Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:52

«Бийликти бир колго топтоо диктатурага жол ачат»


"Эбегейсиз бийликти алуу диктатурага жол ачат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:24 0:00

«Эбегейсиз бийликти алуу диктатурага жол ачат»

Британиядагы «The Economist» журналы өткөн аптада Кыргызстандагы соңку саясий өзгөрүүлөр тууралуу көлөмдүү макала жарыялады.

Анда өлкөдөгү окуялар кеңири баяндалып, президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун ишмердиги талданган. Макаланын автору, бир нече британ басылмаларынын Борбор Азия боюнча баяндамачысы Жоанна Лилис Кыргызстандагы соңку кырдаалга байланыштуу байкагандарын «Азаттыкка» айтып берди.

- Бул макаланы жазган, Борбор Азияны ичинен билген журналист катары Кыргызстандагы азыркы абалга кандай баа бересиз?

- Бул абдан татаал суроо. Себеби, Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийинки бир жарым айда окуялар абдан тездик менен өнүгүп жатат. Биз көргөндөй, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор өлкөдөгү абалды өзгөрттү, Садыр Жапаров түрмөдөн чыгып, он күн ичинде өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучулукка чейинки жолду басып өттү. Мындай окуяларга бир тараптуу баа берүү мүмкүн эмес. Албетте, абдан талаштуу окуялар болуп жатат. Мен бул кырдаалды чагылдырып жаткан журналист катары Кыргызстан өз тарыхында буга чейин эки ыңкылапты башынан өткөрсө да көпкө, балким түбөлүк эсте калчу учурга күбө болуп жатат деп сыпаттайт элем.

- Бул окуялардын апогейи Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча сунуштан кийин чыккан талкуулар болду көрүнөт? 17-ноябрда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бирок эксперттер «документтин артында Жапаровдун командасы турат жана супер президенттик башкарууга жол ачат» деп айтып жатышат. Сиз бул долбоор менен тааныша алдыңызбы жана соңку талкуулар боюнча эмнелерди айта аласыз?

- Ооба, кечээ түнү жарыяланганына карабай мен таанышып чыктым. Бишкек убактысы боюнча саат 10го чукул жарыяланса да Кыргызстандын коомчулугунда абдан кызуу талкуулар башталганын, айрым беренелер абдан катуу камтамачылык жаратканын көрдүм. Маселен, «Кыргызстан супер президенттик башкаруу формасына кайтып бара жатат» деп көп адамдар, анын ичинде бийликтин атаандаштары да сындап жатышат. Албетте, мындай сунуш түшөрү белгилүү болчу.

Анткени, Садыр Жапаров бир нече жолу, анын ичинде биздин журнал менен маектешкенде да Кыргызстанда парламенттик башкаруу кыйраганын билдирген. Бирок кыргыз коомунда «кеп парламенттик системада эмес, саясатчылар элди алдап ушуга алып келди» деген пикирлер арбын экенин айтып коюшубуз керек.

Кыргызстанда Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылуу аракети аз да болсо бар. Эми жаңы Баш мыйзам боюнча «дал ушул тең салмактуулук жок болот» деп сындагандардын катары калыңдай баштады. Мындан сырткары социалдык тармактарда Конституциянын долбоорунда «кыргыз элинин салттык баалуулуктарына каршы келген маалымат каражаттарына жана иш-чараларга тыюу салынат» деген берененин айланасында катуу талкуу болуп жатканын көрдүм. Бул аябай кооптонуу жаратууда.

- Дал ушундай Баш мыйзамдын айланасындагы талкуулардан, сын пикирлерден соң эл аралык коомчулуктун учурдагы бийликке карата мамилеси өзгөрбөйбү? Себеби, Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык иш алып баруу абдан принципиалдуу маселе эмеспи...

- Азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын. Өзүбүз күбө болгондой, эл аралык коомчулук Кыргызстандагы акыркы бийлик алмашууну, жаңы өкмөттү абдан кылдаттык менен кабыл алды. Батыш өлкөлөрү эле эмес, Орусия, Кытай сыяктуу коңшулар деле кабатыр болуп турушту. Батыш Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн модели болуп саналган Кыргызстандагы акыркы абалга камтама болушу толук ыктымал. Албетте, бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү үчүн жооп бере албайм, бирок алардын кыргыз бийлигине карата мамилени өзгөрүшү мүмкүн.

- «The Economist» журналындагы маегинде Садыр Жапаровдун «демократиялык жол менен кетем» деген билдирүүлөрү сизди ынандырдыбы?

- Садыр Жапаров чын жүрөктөн сүйлөйт жана аны Кыргызстанда көп адамдар колдой турганын көрдүм. Эл арасында ал абдан популярдуу. Бирок мен анын сөзүнө эмес, ишине баа бериш керек деп ойлойм. Ал өзү деле биздин сурообузга «менин иштериме бир нече жылдан кийин баа бергиле» деп жооп берди. Ал эми иштери боюнча азыр эмнени көрүп турабыз? Жапаров өз үзөңгүлөштөрүн өкмөттүк эле эмес, сот бийлигине, күч органдарындагы кызматка коюп жатканына күбө болуудабыз.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилге көтөргөндөн бери атаандаштары «демократиядан баш тартуу» деп айтып жатышат. Буга чейин «Конституция кеңири талкууланып, анан кабыл алынат» деп айтса, акыркы жагдайда документтин долбоорун чакан гана топ даярдап, «бир жарым айдан кийин кабыл алалы» деп элге сунуш кылып жатат. Бул абдан шашма кадам деп айтсак болот.

Садыр Жапаров «элдин үнүмүн, калктын каалоосу боюнча иштейм» деп айтканды жакшы көрөт. Бул жагынан биздин Батыштагы популисттерге окшош, алар да «элдин каалоосу» дегенди көп айтышат. Ал эми 5-октябрда нааразылыкка чыккан элдин чыныгы каалоосу эмне болду эле, эстеп көрөлүчү... Алар кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылбады беле? Азыр болсо парламенттик шайлоо таптакыр эле артка жылып, ага чейин президенттик шайлоо жана конституциялык реформаны ишке ашырганы калышты.

- Сиз журналда жарык көргөн маекте «Кыргызстан кандай гана Конституцияны кабыл албасын, Жапаров «кыргыз эли берген кепилдиктерден улам эч качан деспот болбойм» деп убада берүүдө» деп жазган экенсиз. Мындай жыйынтыкты сиз өлкөдөгү акыркы 15 жылдагы окуяларды эске алуу менен жазсаңыз керек...

- Жапаров чынында эле ушундай сөздөрдү айтты. Ал Кыргызстанда мындай аракеттерге каршы чыккан эл турганда диктатураны орнотуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Мен да муну туура деп эсептейм. Анткени, кыргызстандыктар - эркиндикти баалаган эл. Алар үч жолу диктатурага, коррупцияга, таза эмес өткөн шайлоого каршы чыгып бийликти кулатты. Бирок эгер президент бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты бузуп, бийликти бир колго топтогон системаны куруп алса, диктатураны орното алат деп ойлойм. Мен Жапаров же башкалар дал ушундай кылат деп айтпайм, бирок өзүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп алса, кайсы гана өлкө болбосун диктатурага багыт алышы мүмкүн.

- Мен «The Economist» журналындагы макаланы окуп чыктым. Мени кызыктырган нерсе, журналдын акыркы санында бүткүл дүйнө көңүл буруп жаткан Тоолуу Карабактагы куралдуу жаңжал тууралуу жарым бет, ал эми Кыргызстандагы окуялар тууралуу бир жарым бет макала жазыптырсыздар. Эмне себептен Кыргызстанга карата мындай кызыгуу жаралды?

- Абдан жакшы суроо. Биринчиден, мен Кыргызстандагы акыркы окуяларды кеңири чагылдырууну кааладым. Албетте, ошол күндөрү бардык дүйнөлүк маалымат каражаттары чагылдырды деңизчи, бирок мен жана редакторлор «бир канча убакыт өтсүн, абал кандай өнүккөнүн дүйнөгө кеңири берели» деп чечтик. Адатта биздин журналда Кыргызстан эле эмес, Борбор Азия жөнүндө да мындай көлөмдүү макалалар көп жазылбайт. Ал эми Кыргызстандагы кырдаалдын уникалдуулугу - соңку 15 жыл ичинде эл авторитардык бийлик орнотууну каалаган үч бийликти кулатканында... Башка өлкөлөрдө мындай каттала элек. Анан албетте, өз укуктары, эркиндиги үчүн күрөшкөн элдин болгону кызыгуу жаратат.

Ошол эле кезде тилекке каршы коррупциянын кеңири жайылган масштабы... Маселен, Садыр Жапаров «коррупцияга каршы күрөшөм» деп убада берди, бирок аныкы өзгөчө ыкма болуп жатат. Ошол эле Матраимов камакка алынбай, «келтирген чыгымды төлөп берем» деп эркиндикке чыкты. Дал ушундай коррупциянын кеңири жайылганына жана кылмыш дүйнөсүнүн таасиринин күчөшүнө көңүл буруу керек деп эсептейм.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG