Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:34

Британияга ишке орноштуруудагы алдамчылык жөнүндө эскертилди


Улуу Британия жана Европа өлкөлөрүндө жумушка орношуу боюнча алдамчылык фактылары көбөйүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору белгилеп, жарандарды этият болууга чакырды.

"Жарандарды Улуу Британияга ишке орноштуруу акысыз жүрөт, арыз берүүчү өз алдынча авиабилет сатып алып, жумуш визасын алуу үчүн консулдук жыйымды төлөйт. Борбор жарандарды Instagram жана Facebook социалдык платформаларында таргет-жарнама аркылуу таратылган жарнак материалдарына жана чет элдик агенттиктерге ишенбөөгө чакырат", - деген министрлик.

Британияда жана Европа өлкөлөрүндө жумуш табууну каалагандар үчүн ишенимдүү, мыйзамдуу булактар - бул чет өлкөдөгү Жарандарды жумушка орноштуруу борбору жана тиешелүү уруксаты бар жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери. Агенттиктин мыйзамдуу экенин же иштебей тургандыгын www.migrant.kg. веб-сайттан текшерсе болору белгиленген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда тиешелүү уруксаты бар 160тай агенттик иш жүргүзөт. Былтыр министрлик жана ушундай агенттиктер аркылуу 18 миңден ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде ишке орношкон. Алардын басымдуу бөлүгү Улуу Британияга мезгилдүү айыл чарба жумуштарына барган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG