Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:18

Депутаттарды шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталууда


Жогорку Кеңештин имараты
Жогорку Кеңештин имараты

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары шайлоодогу үгүтчүлөрдүн санын кыскартууну көздөп жатышат.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүгө ылайык, саясий партияларга 5 миңден, бир мандаттуу шайлоо округдан талапкерлерге 100 адамдан ашпаган үгүтчү алууга уруксат берилет.

Учурдагы мыйзам боюнча, саясий партиялардын үгүтчүлөрүнүн саны 10 миңден, бир мандаттуу округдан талапкерлердики 500дөн ашпоого тийиш.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде азыркы эреже ашыкча үгүт иштерин жүргүзүүгө жана талапкерлерге бирдей эмес шарт түзүлүшүнө себеп болуп жатканы айтылат.

Демилгечилер үгүтчүлөрдү кыскартуу саясий партияларга жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан чыккан талапкерлерге финансылык жүктү азайтууга жардам берерин, бул “ресурсу чектелүү" талапкерлер үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети аталган документти 7-майда карап, биринчи окууда жактырды.

Депутат Дастанбек Жумабеков бул түзөтүүлөргө каршы пикирин билдирип, эгер мыйзам кабыл алынса, ал көмүскө үгүттү күчөтүшү ыктымалдыгын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG