коалиция, фракция же бир тарап болгон жок. Бул жерде жоопкерчиликти чарбадан баштап экономикалык жана социалдык саясат, эл аралык мамиле, чек ара жана башканын баарын президент алуу мүмкүнчүлүгү да, милдети да жүктөлүп жатат», - деди ал.

"Эксперттер талдайт": Конституциянын сынга кабылган долбоору

Эки тилдеги айырма

Белгилей кетчү жагдай, Баш мыйзамдын долбоорундагы президентти шайлоо боюнча 57-берененин кыргызча жана орусча варианттарында айырма бар. Кыргызчасында «президент жарандар тарабынан беш жылга шайланары жана бир адам эки жолу бул кызматты аркалай албай» тургандыгы жазылган. Ал эми орусча вариантында «бир адам эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт» деп турат.

23-беренеде «Кыргызстанда жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, элдин каада-салтына каршы басылмаларга, иш-чараларга тыюу салына» турганы да жазылган. Бирок кандайдыр бир иш-чара ал баалуулуктарга каршы келип жатканын кайсы орган же ким аныктай турганы көрсөтүлгөн эмес.

Журналист Марат Тагаев Баш мыйзамдын долбооруна мындай беренелердин камтылышын коомчулуктун көңүлүн негизги маңызынан алаксытуу деп баа берди:

«Жаңы Баш мыйзам деген долбоордо 23-берене атайын элдин көзүн будамайлаш үчүн киргизилген. Себеби, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүп, президенттин башкаруу кылабыз деп жатканда атайын юристтердин күлкүсү келе турган, ишке ашышы мүмкүн эмес сөздөрдү атайын киргизишкен. Алар бул Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоодо ушуга окшогон атайын киргизген беренелерди алып туруп, хандык башкарууну киргизүүнү максат кылып жатышат».

Укук коргоочу Динара Ошурахунова жаңы долбоордогу сөз эркиндигине байланыштуу берене бийликти сындагандарды куугунтукка алууга жол ачарын айтууда:

«Бийликте жүргөн адамдарды, президентти болобу же депутаттыбы, кимиси тууралуу сын айтсак, «ар-намыска шек келтирди» деп жоопко тартып, ооз жапмай болот. Бул абдан коркунучтуу. Түшүнгөн ар бир адам кечээ жарыяланган долбоорду «Ханституция» деп атап жатат. Бул ханды алып келген, ханды күчөткөн Конституция. Экинчиден, адам укуктарына жана эркиндигине доо келтирет. Бул укуктарга кепилдик берген беренесине кирип алып, ал жерди да бурмалап жиберишиптир. 30 жылдан бери демократиялык өлкө курабыз деген жетишкендиктерибиздин баарын жокко чыгаруу болуп жатат. Сунуш кылынган Конституция бир да жаранга, анын турмушун жакшыртканга багытталган жок. Парламентти жана өкмөттү алсыратып, курултай аркылуу кол көтөртүп, жалаң гана президенттин бийлигин, аны хан катары орнотууга багытталган».

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов мындай сындан кийин Конституциянын жаңы долбоору азырынча үлгү экенин, коомдук жана эксперттик пикирлерди эске алуу менен оңдолуп, кайрадан иштелип чыгарын маалымдады.

«Бүгүнкү күндө коомдук талкууга өлкөдөгү жаңы башкаруу системасын камтыган Баш мыйзамдын үлгү варианты гана сунушталууда. Талкуулардан кийин Конституциянын негизги варианты бардык сунуш-пикирлерди камтуу менен бекийт. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн бир гана жооптуу адам, башкача айтканда, өлкө башчысы жоопкерчилик алышы керек экенин убакыт көрсөттү. Мурда эч ким бул жоопкерчилик албай, башаламандык өкүм сүргөн. Мындай кырдаалдан чарчаган эл өзгөрүүнү талап кылууда. Мурда чечимдер башка жерден кабыл алынганына карабай, кыйын кырдаал түзүлсө «токмок» ошол чечимдерди ишке ашырган гана премьер-министрге барып тийчү. Ушундай тажрыйбадан улам мамлекеттик башкарууну өзгөртүү зарылдыгы келип чыкты», - деген Анаркулов өз билдирүүсүндө.

Депутаттардын жообу жана реакциясы

Жогорку Кеңештин расмий сайтында Баш мыйзамдын жаңы долбооруна КСДПдан 21, «Республика - Ата Журттан» 21, «Кыргызстандан» 14, «Өнүгүү-Прогресстен» 13, «Бир Болдон» алты жана «Ата Мекен» фракциясынан беш депутат демилгечи катары көрсөтүлгөн.

Конституциянын автору катары аталып жаткан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты экенин айтууда.

«80 депутат кол коюп, автор болуп жатат. Коомчулукта көп демилгечи топтор бар. Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңештин аппаратына 40-50дөй долбоор киргизилген. «Ошонун баарын карап чыксын» деп эл талап кылып жатат. Жашыруун эмес. Депутаттар карап чыгып, акыркы вариантын даярдайт деп ойлойм», - деди Зулпиев «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө.

Бирок «Азаттык» радиосу байланышкан депутаттар Аалы Карашев, Иса Өмүркулов, Тазабек Икрамов, Алиярбек Абжалиев долбоордун автору эмес экенин жана алар конституциялык реформаларды жүргүзүү документине гана кол коюп бергенин айтышты.

Депутат Эмил Токтошев долбоорду көргөндө эле макул болбой, топтун курамынан чыгып кеткенин, ага карабай автор катары кошуп коюшканын жазып чыкты.

«17-ноябрь түнү Конституциянын өзгөртүлгөн варианты Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ал жерде 80 депутаттын колу бар экен. Анын ичинде мени да «кол койгон» деп чыгарышкан. Мен долбоорго кол койбогонумду дагы бир жолу баса белгилейм! Мен Конституцияны өзгөртүүчү топко кириш үчүн, процессти ичинен көрүш үчүн, долбоорду жазып атканда парламентаризмдин позициясын коргош үчүн, демилгечи топко кириш үчүн колумду койгом. Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден өзүмүн каршылыгымды айтып, чыгып кеткем! Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!», деп жазды парламент депутаты Эмил Токтошев.

Парламенттин дагы бир депутаты Дастан Бекешев бул долбоорго караманча каршы экенин, Кыргызстан Бакиевдин дооруна кайтканы жатканын, ошол бийликке кызмат кылган юристтер азыр Баш мыйзамдын долбоорун жазганын белгиледи.

«Достор, биз 80 депутаттын жардамы менен артка кайтканы турабыз. 2010-жылы 7-апрелде өлгөн 80ден ашуун баланын каны жокко чыкканы турат. Бакиевдин юристтери президенттик аппаратта отуруп алып мыйзам жазып атат. Мындай жолду тандоого болбойт. Анте турган болсок артка кетип, орто кылымга кайтабыз. Өлкөнүн келечеги үчүн жаңы Баш мыйзамга каршы кыймыл түзүүгө чакырам».

Социалдык тармактардын колдонуучуларынын көбү бул жаңы Баш мыйзамдын долбооруна 4-октябрдагы нааразылыктын себепкери болгон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларына кирген депутаттар демилгечи болгонун сынга алды.

Түркмөнстандын жолуна түшөбүзбү?

Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланары менен коомчулукта кызуу талкуу башталып, айрымдар бийликти «бир колго топтоо» катары сындап жатышат.

Айталы мурдагы депутат, президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз 2010-жылы 7-апрелде кан төккөн 90 адамдын эмгегин тебелөө, тоталитаризмге бет алуу катары баалады.

«Менимче бул жаңы долбоорго кол койгон депутаттар өздөрү деле эмнеге кол койгонун билген эмес окшойт. «Көптөгөн депутаттарга Конституциянын долбоорун көрсөтпөй эле «кол кой» деген сунуштар түшүп жатыптыр» деген сөздөргө ишендим. Конституциянын бул долбоору Кыргызстанды 20-30 жыл артка алып барып таштайт. Себеби, анда президенттин диктатурасы, бийликте бири-бирине жолтоо болгон түзүмдөр жазылыптыр. Маселен, Жогорку Кеңешти эл шайласа, анын үстүнөн эмнеге Элдик курултай деген бир орган карашы керек? Элдик курултай кандай система, кайсы принцип менен жыйналат? Эгерде ага Жогорку Кеңеш отчёт бере турган болсо, отчёту жакпай калса эмне болот? Мыйзам чыгаруучу органдын үстүнөн дагы бир көзөмөлдү орнотуу тоталитаризм менен диктатуранын жолу болуп калат. Президент бардык бийлик бутагын өз башкаруусуна алат деген сөз. Толук президенттик диктатура орноп, бир адам бардык бийликке үстөмдүк кылат деген сөз. Сот боюнча эч нерсе жок, соттор ушул эле бойдон иштесе, Кыргызстанда таптакыр акыйкат болбойт. Демек, бизде президент сот да болот, мыйзам чыгаруу бийлигине үстөмдүк кылат, бардык тараптан бийликти алат. Бул долбоор Түркмөнстандын Баш мыйзамынан ашып түштү», - деди Садык Шер Нияз видео кайрылуусунда.

Президенттикке талапкер болгон Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Марал» радиосундагы маегинде жаңы сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорун Түркмөнстандын жолун кайталоо катары сыпаттаган эле.

Президенттикке талапкер болгон Клара Сооронкулова жаңы Конституциянын долбоору бийликти жеке колго топтоого жол ачарын жазып, мындай болгон соң парламент жана соттун кереги канча деген суроону койду:

«Депутаттарды азайткыла дегендер эми жыргайбыз, 28 эле депутат мыйзам кабыл алып коё берет. Негизинен, Жогорку Кеңешти жоюп деле салса болгудай. Сотторду деле жоюп салыш керек. Президент өзү мыйзам чыгарса, аны өзү аткарса, сотту деле өзү жүргүзө берсин».

«Жаңы Баш мыйзамда бийликти басып алуу жана узурпация кылуу оор кылмыш экени жазылган. Андай болсо Садыр Жапаровдун жоопкерчилигин ким карайт?», - деп жазды Жетиген Асанбек аттуу «Фейсбуктун» колдонуучусу.

«Раим коррупциялык схеманы «адалдап» алганына ПАРЛАМЕНТАРИЗМ күнөөлүү эмес, коррупциянын гүлдөшүнө ПАРЛАМЕНТАРИЗМ күнөөлүү эмес, депутаттардын, соттордун «кнопка» болушуна ПАРЛАМЕНТАРИЗМ күнөөлүү эмес, аңырдай ачылып калып, жабылбай калган араандарга ПАРЛАМЕНТАРИЗМдин эч тиешеси жок, мамлекеттин кыйрап атышына таптакыр ПАРЛАМЕНТАРИЗМ күнөөлүү эмес! Булардын баары болбошу үчүн ПАРЛАМЕНТАРИЗМге өткөнбүз, жазылгандай иштесе булар болмок эмес. Эл үчүн күйгөн адам жөн гана ошол мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылмак. Бийликти апчып жыгылбай! Баарына АБИЙИР таңсыктыгы күнөөлүү. Ошону оңдош керек болчу АША, Жээнбеков, эми Садыр. Абийириңер бузук силердин...».

Жарандык активист Жакшылык Матанов мындай өзүм билемдиктин арты жакшылык менен бүтпөсүн эскертти.

«Мени бүт өлкө колдоп жатат десеңиз жаңылышасыз, тынчтык үчүн унчукпай отургандар сени колдогондордон дагы көп, эгер ушул менен кете берсеңиз, унчукпай отургандар кыймылдаса акыры жаман бүтөт. Бүгүн сизди чуңкурга түрткөндөр, эртең бийликтен кеткеңизде Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди, Жээнбековду саткандай бир күндө сизди сатып, жаңы келген бийликтин обонуна салып ырдап, аркаңыздан шыбап кала беришет. Ошондуктан тарыхтан сабак алып, этияттап иш кылыңыз!», - деп президенттик шайлоого катышууга аттанган Садыр Жапаровго кайрылды.

«Азыркы көйгөйлөрдү чечүүгө Конституция эч жолтоо эмес. Жолтоо болгон бир эле нерсе бар - ал бийликте турган адамдардын ой жүгүртүүсү. Башка нерсени айтуу мүмкүн эмес. Конституцияны мындай тездикте жазып, бир ай талкуулап-талкуулабай, референдум аркылуу «күч» менен кабыл алуу анын өмүрүн 5-10 жылга гана жеткирет, балким, ага да жетпей калышы мүмкүн. Парламентке жаңы саясий күчтөр келип, шашпай талкуулап, анан референдум аркылуу өткөрүү Конституциянын өмүрүн узатат. Туруктуулук ошондо болот. Күч менен кабыл алынган Конституция абат болбойт. Мындан тышкары азыркы Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгү да суроо жаратат. Дүйнө алдыгы жылып жатса биз ордубузда турганды кой, артка карай кеттик...», деп жазды билим берүү жаатындагы адис Бакытбек Абдуллаев.

Ал эми саясат талдоочу Адил Турдукулов өкмөт башчынын милдетин аркалап аткан Садыр Жапаров чоң тобокелдикке барып атканын жазды.

«Парламентаризмди негизги маңызы - өкмөттү түзүү жана анын ишмердигин көзөмөлдөө. Азыркы башкы мыйзамдын долбоорунда өкмөт ЖКга эмес, түздөн-түз президентке баш ийет. Ошондуктан экс-ажолорго окшоп, жаңы шайланган президент, мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди өкмөткө оодара кое албайт, жоопкерчиликти өзүнө алат. Коронавирус күчөп же чек арада атышуу болуп калса, ал үчүн өз керт башы менен жооп берет. Жогорку Кеңеш да мурункудай өкмөттү сөксө да, алар колдорун жайып берет. Анткени бүт бийликти президент өз колуна мыкчып алынган болот. Жаңы Конституцияда так ошондой жазылат. Ошондуктан Садыр Жапаров чоң тобокелчиликке барып жатат. Эгерде эбегейсиз чоң бийликти алып анын авторитардык башкаруусу аркылуу Кыргызстан - Сингапур, Түштүк Кореяга окшоп чукул түрдө экономика өнүгүп кетсе, Жапаров «кыргыздын Ли Куан Юсу» аталып калат. Эгерде бир жылдын ичинде экономикада жылыш болбосо - Жапаровду бийлиги да өтө жаман аяктайт. Эки эле жол бар».

«Урматтуу Садыр ава! Сиз бийликтен куугунтук жеп, мекенден сыртта журуп МЕКЕН кадырын билесиз! Сиз бийлик менен кармашып, абакта жатып ЭРКИНДИКТИН кадырын билесиз. Кыргыз саясатында уникалдуу феномен катары абакта жатып бир түндө бийликтин бардык бутагына кожоюн болуп чыга келдиңиз. Бул сиздин кыйындык же ашынган саясатчылыгыңыз эмес, бул тарых, эл берген мүмкүнчүлүк. Эми болсо тегерегиңиздеги айрым адамдар жаны Конституцияны сиздин колуңуз менен демилгелетип, жакынкы эле жылдарда сиздин МЕКЕНИНИЗДИ, ЭРКИНДИГИҢИЗДИ тартып алганы жатат. Кечеки тарыхтан көрүп жатасыз. Акаев, Бакиев кара башын алып качып кетти. Аларды аңга түрткөндөр бүгүн сизди тегеректеп журот. Алар калат, сизге жоопкерчилик үйүлөт. Азыртадан терең ойлонуңуз, сиздин эркиңиз жетет деп ойлойм. Бийликти бир колго топтоо эч качан жакшылыкка алып келбейт. Сизге караганда миң эсе күчтүү, электораты басымдуу, каражаты мол Бакиев кайда жүрөт? Академик Акаев кайда? Чүйдү менчигиндей басып жаткан Атамбаев кайда? Ойлонуңуз, дагы эле кеч эмес!!!».

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн.

Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келди. 6-октябрга караган түнү элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалган.

Жапаровдун тарапташтарынын талабы менен эки күндөн кийин Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин убактылуу аткаруудан баш тартып, 16-октябрда бул иш Жапаровго жүктөлгөн.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG