Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Украина эки облусу Орусиянын чабуулуна кабылганын билдирди


Никополь шаары.
Никополь шаары.

Украинада кечээтен бери Орусиянын чабуулдарынан Днепропетров жана Сумы облустарында бир киши каза болгонун, сегиз киши жараат алганын бүгүн 7-майда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысактын айтымында, Никополь шаары эртең менен артиллериялык жана дрон чабуулуна кабылды, жергиликтүү тургундар арасынан улгайган бир аялга сынык тийип, ал ооруканага жаткырылды.

Сумы облусунда, жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, жалпысынан 224 жолу сокку урулду, бир кишинин өмүрү кыйылды, беш киши, арасында эки жаш бала жараат алды, үйлөр, автомашиналар талкаланды.

Бул облустун аймагына жасалган чабуулдан кечээ жогорку вольттуу электр подстанциясы кыйраган. Украинанын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 5,4 миңдей абонент электр жарыгысыз отурат.

Мындан тышкары Орусиянын соккуларынан электр тармагы жабыркаган Донецк облусунда 45 миң, Запорожьеде 3,8 миң, Николаевде 27,4 миң жана Черниговдо 4,2 миң абонент электрсиз жашап жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG