Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Министрди сындаган депутат мандатын тапшырды


Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.
Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу боюнча арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтотту. Айрым саясат талдоочулар экс-депутаттын соңку билдирүүлөрү анын мандат тапшыруусуна себеп болушу ыктымалдыгын айтып жатышат.

Бир мандаттуу шайлоо округунан келген Коргонбай уулу мунун алдында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупциялык иштерге айыптаган.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 24-апрелде Жусупбек Коргонбай уулу мандатын өз каалоосу менен тапшырганын, жалпыга маалымдоо каражаттары аны башка нукка буруп жатканын Фейсбукка жазып чыкты.

БШК депутаттын арызын канааттандырды

Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Мындай чечимге эмне себеп болгонун айткан жок. Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде анын арызын карап, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Комиссиянын отурумуна 12 мүчө катышып, анда БШКнын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Махабат Кожокеева токтом долбоорун окуп берди:

"Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө келип түшкөн өз арызынын негизинде төмөнкүдөй токтом долбоору сунушталат: "№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. Күбөлүгү анык эмес деп табылсын жана президент Садыр Жапаровго бул шайлоо аймагында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо уюштуруу сунушу жөнөтүлсүн".

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова сунушталган токтом долбоорун добушка коюп, аны 12 мүчө бир добуштан колдоп берди.

Ошентип, Коргонбай уулу буга чейин өз каалоосу менен арызын жазды деген негизде парламенттен кеткен депутаттардын катарын толуктады.

Коргонбай уулунун арыз жазышына эмне себеп?

Буга чейин ал саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди "уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындап, коррупциялык иштерге айыптаган. Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында Бейшеналиев боюнча бир катар маалыматтарды жарыялаган эле.

“Президент “Алтын Балалык” реабилитациялык борборун оңдоп-түзөөгө

Коргонбай уулу Жусупбек
Коргонбай уулу Жусупбек

300 млн сом бөлүп берген. Ошону да уруп кетиптир. Үч жүз миллион сомду Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн баласынын фирмасы аркылуу ремонт иштерине киргизген. Баласынын фирмасы аткарууга алып, ошол иштер сапатсыз, жарым-жартылай жасалып, 150 млн сомдой акча каражаты уурдалган. Долбоордо көрсөтүлгөн курулуш материалдарынын ордуна сапатсыз материалдар колдонулган. Алымкадыр Бейшеналиевдин мүлктөрүн көрсөттүм. Булардын Түркияда дагы, Дубайда дагы кыймылсыз мүлктөрү бар. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мыйзамсыз баюу боюнча беренеде соттук-медициналык мафия ушул жерде жатат. Менин эсебим боюнча, ушул мафияда жалпысынан 50 млн долларга чейин бюджеттен уурдалган акча кармалып турат”, - деп айткан Коргонбай уулу.


Коргонбай уулунун мындай билдирүүлөрүнөн кийин министрдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Жалалидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсара Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов жана Нилуфар Алимжанова кирген. Бирок көп өтпөй анын курамы өзгөрүп кеткени тууралуу маалымат тараган. Азыр бул комиссияда ким бар экени жана иликтөө иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат жок.

Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын айткандарын четке кагып, сотко кайрылганын билдирген.

4-апрелде министр “Азаттыкка” курган маегинде депутаттын койгон айыптары чындыкка дал келбестигин кайталаган.

Президент Садыр Жапаров да "Кабар" агенттигиндеги кезектеги маектеринин биринде бул маселеге кайрылып, “министрдин туура эмес иштери аныкталса жазага тартыларын” айткан. Кийинчерээк маекке мамлекет башчынын “депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал дагы тийиштүү жазасын алат” деп айтканы толуктоо катары киргизилген.

"Алымкадыр Бейшеналиев президенттин командасынан"

Саясат талдоочу Айбек Теңизбай соңку кезде Жогорку Кеңеш бир топ алсырап, депутаттар өз пикирин ачык айта албай калды деп эсептейт. Ал ошондой эле министр Бейшеналиев президенттин командасындагы адам экенин эстен чыгарбоо керек экенин белгиледи:

Айбек Теңизбай
Айбек Теңизбай

"Жусупбек Коргонбай уулунун ар бир сөзү, дооматы жакшы каралып чыгышы керек. Бирок Бейшеналиев президенттин командасынан. Буга чейин ал адамга карата кылмыш иши козголуп, кайра жабылып, анан министр болуп келип калганынын өзү чоң нерседен кабар берет. Демек, анын артында президенттин өзүнүн сөзү, өзүнүн колдоосу турат деп эсептейм. Эми бул иш кандай жыйынтыкталары белгисиз. Коргонбай Жусупбек уулу өз мандатын тапшырып жатканына карай турган болсок, демек, Алымкадыр Бейшеналиев тарап күчтүүлүк кылып кетти десек болот. Мисалы, депутаттар өз каалоосу менен мандатын тапшыруу боюнча арызын жазып жатышат. Бирок анын артында кандай күчтөр, кандай себептер бар экенин ачык айта албай жатышат. Демек, буларга так жана даана түшүндүрүлдү, "унчукпайсыңар, өз каалооңор менен мандат тапшырасыңар, ошондо биз силерге кандайдыр бир кепилдик беребиз" деп. Бул окуялардын аркасында сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Мындай көрүнүш жалпы Кыргызстанга, Жогорку Кеңеш институтуна өтө чоң доо кетирет".

Ушул күнгө чейин ар кандай жагдайда - диплом чыры, кылмыш ишине байланыштуу же өзү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин 10дон ашык депутаты мандатынан ажыратылды. Алар: Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев, Абдывахаб Боромбаев, Эмилбек Жусупов.

Дагы бир саясат талдоочу Эмил Жороев Коргонбай уулунун мандат тапшыруусун Бейшеналиев менен байланыштырууга азырынча эрте деп эсептейт:

Эмил Жороев
Эмил Жороев

"Бул эки окуянын байланышы божомол түрдө гана айтылып атат, аны так айтууга азыр далил жетишсиз. Бирок депутаттын катуу айтканы ушу Бейшеналиевдин дарегине карата болду. Өтө көп маалымат айтылган. Министр бул боюнча сотко бердим деп жаткан. Эгер ошол маалымат туура эмес айтылган болсо, ал боюнча териштирүү, соттук бүтүм чыгарылышы керек эле. Мандатын тапшырып кеткени адекваттуу эмес жооп болот. А бирок буга чейин айтылып келгендей, Бейшеналиев менен президенттин мамилеси буга чейин да жакын болгон. Жеке мамилелер чындап күнөө коюлган, далили келтирилген каталарга карабастан, же мыйзамга дал келбеген аракеттерге карабастан кызмат ордун сактап калууга өбөлгө түзгөн болсо, албетте, бул чоң маселе болмок".

Бирок дагы бир саясат талдоочу Марс Сариев азыркы бийлик өз кадыр-баркын, аброюн көтөрүү максатында бир топ иштерди аткарып, парламентке коррупциялык жолдор менен келгендерди тазалоого далалат кылууда деген ойдо. Муну эксперт бийликтин туура стратегиясы катары баалайт:


"Коррупционерлер менен күрөшөбүз, аны жоготобуз дегенин карапайым эл колдоп атат. Бийлик туура кылып, элдин жүрөгүн өзүнө тартууда. Негизинен бийликтин логикасы туура, жакшы стратегия таап алышты. Бирок бир жагынан коррупционерлер менен күрөшүп атып опоненттерин да алып, аларды нейтралдаштырууга да болот. Азыркы бийликке 2-3 жыл эле калды, президенттик шайлоого аз калды. Азыртан парламентти колго алып, бир жаңсыл кылып тазалап албаса, президенттик шайлоодо маселе чыгат. Ошондуктан эмитен парламентти, элитаны тазалаш керек. Азыркы бийликти колдой турган элитаны түптөп жатат, оппозицияны жоготуп жатат. Бул бардык бийликте бар. Себеби оппоненттер жок болсо, анда президенттик жана парламенттик шайлоодо 100% аларды колдогон элита келет".

"Коргонбай уулу мандатын өз каалоосу менен тапшырды"

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатына байланыштуу 24-апрелде Фейсбук аркылуу комментарий берди. Ал депутат мандатын өз каалоосу менен тапшырганын, жалпыга маалымдоо каражаттары аны башка нукка буруп жатканын билдирди.

“Тактап айтканда, буга чейин эл өкүлү менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайым айтышканын, президент министрди коргоп чыкканын мисал кылып, анын мандатын тапшыруу себебине саясий боёк беришүүдө. Депутат Коргонбай уулунун мандатын тапшырганына министр Бейшеналиев экөөнүн ортосунда жаралган маселенин эч кандай тиешеси жок. Депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кайым айтышып кетүү учурлары буга чейин да болгон, мындан ары да боло берет. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Андыктан, депутаттын өз каалоосу менен мандатын тапшырганын жогорудагы санап өткөн себептерге байланыштыруу туура эмес. Анын кетүүсү - өзүнүн башка себептерине байланыштуу тандоосу, Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чыр-чатактарына такыр тиешеси жок”, – деп жазды башчысы Дайырбек Орунбеков.

Маалымат каражаттары эле эмес, социалдык тармактардын колдонуучулар Коргонбай уулунун арызын анын соңку саясий тиреши менен байланыштырып жаткан.

Ал арада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышын толук таркатып жибергенге негиз жок экенин 21-апрелде айткан.

Ал бийлик бул шайлоодо бир да талапкерди колдобой турганын, алар таза атаандаштыкта шайланып келиши керектигин билдирип, VII чакырылыштын депутаттары тууралуу да суроого жооп берген:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Жалпы парламенттин атына көө сүйкөп келе жаткан депутаттардын тобу бар болчу. Шайлоого көп каражат керек. Ошону уурулар, коррупционерлерден алып, элге тоодой убада берип, депутат болушкан. Бүгүн андай адамдардан парламентти “тазалап” бүтүп калдык. Толук таркатып салууга негиз жок. Себеби элдин чыныгы колдоосу менен келген таза депутаттар да бар. Мурда терс иштерге шектелген адамдар менен бир чакырылышта отуруп калышканына алардын күнөөсү жок да. Парламент толук таза болушу үчүн акчага, кооз убадага алданып добуш бергенди токтотуш керек. Эл алданбай, акты актай, караны карадай ажыратып, туура тандоо жүргүзсө, парламент да таза болот”, - деген ал.

№2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында 28-апрелде шайлоо өтөт.

2021-жылы ишин баштаган парламенттин VII чакырылышы 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан шайланып келген.

Коомчулукта “Жогорку Кеңештин депутаттары маанилүү маселелерде позициясын билдирбейт, президенттик администрациянын нотариалдык органы болуп калды” деген сын-доомат көп айтылат.

44 жаштагы ишкер Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган. Анын ысымы буга чейин көмүр кен чырында аталган.

Кенди иштетүүгө лизенция алган “Уу-Таш” ишканасынын кожоюндарыбыз деген жарандар депутат, милиция кызматкери аралашып, көмүр кенин тартып алганын айтып, чыр сотко жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG