Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:42

COVID-19: Кайдыгер эл, жайылган вирус


Баткендеги оорукананын дарыгери иш учурунда. Апрель, 2020-жыл.
Баткендеги оорукананын дарыгери иш учурунда. Апрель, 2020-жыл.

Бишкек шаарында жана Чүй, Баткен облустарында вирус көп жайылып жатат. Статистика боюнча вирус жугузуп алгандар жана өлгөндөрдүн саны боюнча да акыркы учурда Баткен жана Бишкек алдыга чыкты. 

Дарыгерлер Баткенде бул илдет жугузуп алгандардын, каза тапкандардын көп болуп жатышын жарандардын өз ден соолугуна кайдыгер экени менен байланыштырышат.

Алардын айтымында, өз алдынча үйдөн дарылангандар жана мурда ооруп, бирок дарыланбай жүргөндөрдү сактап калуу кыйын болууда.

Өлкө боюнча март айынан бери 10-ноябрга карата коронавирус жугузуп алгандардын саны дээрлик 64 миң кишиге жетип калды. Учурда үч жарым миңдей киши бейтапканаларда, төрт миңге жакын киши үйдө дарыланып жатат.

Кыргызстанда март айында башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну сентябрь айынын соңунда башталып, октябрда Баткен облусунда абал кыйла оорлошуп кеткен.

Өлкөдө, анын ичинде Баткенде күн сайын каза болгондор менен жаңыдан вирус жугузуп алгандар көбөйүп, күндүзгү стационарлар иштей баштаган.

Азыркыга чейин облус аймагында абал кооптуу бойдон калып, чектөөлөргө карабай жаңыдан вирус жугузуп, абалы оорлоп оруканага түшкөндөрдүн саны азайбай жатат.

Баткендеги жугуштуу оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгери Асел Кошбаева элди өз саламаттыгына кайдыгер карабоого чакырды:

"Негизги себептердин бири - илдети аныкталган жарандар кечигип, оорусу күчөгөндөн кийин кайрылып жатышат. Экинчиден, көпчүлүгү мурда башка өнөкөт оорулары бар болуп, аны дарылатпай жүрө бергендер. Жыл сайын алдын алып дарыгерге кайрылып, дарыланышы керек да. Анан дагы бир себеп - сыркоолоп калганда үйүндө өз алдынча дарылангандар көп болуп жатат. Ушундай болуп, акырында абалы оорлошкондо келип жатышат. Аларды сактап калуу оор болот экен",- деди Асел Кошбаева.

Анын айтымында, вирустан каза тапкандардын көпчүлүгү жашы өтүп калгандар. Мурда-кийин башка илдеттери болгондор жана абалдары оорлошкондо гана дарыгерлерге кайрылгандар.

Өткөн жумада коронавирустан улам жашы алтымыштан ашып каза болгон таякесин жерге берген Мусабек маркум күз айында той-топурга көп барганын эскерди:

"Күз айы болгондуктан, таякем көп жерлерге мааракелерге барган эле. Ошол жактан илдетти жуктуруп алды окшойт. Коронавирус аныкталаары менен күчтүүрөк дарыгерлерге көрүнөйүн деп шаарга барды. Ал жерден жакшы болбой, менчик клиникага жатты. Бирок жакшы боло албай кете берди. Туугандар бир топ чыгым кылышты, абалы жакшы болбой койду".


Туугандарынын айтымында, маркумдун үй-бүлөсү башында вируска маани бербей, бейтапканага кайрылбай убакытты өткөрүп жиберген. Мусабек көпчүлүк илдеттин алгачкы белгилерине кайдыгер карагандыктан, абалдары оорлошуп жатканын айтат. Маселени чечүү үчүн жер-жерлерде илдетти аныктоочу жайларды көбөйтүш керек деп эсептейт. Ал өзү да коронавирус жугузуп алган:

"Биз алгач байкаган эмеспиз да. Бир аз сыркоолоп калыпмын деп атып эле өтүшүп кетиптир. Ооруканага барууну да ойлонуп калганбыз. Барсаң эле дароо анализ ала койбойт. Дарыгерден багыттама алып кел дешет. Кезек күтөсүң. Ошондуктан, жер-жерлерде, айылдарда да анализ ала тургандай кылса дароо аныкталып, алдын алууга жакшы болмок".


Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Баткен облусунда 58 киши кайтыш болду. Октябрь айында аймакта вирус күчөп, күн сайын каза болгон учурлар катталып жатты.

Акыркы жумада жаңыдан жугузгандардын саны басаңдай баштаганы менен үйүндө, өз алдынча дарыланып жаткандар канча экени тууралуу маалымат жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары өлкө боюнча 1185 кишиге жетти.

Илимпоз Воробьёв: Коронавирус биз менен калат
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:50 0:00

XS
SM
MD
LG