Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Ош: Шайлоого аралашкан кызматкерлер, беш талапкердин кайрылуусу


Ош шаардык мэриясынын имараты
Ош шаардык мэриясынын имараты

Жекшембиде Кыргызстандын үч аймагында – Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарда парламентке кезексиз шайлоо өтөт. Үгүт иштери жыйынтыкталып жаткан маалда, Ош шаарында шайлоо өнөктүгүнө аралашкан деп мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынды. Беш талапкер БШКга жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.

№7 Ош шайлоо округунан парламентке кезексиз шайлоодо ат салышып жаткан талапкерлердин бешөө Борбордук шайлоо комиссиясына жана өлкө жетекчилигине кайрылып, үгүт өнөктүгүндө административдик ресурс колдонулганын айтып чыкты.

Мунун алдында талапкерлердин бири мамлекеттик кызматкерлерди тартып жатканы боюнча журналисттик иликтөө жарыяланган.

Ош шаарынын мэриясы шайлоого байланыштуу бир нече кызматкерге чара көргөнүн жарыялады.

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов “Азаттыкка” комментарий берип жатып, шайлоо маалында ишинен убактылуу бошоп аралашкандар болгонун, алар кайра кызматка алынбай турганын билдирди:

Бактыбек Жетигенов
Бактыбек Жетигенов

“Шайлоо өнөктүгүнө ким катыша турган болсо, биздин мэриянын аппараты болобу, башка кызматкерлер болобу, баарына чара көрүлөт. Анан ал жердеги катардагы кызматкерлер да жүрөт, алар жумуштан кетишиптир. Мен аны түшүндүм. Алар убактылуу жумуштан кетип, иштеп туруп кайра жумушка орношобуз деген ойдо болушкан. Мен бүгүн айттым: "Ким жумуштан кеткен болсо, аларды кайра жумушка албагыла" деп. Ал эми Суу чарба кызматынын жетекчи орун басары эмгек өргүүдө экен, ал жумушка кайтканда арызын жазып иштен кетет”.

Маалыматка ылайык, соцтармактарда шайлоо өнөктүгүнө Ош шаар мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып жатканы тууралуу тараган маалыматтын негизинде атайын комиссия түзүлүп, кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында айрым кызматкерлер иштен алынып, кээ бирөөлөрүн кызматтан бошотуу сунушу берилди. Бир тобуна эскертүү берилген.

Тактап айтканда, "Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Рустам Эгамбердиев кызматтан алынды. Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркуловго, “Ош шаар суу канал” ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Кокочоровго эскертүү берилип, анын орун басары Талант Байкишиевди жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Камил Камчы уулун кызматтан бошотуу сунушу жетекчилигине жиберилди.

Ошондой эле Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ош облусундагы салмак-көлөмдү көзөмөлдөө департаментинин башчысы Бакай Жолдошбаев менен “ОшГаз” ишканасынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовго чара көрүү сунушу аталган мекемелерге жөнөтүлгөн.

Мунун алдында эркин журналист Ыдырыс Исаков аталган аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер шайлоодогу талапкерлердин бири Бекмурза Эргешовдун штабында жүргөнүн иликтеп чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиянын өкүлү Тынчтыкбек Шайназаров аты аталган талапкерге байланыштуу иш териштирилип жатканын маалымдады:

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

“Негизи арыз келеби, келбейби, шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу кандайдыр бир материал чыкса, биз дароо реакция кылабыз. Биз алар арыз жазсын деп күтүп олтурбайбыз. Бул иш боюнча ИИМге жана прокуратурага жибердик. Эгер мыйзам бузуу иштери аныкталып калса, аны каттоодон четтеттүү жагы каралып калышы мүмкүн. Мамлекеттик кызматкерлер шайлоо өнөктүгүнө таптакыр аралашпашы керек. Алар жоопко тартылат”.

Шайлоого катышкан беш талапкер БШКга жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, административдик ресурс колдонду деп аты аталган талапкер Бекмурза Эргешовго чара көрүүнү суранды. Ал талапкерге кайрылганыбызда, бул боюнча комментарий берген жок.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Оштогу шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу иш Ош шаардык прокуратурасына келип түшкөнүн билдирди. Учурда териштирүү башталганын кошумчалады.

Бийлик өкүлдөрү башынан эле “бул шайлоодо бир да талапкерди колдобой турганын, алар таза атаандаштыкта шайланып келиши керектигин” билдирип келет.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Шамалды-Сай шаарында чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшыруу иш-чарасында Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын айткан:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Урматтуу талапкерлер, эгерде кимдир бирөөңүздөр элди дагы сатып алайын деп же болбосо элди дагы алдап добуш алайын деген аракеттериңиздер болсо, биз мыйзам чегинде чара колдонобуз. Мындан ары шайлоолор таза болушу керек. Таза адамдар шайланып барышы керек. Жогорку Кеңеште болобу же мамлекеттик кызматта болобу, таза адамдар иштеши керек. Бирөө бирөөгө жардам берип же мамлекеттик кызматкерлер жардам берип, шайлоого катышпаш керек", - деп эскертти Ташиев.

"Шайлоодо административдик ресурс деген өнөкөт колдонулбасын деген чечим 2021-жылы мыйзам түрүндө бекитилген. Бул убакка чейин мектептерде, бала бакчаларда жалпы бюджеттик мекемелердеги кызматкерлер аралашып жүрүп, 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы эмне болгону баарынын эсинде. Кечээ социалдык тармактардан видео көрдүм. Бир нерсени айтып коюш керек. Башка талапкерлердин да мамлекеттик кызматта иштеген тааныш тамырлары, дос-туугандары штабда жүргөнүн мен өзүм дагы көрдүм. Мамлекет андай талапкерлерге жана анын мамлекеттик кызматта иштеген тааныштарына катаал чараларды көрбөсө, бул токтошу кыйын болуп жатат", - деди саясат талдоочу Зайырбек Эргешов.

Ош шаардык кеңешинин депутатты Кушбак Шайиев - Жогорку Кенешке ат салышып жаткан талапкерлердин программасын сынга алгандардын бири. Ал татыксыз талапкерлер Жогорку Кеңештин кадыр баркына доо кетирерин айтат. Учурдагы талапкерлердин убадаларын "дүжүр" сөзгө айланган кеп деп атады:

Кушбак Шайиев
Кушбак Шайиев

"Шайлоодо эркин атаандаштык болуш керек. Идеялардын, программалардын, билимдүүлүктүн, атаандаштыгы болуш керек. Тилекке каршы, мен алардан бул нерселерди көрө алган жокмун. Кээ бирлеринин эл менен жолугушуусун, айрымдарынын дебаттарын көрүп жатам. Учурда өздөрүн жакшы жарнамалап жаткан талапкерлердин биринин дагы элге, мамлекетке жарамдуу программасы бар деп айта албайм. Жалпы талапкерлердин арасынан же экономикалык, юридикалык жана социалдык багытта мыкты пикир айткан бирөөнү кезиктире алган жокмун. "Элге кызмат кылам" деген сөздү баары айта берет".

Мындан сырткары дагы бир талапкердин үгүтчүлөрунүн ишин шаардык милиция териштирип жатат.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгында бир маалымат боюнча текшерүү иштери уланып жатат. Бул иште талапкерлердин биринин үгүттөөчүлөрү тарабынан үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча иш каралып жатат. Анда укук бузуулар жөнүндө мыйзамдын 65-беренесине ("Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу") ылайык текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - деди Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков.

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү №7 Ош шайлоо округунан жалпы 14 талапкер ат салышып, анын бири өз каалоосу менен талапкерлигин алган. Учурда 13 талапкер шайлоого ат салышууда. №9 Кара-Суу шайлоо округунда төрт талапкер өз каалоосу менен шайлоого баруудан баш тарткан.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өлкөнүн үч округунда ушул жекшембиде өтөт. Бул үч округдан шайланып келген мурдагы депутаттар өз ыктыяры менен мандатын тапшырышкан. Буга алардын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштары себеп болгону айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG