Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Акылбек Жапаров Кумтөрдөгү жер астынан казып алуу карьерин көрдү


Акылбек Жапаровдун Кумтөр кенин көрүп жаткан учуру.
Акылбек Жапаровдун Кумтөр кенин көрүп жаткан учуру.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн сайты кабарлады.

Жапаров алгач Кумтөр ишканасынын жетекчилик курамы менен жыйын өткөрүп, кендин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешин, алдыга коюлган пландардын аткарылышын талкуулады. Андан соң ишкананын машина оңдоочу жайына барып, жаңы экскаваторлорду куроо жана май куюучу бекеттердин абалы менен таанышты.

Минкаб төрагасы ошондой эле Кумтөрдүн негизги карьерине барып, кен казуу иштери жана жер астынан алтын казуу долбоорунун жүрүшү менен таанышты.

Быйыл февраль айында Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу долбооруна старт берилген. Бул 115 тоннага жакын алтын чыгарууга мүмкүндүк берет.

Өкмөт тараткан маалыматка ылайык, 2026-жылдан тартып кендин калдык сактоочу жайында жайгашкан руда калдыктарынан алтын казып алууну баштоо пландалууда. Баштапкы эсептөөлөр боюнча калдык сактоочу жайлардан кошумча 120 тонна алтын алууга мүмкүн.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган.

Кенде 2021-жылы 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын кенге ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 миллиард сом салык төгүлгөн.

2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2023-жылы Кумтөр кенинен 13 тонна 567 килограмм алтын өндүргөнүн мурдараак кабарлаган. Анда компаниянын жалпы кирешеси 848 млн доллар болсо, таза кирешеси 302,5 млн долларды түзгөн.

Ишкана былтыркы жылы жалпы 14 тонна алтын өндүрүү планын койгон. Планга жетпей калган себебин ишкана “казылган рудада алтындын көлөмү аз чыгып калганы менен” түшүндүргөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG