Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

НАТО саммитинин алдында Киев аткылоого кабылды


Ракеталык аткылоодон улам талкаланган тогуз кабаттуу үй, Киев шаары. 26-июнь, 2022-жыл.
Ракеталык аткылоодон улам талкаланган тогуз кабаттуу үй, Киев шаары. 26-июнь, 2022-жыл.

26-июнда таңга маал Орусиянын күчтөрү Украинанын баш калаасы Киевдин бир катар кварталдарын ракета менен аткылады. Натыйжада Шевченко районундагы тогуз кабаттуу үй талкаланып, кеминде бир киши набыт болгону кабарланды. Беш киши жараат алган.

Куткаруучулар урандылардын астынан 7 жаштагы кызды эсен-соо алып чыгышкан. Киевдин мэри Виталий Кличко урандылардын астында дагы адамдар калышы ыктымал экендигин билдирди.

Аткылоого кабылган Шевченко району Киевдин борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Окуя тууралуу Орусиянын аскерлери азырынча билдирүү тарата элек.

Куткаруучулар урандылардан тургундарды алып чыгууда. Киев, 26-июнь, 2022-жыл.
Куткаруучулар урандылардан тургундарды алып чыгууда. Киев, 26-июнь, 2022-жыл.

Ушул эле түнү орус армиясы Чернигов облусун, Харьков облусунун түндүк аймактарын, Николаев, Луганск жана Донецк облустарын ракеталар менен аткылаган.

Украин президенти Владимир Зеленский бул аткылоону НАТОнун саммитинин алдында “украиналыктарды коркутуу” аракети деп сыпаттады. 28-30-июнда Мадридде НАТОнун саммити өтөт. Анын алдында 26-июнда Германияда "Чоң жетинин" лидерлери чогулуп, Украинадагы кырдаалды талкуулайт.

Бир күн мурун Украинанын аскердик күчтөрү Киевден 600 чакырым алыстыкта жайгашкан түштүк-чыгыштагы Северодонецк шаарынан “тактикалык чегинүү” жасаганын билдирген.

Зеленскийдин убадасы

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку кайрылуусунда, Орусия басып киргенден берки Украина жоготкон бардык шаарларды кайра кайтарып аларын убада кылды.

Ал Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европанын аймагындагы эң ири салгылашуу оор жоготуулар менен коштолгонун, бирок акыр-аягы жеңиш менен аяктарын айтты.

"Биз согуш дагы канчага созуларын, дагы канча жардыруу, канча жоготуу болорун, жеңишке жеткенче дагы канча аракет кылыш керегин айта албайбыз. Ири саммиттердин алдында атылган Орусиянын ракеталары - Орусияга салынган санкциялардын жетишсиздигин айгинелейт. Ал эми Украинага дагы кошумча аскердик жардам керек. Биздин өнөктөштөрдөгү заманбап абадан коргонуу системалары машыгуу полигондорунда же кампаларда эмес, Украинада болушу керек".

Украинанын президенти Владимир Зеленский Германиянын Бавария аймагында өтө турган "Чоң жетинин" саммитине онлайн катышат. Ал дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнөн Украинага жардам сурашы күтүлүүдө.

Согуштун кулачы кеңейеби?

Украина Беларус тараптан чыгарылган ракеталардын саны көбөйгөнүн айтып келет. Бул жагдай согуштун кулачы мындан да кеңири жайылышы мүмкүн деген кооптонууларга жол ачууда. Ал арада Москва Беларуска заманбап ракета системаларын өткөрүп берерин билдирди.

25-июнда Беларус лидери Александр Лукашенко менен жолуккан Орусиянын президенти Владимир Путин Москва жакынкы айларда Беларуска алыстан башкарылып, 500 чакырымга чейин учуп, өзөктүк дүрмөт ташый ала турган “Искендер-М” ракеталык системаларын берерин жарыялады.

Украинанын чалгындоо кызматы Беларустун аймагында туруп, ракеталар менен аткылаган Орусиянын учактары тууралуу билдирген. Муну Беларусту да Украинадагы согушка тартуу аракети катары сыпаттады.

Лукашенко согуш башталганда эле миңдеген орусиялык аскерлерге Беларустун аймагынан Украинага сокку уруп, басып кирүүгө шарт түзүп берген.

Украинанын Коргонуу министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Вадим Скобицкий 25-июнда “РБК-Украина” телеканалында сүйлөп жатып, учурда Беларус Украинага чектеш аймагында 4 миңден алты миңге чейин аскерлерин кармап турганын билдирди.

Андан тышкары Беларуста дагы 1500 орусиялык аскер беларус аскер түзүмдөрүнө көмөк көрсөтүү максатында жайгаштылырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG