Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Сот күнөөлүү деп таап, жаза чегербеди. Мадумаровдун иши, мандат маселеси


26-март, 2024-жыл. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда тартылган сүрөт.
26-март, 2024-жыл. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда тартылган сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын камактагы лидери Адахан Мадумаровго чечим чыгарды. Сот аны күнөөлүү деп таап, бирок жаза чегерген жок. Адвокаттын билдирүүсүндө, ал чечим күчүнө киргиче абакта болот. Депутат сот чечимин "жапайычылык" деп баалады.

Мадумаровго байланыштуу соттун чечиминен кийин анын мандаты боюнча маселе да жарала турган болуп калды. Анткени соттун чечими - мандаттан ажыратууга негиз болуп бере алат. Өкүм күчүнө киргенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясы чечим кабыл алышы керек.

"Жогорку Кеңешке барбай калса дешти”

26-мартта Адахан Мадумаровдун иши боюнча сот жабык каралып, чечим чыкты.

Депутаттын адвокаттарынын бири Юлия Богданова сот кандай чечим чыгарганы тууралуу маалымат берди:

“Күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерилген жок. Чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырды”, - деди Юлия Богданова.

Чечим чыккандан кийин Адахан Мадумаров сот залынан күзөттүн коштоосунда чыгып баратып, журналисттердин суроосуна кыска жооп берди. Өзүнө карата чыккан сот чечими мыйзамсыз экенин кайталады:

“Мына, прокурор айтып жатат мыйзамсыз деп. Бирок, Мадумаровду күнөөлүү деп таап берсеңер деп жалдырап отурганы - жапайычылык. Ошол, Жогорку Кеңешке жеткирбей, барбай калса дешти. Муну түбү жакшы эмес. Чындык ийилет бирок сынбайт дейт. Мен айттым, чындык ийилбейт дагы, сынбайт дагы”, - деди Мадумаров.

19-марттагы соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталган. Прокурор соттон Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранганын адвокаты Кубанычбек Туманов билдирген.

Мамлекеттик айыптоочулар жана сот органдары чечим боюнча расмий комментарий бере элек.

Мадумаровго козголгон эки кылмыш ишинин тарыхы

Камакта жаткан Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси – кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдирген. Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси – Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Мандаттан ажыратуу маселеси каралабы?

Буга чейин эгерде сот оппозициялык депутатка карата прокурорлор келтирген айыптоо корутундусунун негизинде өкүм чыгарып, Мадумаровду күнөөлүү деп тапса, анда анын депутаттык мандатына байланыштуу маселе жарала турганы айтылган.

Көз карандысыз юрист Искендер Какеев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буларды билдирди:

Искендер Какеев
Искендер Какеев

“Кылмыш кодексинде жана Кылмыш-процессуалдык кодексинде адамды айыптоо өкүмүн чыгарып, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазадан бошотуу деген түшүнүк бар. Мамлекеттик айыптоочулар ошол нерсени колдонуп жатышат. Эгерде сот ушундай өкүм чыгарып, ал күчүнө кирсе анда маселени “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамга кайрылыш керек болот. Анда “соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген адам депутат боло албайт” деп жазылган. Менимче мында суроо болбойт жана ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ошол эле маалда соттуулукка байланыштуу башка да жагдай бар. Тагыраагы “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамда соттуулугу жоюлбаган адам талапкер боло албайт деп айтылат. Башкача айтканда мында эгерде адам жазадан бошотулса “соттолбогон” деп эсептелип калат. Менимче, алар биринчи кезекте “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамды эске алышы мүмкүн”.

Мадумаров 26-марттагы сот чечимин өзүн парламентке киргизбөө аракети катары сыпаттаганын эске алганда прокурорлордун өтүнүчү да ушул максатты көздөгөндөй. Саясатчыны колдоп сотко келген депутаттардын бири Исхак Масалаиев мындай пикири менен бөлүштү:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Соттун чечими чыккандан кийин бир айдын ичинде күчүнө кирет. Ушул мөөнөттүн ичинде шаардык сотко кайрылса болот. Андан кийин Жогорку Сот бар. Ушунун баары бүтмөйүнчө мандат маселеси көтөрүлбөйт. Бирок менин түшүнгөнүмчө, айрым жигиттерибиз ушундай жолго барганга аракет жасап атат. Кандай болсо да "соттолгон" деген статусту берген атышат. Ошонун негизинде БШК буйрукту аткарып коет да".

Азырынча Адахан Мадумаровдун мандатына байланыштуу тыянак чыгарууга эрте. Анткени иш Бишкек шаардык сотто жана Жогорку Сотто каралышы керек. Адахан Мадумаров лидерлик кылган Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясында алты мандат бар. Фракция өзүн расмий түрдө оппозиция деп жарыялап, Мадумаров өзү бийликти сындап келген.

Жогорку Кеңеште Кемпир-Абад маселеси каралып жатканда Мадумаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышкан эле. Дал ушул Кемпир-Абад маселесинде Мадумаров менен бийликтин пикири туура келген эмес.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соттун чечими 2009-жылдан бери келаткан протокол чырына чекит коет деген пикирди карманып турат.

"Мадумаровго кылмыш ишин ачууга депутаттар уруксат берген. Алар да ушул маселеге чекит коюуга ыктап калгандыр дейм. Мадумаров өзү деле протокол маселесинен тажап бүттү болуш керек. Ошон үчүн соттун чечими чыкса, анда депутаттыктан кетиши керек болот. Анын партиясы кандай болот? Партиянын жаңы лидери пайда болобу? Муну жакын арада көрөбүз. Ал эми саясий жагын айта турган болсок, Мадумаровго байланыштуу чечим азыркы бийликтеги кырдаалга, Кыргызстандын өнүгүүсүнө эч кандай таасир этпейт".

Башкы прокуратуранын аракети

Башкы прокуратура чек арадагы протоколго байланыштуу Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке 2022-жылы февралда кайрылып, парламент алгач муну четке каккан.

Көзөмөл мекемесинин өкүлдөрү экинчи ирет 2023-жылдын май айында ушул эле иш боюнча Мадумаровду жоопко тартуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке келген. Мында ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Бийликти күч менен басып алуу”, “Бийликтен аша чабуу” беренеси да кошулганы маалымдалган.

Депутаттык комиссия кайрадан изилдөө жүргүзүп, анын чечими менен парламент 22-июнда Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берет.

2023-жылдын 2-сентябрында депутат Мадумаров кармалып, камакка алынган. Саясатчыга “мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганы белгилүү болгон. Анын артынан партиянын бир нече мүчөлөрү кармалган. Мадумаровдун өзүнүн иши былтыр октябрда сотко өтүп, процесс ошондон бери уланып келатат. Депутат алты айдан бери тергөө абагында отурат.

Протоколдун таржымалы

2021-жылдын сентябрында президент Садыр Жапаров мамлекет башчы катары өткөргөн алгачкы маалымат жыйынында Тажикстан менен чек араны тактоодо жолтоо болгон себептерди атап жатып, Баткендеги Төрт-Көчө тилкесине токтолгон.

Ал так ушул тилке боюнча 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы катары Мадумаров кол койгон протоколду расмий Дүйшөмбү бетке кармап жатканын билдирген. Анда кыргыз тарап Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди Тажикстандан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алары жазылып калган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө. 2021-жылы тартылган сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө. 2021-жылы тартылган сүрөт.

Мадумаров муну өз интервьюларында четке кагып, “протокол жөн гана ниетти түшүндүрөрүн жана юридикалык күчкө ээ эмес экенин” айтып чыккан. Бирок ортодо чек ара боюнча документке байланыштуу Башкы прокуратурага сурак берип турган.

2022-жылдын 17-январында президент Жапаров протоколго байланыштуу Мадумаровду кайрадан айыптаган:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Адахан Мадумаровдун кол койгон протоколун мен Тажикстанга барганда билдим. Алар протоколду бетиме такап, "Төрт-Көчө көчө боюнча маселе 12 жыл мурда протокол менен бекиген, ал жерди силер 49 жылга арендага алгансыңар, 37 жылдан кийин узартып беришибиз мүмкүн же жабабыз, ал тилкеге кайрылып келбейбиз, башка жерлерди протоколдоштурганды уланталы" дешти. Негизи ар бир талаш жер эки тараптын макулдугу менен протоколго кол коюлуп чечилет. Эгер бир тарабы туура эмес болуп калды десе, анда кайрадан олтуруп, эки жактын тең макулдугу менен ал протокол жокко чыгарылып, башка протокол кабыл алынат. Азыр Мадумаровдун протоколу күчүндө турат. Мен дароо эле "Адахан Мадумаровдун кол койгонго укугу жок болчу. Бул протокол жараксыз, тааныбаймын, Төрт-Көчөнү кайра карап чыгалы" дедим. Себеби эки өлкөнүн ортосундагы делимитация, демаркация маселелери өкмөттүн, парламенттин, президенттердин ортосунда гана жүрөт. Мадумаров ал кезде болгону Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу. Төрт-Көчө менен анын айлана-тегереги толук биздин жер болгон. Ал жерди берип коюу – бул кылымдар бою кечирилгис чыккынчылык. Чыккынчылык кылдыңбы? Жооп бер!”, – деген Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына берген маегинде.

Депутат Мадумаров “президент өзү тергөөчү, башкы прокурор, сот болуп алды” деп сындап, өз дарегине айтылган айыптоолорду төгүндөгөн. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттаган.

Адахан Мадумаров суракка кирип-чыгып жаткан маалда “Азаттыктын” кабарчысына берген кыска интервьюсунда мындай деген болчу:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

“Кеп ал протокол жөнүндө эмес, кеп Мадумаров жөнүндө болуп жатат. Болбосо андай протоколдор жүздөп саналат". Депутат Балбак Түлөбаев “пандора жащигин ачпагыла” деп айтып кетти. Анткени бул өтө коркунучтуу эскертүү. Ким ыңгайсыз болсо, аны протоколго такап туруп, алып кете бергенге жол ачылып жатат. Бул бир жагы. Экинчи жагы, жумушчу топтун протоколун ушундай деңгээлге чыгаруу - бул жеткен сабатсыздык. Болгондо да Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети 2011-жылы муну толук жокко чыгарып, 2012-жылы өкмөт аны толук чакыртып алган. Ошондуктан бул 100% эмес, 1000% куугунтук”, – деген ал.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы толук такталбагандан улам эки өлкө кесилишкен жерлерде мурда да чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Ошондон кийин чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров былтыр 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG