Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маалыматтарга комментарий берди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуу тууралуу 7-каналга комментарий берди. Ал келишим Өзбекстан тараптан 100% аткарылып жатканын белгилеген.

Аталган каналдын журналисти "Кемпир-Абад суу сактагычына өзбекстандык эки катер кирип, балыкчыларды кууп чыкты" деген маалыматтар айтылып жатканын белгилеп, "келишим аткарылбай жатабы?" деп сураган.

Ташиев Кыргызстандын жарандары балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп, чек арадан өтүү тартибин бузганын айткан.

"Биздин эки жараныбыз балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп кетишкен экен. Чынында, чек аранын өтүү тартибин бузганы үчүн аларды камаш керек эле. Биз деле ушундай моменттер болуп, чек араны бузуп өтүшсө, өзбек жарандарын камайбыз. Мыйзамдар ушундай. Өзбек чек арачылары болсо адамгерчилик кылып, эки жараныбызды катерге салып, биз тарапка чыгарып коюп, кайра кетишкен. Бул да болсо мамилелерибиздин жакшырганы, бийик деңгээлге чыкканы десек болот. Мындан сырткары, тор менен балык кармоого Кемпир-Абадда эле эмес, Кыргызстандын бардык көлдөрүндө, суу сактагычтарда, керек болсо дарыяларда да тыюу салынган. Тор менен балык кармабагыла. Браконьердик кылбагыла. Кайырмак менен мага десеңер суткасы менен жатып алып кармай бергиле. Мал-салыңарды кенен-кесир сугара бергиле. Эң негизгиси, биздин чек арадан ары өтпөгүлө", - деген УКМК төрагасы.

2022-жылы Өзбекстан менен Кыргызстан чек арада жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычын чогуу башкаруу жөнүндө келишим ратификацияланган. Макулдашуу боюнча суу сактагыч турган 4485 гектар жер Өзбекстанга берилген. Кыргыз бийлиги бул үчүн Өзбекстан 19 миң гектар жер бергенин билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен комиссиясы башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Буга өзгөчө кырдаалдар, анын ичинде суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана башка күтүүсүз жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер маселеси буга чейин өлкөдө чоң саясий темага айланган. Бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктары толук корголгонун билдирген. Анын жери өзбек тарапка өтүп жатат деген кооптонуусун айтып чыккан 30га жакын саясатчы жана активист камакка алынган, алардын бир тобу ар кандай жүйө менен үй камагына чыккан.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Аларга “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде иш козголгон. Иштин фигуранттары бул айыптоолорду четке кагып келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG