Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Украинадагы согуш: тынчтык издеген бозгундар


Покровсктогу вокзал. Донецк облусу, 18-июнь 2022-жыл
Покровсктогу вокзал. Донецк облусу, 18-июнь 2022-жыл

БУУнун Качкындардын эл аралык күнүн утурлай чыгарган маалыматына ылайык, согуш башталган 24-февралдан бери 12 миллиондон ашуун украиналык бозгунга айланды.

Донбасста эки маанилүү шаар үчүн кармаш уланып жаткан кезде украин жетекчилиги орус армиясы Харьков багытында чабуулга өткөнүн билдирди.

Киев ошондой эле өз портторун блокададан бошотуу үчүн "татаал" сүйлөшүүлөргө катышып жатканы белгилүү болду.

Украинанын чыгышындагы Бахмут шаарынын тургуну, 22 жаштагы Лилия Орусиянын кол салганына төрт айдын жүзү болгондо курчоодо калган аймактан кетүүгө бел байлады.

Бахмут эки айдан бери катуу кармаштын очогуна айланган Северодонецк жана Лисичанск шаарына 55 километр жакын жерде орун алган.

Анын айтымында, абал оор, электр жарыгы, суу, газ жок, аткылоо токтобой жатат.

Бахмут шаары орус армиясынын аткылоосунан кийин. 13-июнь 2022-жыл
Бахмут шаары орус армиясынын аткылоосунан кийин. 13-июнь 2022-жыл

Эмчектеги баласы менен Донецк облусундагы Покровск вокзалынан жолго чыккан Лилиядай эле Донбасстын көптөгөн жашоочулары үчүн Качкындардын эл аралык күнү бозгун турмуштун башталышы болуп калмакчы.

Орусия басып киргенден бери, Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, украиналыктардын үчтөн бир бөлүгү жер которууга аргасыз болду. 7 миллиону Украинанын ичиндеги коопсуз аймактарга кетсе, 5 миллиондон ашууну сырт жакта башпааналап жүрөт.

Орус аскерлери Киев облусунан сүрүлүп чыккандан кийин кээ бир украиндер үйүнө кайта баштаганы менен Донецк жана Луганск облустарындагы айыгышкан салгылашуудан качкандар көбөйдү.

БУУ кармаш жүрүп жаткан аймактарда жол, көпүрөлөр талкаланып, аткылоо токтобой жаткандыктан кооптуу жерден чыга албай калган адамдардын саны 13 миллиондун тегерегинде деп болжолдойт.

Жекшембиде Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Северодонецкиден элди чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой калганын билдирди.

Шаардын ири бөлүгү Орусиянын көзөмөлүнө өткөн, бирок украин жоокерлери “Азот” заводунун аймагын коргоп жатат. Маалыматтарга караганда, орус армиясы Северодонецк жана Лисичанскини курчоого алуу аракетин көрүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлиги Северодонецкинин четиндеги Метелкино айылын алганын билдирди. Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орусиялыктардын ал жактагы “жарым-жартылай ийгилигин” моюнга алды.

Украин президенти Владимир Зеленский Донбасстагы азыркы кармашты “Европадагы жана Европа үчүн эң айыгышкан салгылаш” деп атаган.

Мариуполь порту. 12-июнь 2022-жыл
Мариуполь порту. 12-июнь 2022-жыл

Дүйшөмбүдө Зеленский Украина өз портторун Орусиянын деңиз флотунун блокадасынан бошотуу үчүн "татаал" сүйлөшүүлөргө катышып жатканын билдирди.

Ал азырынча бул жаатта жылыш жок экенин кошумчалап, дандын тартыштыгынан келип чыккан дүйнөдөгү каатчылык Москванын "оторчулук согушу" токтомоюнча улана бериши мүмкүн экенин эскертти.

Ушул эле күнү Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Орусиянын Украинага буудайды экспорттоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын “согуш кылмышына” теңеп, дүйнөнү, өзгөчө Африка мамлекеттерин ачарчылык тооруп турганын белгиледи.

Орус президенти Владимир Путин дүйнөдөгү дандын кымбатташына Москваны күнөөлөгөн билдирүүлөрдү четке каккан.

Украин жетекчилиги орус аскерлери Харьков багытында топтолуп жатканын билдирди.

Согуштун алгачкы апталарында каршы тарап шаарга жакындап, жака белиндеги конуштарда салгылашуу жүргөн. Өлкөнүн экинчи ири шаары аткылоолорго туш болуп, чоң кыйроого учураган. Апрель-май айларында украин армиясы орустарды чек арага чейин сүрүп чыгарган. Акыркы күндөрдө орус бөлүктөрү кайрадан чабуулга өткөнү, бир нече айыл-кыштакты кайтарып алганы кабарланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG