Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:11

Орусиянын Ички иштер министрлиги Зеленскийге издөө жарыялады


Орусиянын Ички иштер министрлиги Украинанын президенти Владимир Зеленскийди издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине кошту. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Зеленскийге кайсы кылмыш иши менен издөө жарыяланганы белгисиз. Ошондой эле Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко да издөөгө алынган. Анын да чоо-жайы анык эмес.

Андан тышкары, бул тизмеде украин армиясынын кургактагы күчтөрүнүн командачысы Александр Павлюк, Украинанын мурдагы коргоо министри, Улуттук коргоо университетинин азыркы ректору Михаил Ковал да бар.

Москва Павлюкту 2022-жылы орус аскерлери басып алган Мариуполдо жашоочуларды "тирүү калкан катары колдонгон" деп айыптайт. Ал эми Ковалга кандай айып тагылганы белгисиз, ал Донбасста согуш башталган 2014-жылдын мартынан июлуна чейин министрдин милдетин аткарып турган.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Зеленскийге издөө жарыяланышын "көңүл бурдуруу үчүн айла кеткенде ойлоп табылган жаңылык" деген өңүттө комментарийледи. Ошондой эле Киев орус президенти Владимир Путинди эл аралык коомчулук айыптап, Гаага соту аны камакка алууга ордер чыгарганын эске салды.

Ал эми Петр Порошенко өзүнө издөө жарыяланышын "мекенчилдик жана Украинага болгон сүйүү үчүн" деп мүнөздөдү. "Бул дээрлик аскердик сыйлыкка тете" деп жазды ал Телеграмга.

Орусия буга чейин да Украинанын мурдагы жана азкыркы бир катар аткаминерлерине издөө жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG