Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Зеленский согушту кышка чейин соңуна чыгаруу​​​​​​​ну көздөйт


Владимир Зеленский "Чоң жетинин" жумушчу сессиясында видео байланыш аркылуу кайрылуу жасады.
Владимир Зеленский "Чоң жетинин" жумушчу сессиясында видео байланыш аркылуу кайрылуу жасады.

27-июнга караган түнү Орусиянын армиясы Одесса облусуна сокку урганын украин бийлиги кабарларды. Маалыматка караганда, чабуулдан алты адам, анын ичинде бир бала жабыркады. Украина президенти согушту кышка чейин бүтүрүү керектигин айтып, "Чоң жетиге" кайрылды.

Ишембиде орус армиясы Украинанын баш калаасы Киевди, Чернигов, Харьков облусунун түндүк аймактарын, Николаев, Луганск жана Донецк облустарын ракеталар менен аткылаган. Киевдин борбордук бөлүгүнө жасалган аба чабуулдан эки киши курман болуп, ондон ашуун адам жараат алды.

Киев Орусия карапайым тургундар жашаган райондорго сокку урганын айтса, Кремл муну четке кагып, курал-жабдык чыгарган заводду бутага алганын билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-июндун кечинде жасаган кайрылуусунда соккуларга катыштыгы бар орус аскерлерине кайрылып, алар эртеби-кечпи өз жазасын аларын эскертти.

"Украинага ракеталык соккуларды уруп жаткан учкучтар, диспетчерлер, механиктер жана башкалар, биз силерди эртели-кеч табабыз. Ар бириңер бул соккулар үчүн жооп бересиңер. «Жөн гана буйрук аткарганбыз» деген шылтоо менен жоопкерчиликтен качып кетем дегендер жаңылышат", - деди ал.

26-июнда Кремл Украинанын чыгышындагы Северодонецк шаарын толугу менен өз карамагына алганын билдирди. Эми орустар Лисичанск калаасын алса, Луганск облусу толугу менен Москванын карамагына өтөт.

Аталган облустун губернатору Сергей Гайдай Лисичанскинин тургундарын калаадан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырды. Чабуулдар башталгыча бул шаарда 100 миңдей адам жашачу.

«Орус дүйнөсү» биздин маданий жана архитектуралык эстеликтерди жок кылуу менен тарыхыбызды өчүрүүгө далалат жасап жатат», - деп Гайдай Телеграм-каналына жазып, 60тай эстеликти жок кылганы үчүн орус аскерлерин айыптады.

Зеленскийдин кайрылуусу

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Чоң жетиге" мүчө мамлекеттердин лидерлерин орус агрессиясын жыл аягына чейин соңуна чыгаруу үчүн бардык күчүн жумшоого чакырды.

Ал 27-июнда жасаган видео кайрылуусунда абадан коргоону системаларын сурап, Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Жыйынга катышкан дипломаттардын айтымында, Зеленский Украинада камалып турган буудайды чыгарууга жана өлкөнү калыбына келтирүүгө жардамдашууга үндөдү.

"Чоң жетинин" лидерлери Владимир Зеленскийдин кайрылуусун көрүп жатышат. 24-июнь, 2022-жыл.
"Чоң жетинин" лидерлери Владимир Зеленскийдин кайрылуусун көрүп жатышат. 24-июнь, 2022-жыл.

Ак үй 27-июнда билдиргендей, Кошмо Штаттар жана анын союздаштары Москвага каршы санкцияларды катаалдаштырууну көздөп жатышат. Алар бул тууралуу 28-июнда саммит аяктагыча жарыялары күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, дагы бир катар орусиялык жарандарга жана компанияларга санкция киргизилет.

Ошондой эле жети мамлекеттин төртүнүн лидерлери орус алтынын импорттоодон баш тартуу ниетин билдиришти.

Орусия былтыр 15,4 миллиард долларга алтын экспорттогон.

Аналитиктердин пикиринде, Украинанын чыгышындагы согуш көпкө созулуп, эки тараптан тең эбегейсиз жоготуулар болушу ыктымал. Британ чалгын кызматы билдиргендей, буга чейин көп аскерлеринен айрылган Орусия жакынкы күндөрү резервдеги жоокерлерин согушка тартышы мүмкүн. Ошол эле маалда британ чалгын кызматынын эсебинде, азырынча орус бийлиги жапырт мобилизация жарыялабайт.

Орусия согуштагы жоготуулары тууралуу акыркы ирет мартта билдирген. Анда 1300дөй орус аскери мерт кеткени кабарланган.

Батыш эксперттери жана Киев Москва отуз миңге чукул аскеринен айрылганын маалымдап келет. Ал эми Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы жума сайын орус шаарларындагы аскерлердин сөөгү коюлган жайлар көбөйүп жатканын жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG