Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Чойбековдун мандаты экс-мэрге өтөбү?


Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.
Эмилбек Абдыкадыров жана Бактыбек Чойбеков. Коллаж.

Бишкек шаардык соту Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул округдан шайланып келген парламент депутаты Бактыбек Чойбеков Жогорку Сотко апелляциялык арыз берери белгилүү болду.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин ар кандай себеп менен онго жакын депутаттын мандаты алынды. Айрымдар бийликтин саясатын колдобогону үчүн мандаты алынганын айтып чыгышкан.

9-апрелде Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековдун аны мандаттан ажыратуу боюнча административдик соттун чыгарган чечимине каршы апелляциялык арызын карап, аны күчүндө калтырды.

БШКнын чечими, Чойбековдун нааразылыгы

2021-жылы парламентке №21 Талас округу боюнча өткөн шайлоодо Бактыбек Чойбековго Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров атаандаш болгон эле. Чойбеков 10 376 добуш алып (34,64%), биринчи орунду камсыздаган. Округда ат салышкан алты талапкердин ичинен экинчи орунду алган Эмилбек Абдыкадыров 7404 кол алып, же 24,71% добуш топтогон.

Буга чейин борбор шаардын административдик соту Эмилбек Абдыкадыров шайлоо маалында талапкер Бактыбек Чойбековдун командасындагы Калмурзаев, Нурланов аттуу адамдар добуш сатып алган деген негиз менен шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууну суранган арызын канааттандырган.

Бактыбек Чойбеков аты аталган адамдар аны менен иштебегенин, соттордун чыгарган чечимдерин адилетсиз деп эсептей турганын “Азаттыкка” билдирди:

“Соттордун чыгарган чечимдери бир тараптуу эле болуп жатат. Биздин келтирген жүйөлөрүбүз, фактыларыбыз эске алынган жок. Эмилбек Абдыкадыров тарап “Чойбеков добуш сатып алган, эки жигит бир аялга төрт миң сом акча берген деп” доомат коюп жатат. Бирок, мен айтып жатам, ал балдар шайлоо маалында менин штабымда юридикалык жактан үгүтчү же башка болуп катталбаса, эки адам көчөдө алы-бериш кылып жатса мага анын кандай тиешеси бар деген далилдерди келтирип жатам. Бирок, аны угушпай жатат. Эми Жогорку Сотко кайрылабыз, алар адилеттүү карап берет деген үмүттөбүз. Эми албетте, биздин иштегенибизге эки жарым жыл болуп калды. Ал аксакал мэр же президенттин өкүлү болуп турганда арыз жазса болмок. Эми жумушу жок калганда арыз жазып отурганы адамгерчиликке жатпай турат. Аны эми жалпы коомчулук көрүп турат. Албетте, бийликтин колдоосу болгону үчүн ал киши ушул кадамдарга барып жатат. Негизи бул мыйзамсыз жана адилетсиздик деп ойлойм.”

Быйыл 22-февралда Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия - БШК Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлүнүн арызын карап, аны канааттандыруудан баш тарткан.

Абдыкадыровдун өкүлү 2021-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда Чойбековдун командасындагы адамдар Керимбекова аттуу айымга 4000 сом берген деп билдирген.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова арыз ээси тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтмөдөн баш тартканын айтып, ал ирет арыз боюнча жыйынтык чыгарылган эмес. Абдыкадыровдун өкүлү алар арыз менен прокуратурага кайрылгандан кийин иш кайра жанданганын айткан болчу.

"Соттордун чечимдерине комментарий бере албайбыз"

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоо бүткөндөн бери узак убакыт өткөнүнө карабай соттордун мындай чечим кабыл алып жатканы айрым суроолорду жаратарын билдирди:

Узарбек Жылкыбаев
Узарбек Жылкыбаев

“Февраль айында Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлдөрү БШКга арыз менен кайрылган. Биз карап көрүп, эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмеспиз. Бул биринчиден. Экинчиден, шайлоо мыйзамдарына ылайык нааразы тарап шайлоо бүткөндөн кийин үч күндүн ичинде арыз менен кайрылыш керек. Мөөнөттөрдүн баары өтүп кеткен. Биздин чыгарган ал чечимибизди Эмил Абдыкадыров сотко берген экен, административдик сот, эми кечээ жакында шаардык сот анын пайдасына чечим чыгарыптыр. Негизи шайлоо “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам менен тескелет. Азыркы талаш ошол мыйзам менен гана чечилиш керек болчу, себеби, нааразы тараптарга берилген мөөнөттөр так көргөзүлгөн. Бирок, добуш сатып алуу Кылмыш-жаза кодекси менен каралып жатат. Соттордун кабыл алган чечимдерине комментарий бере албайбыз, бирок, алардын ишти караганына, кабыл алган чечимдерине бизде да суроолор пайда болуп жатат”.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбаев депутаттардын минтип биринен сала бири мандатын тапшырышы жалпы парламент институтунун көз карандысыздыгына терс таасирин тийгизет деген ойдо:

“Жогорку Кеңеш - бийликтин эң башкы бутактарынын бири. Депутат шайланып келгенден кийин 3 жылга жакын убакыт өткөндөн кийин шайлоодогу окуяга байлап мандаттан ажыратууну туура эмес чечим деп эсептейм. Депутаттарды минтип мандатынан ажыратуу да күчкө салынып жатат. Бул өтө туура эмес. Муну мен Жогорку Кеңештин депутаттарын, парламент институтун алсыратуу катары белгилеп кетким келет. Депутаттарды эл шайлайт, демек, аларга иммунитетти эл берген, аны башка бирөөнүн ажыратканы жакшы эмес. Парламенттин иштөө мөөнөтү деле аяктап баратат го. Бул жакшы көрүнүшкө алып барбайт. Дегеле, сот бийлиги президенттен, УКМКнын төрагасына көз каранды болуп калды.”

Бактыбек Чойбеков "Элдик" депутаттык тобунун мүчөсү. Ал буга чейин айрым талылуу маселелерде принципиалдуу позицияны карманып, өз пикирин ачык айткан учурлары болгон.

Чойбековдун ордуна Абдыкадыров келеби?

65 жаштагы Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы Таластагы шайлоодон жолу болбогондон кийин президенттин жарлыгы менен Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган.

Андан кийин ал 2023-жылдын ноябрынан 2024-жылдын февралына чейин үч айдай президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кыска убакыт иштеген.

2021-жылы шайланган VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ондон ашууну сот аркылуу мандатынан ажырап, айрымдары өз ыктыяры менен тапшырган.

Бир катар эл өкүлдөрү Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго катышы бар делсе, айрымдарына кылмыш иши козголгон. Кээ бир депутаттар аткаруу бийлигине кызматка которулган.

Диплом чыры, кылмыш иши, өзү жазган арыздын негизинде Жогорку Кеңештин тогуз депутаты мандатынан ажыраган: Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев.

2021-жылы “Ата Журт -Кыргызстан” партиясынын депутат болгон Бакыт Төрөбаев 2022-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалып, мандатын тапшырган.

Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фрациясынын лидери Адахан Мадумаров “Мамлекеттик чыккынчылык” жана “Алдамчылык” беренелерине шек саналып 2023-жылдын сентябрь айынан бери УКМКнын тергөө абагында жатат.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгында парламентке шайланып келген Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык эми депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилмекчи.

13-мартта Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын мүчөсү Чыңгыз Айдарбеков мандатынан ажыратылган депутаттар жана алардын айланасындагы иштер боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, ал колдоо тапкан эмес.

Айдарбеков “90 депутаттан 13ү кеткенин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктары тебеленип-тепселип жатканын" айтып чыккан.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG