Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:18

Кыргызстандан Орусияга автоунаа экспорту дээрлик токтоду


Жеңил машинелерди ташыган оор жүк машине. Иллюстрациялык сүрөт.
Жеңил машинелерди ташыган оор жүк машине. Иллюстрациялык сүрөт.

Апрелдин жыйынтыгында Кыргызстандан Орусияга автоунааларды экспорт кылуу дээрлик токтоду. Бул тууралуу орусиялык "Автостат" аналитикалык агенттигинин директору Сергей Целиков борбордун ютубдагы каналында билдирди.

Агенттиктин маалыматына ылайык, апрелде Орусияга жалпы 90 миң жеңил автоунаа импорттолгон. Мунун 57 миңден ашыгы жаңы, 31 миңден ашыгы эски машинелер.

Жаңы автоунаалардын 94% Кытайдан келсе, 1,7% Кыргызстандан ташылып келген. Башка өлкөлөрдүн көрсөткүчү мындан да аз.

Эски автоунаалардын 66% Жапониядан, 13,4% Түштүк Кореядан, 9,3% Беларустан, 3,3% Кытайдан сатып алынган. Бул типтеги транспорттордун импортунда Кыргызстандын үлүшү болгону 0,5% түзөт.

Ушул эле "Автостат" аналитикалык агенттигинин кабарларында жазылгандай, 2024-жылдын алгачкы үч айында Орусияга 295,7 миң жеңил автоунаа ташылып келсе, анын 66,4% Жапония, 24,6% Кыргызстандан барганы жазылган. 2023-жылы орус жергесине келген 1 миллиондон ашык машиненин 15-20% Бишкектен барган болчу.

Орусияга Кыргызстандан автоунааны ташуунун азайышы Москванын аталган рынокко байланыштуу бир нече чечими себеп болду. Алсак, Орус өкмөтү импорттук автоунаанын кайра иштетүү акысын (утилсбор) төлөө суммасын апрелден тарта көбөйттү.

2022-жылы Москва Украинага аскерлерин киргизген соң Батыш өлкөлөрү Орусияга санкцияларын күчөтүп, ага көптөгөн товарларды түз ташып кирүүгө тыюу салган. Мындан улам Борбор Азия өлкөлөрү түрдүү нерселерди башка өлкөлөрдөн өзүнө импорттоп, кайра Орусияга реэкспорт кылып жаткан. Анын ичинен Кыргызстан да Орусияга автоунаа жана башка товарларды сатуусун жанданткан.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, 2023-жылы кыргыз жергесине чет өлкөлөрдөн 185 миңдей жеңил автоунаа келсе, анын 80 миңи Кытайдан ташылган. Былтыр сыртка кайра 9 миңдей автоунаа экспорттолгону, анын 6 миңден ашыгы Орусияга кеткени расмий маалымдалат. Бейрасмий сан мындан көп. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG