Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Коронавируска 90% туруштук берген вакцина чыкты


Коронавируска каршы вакцина. 31-октябрь, 2020-жыл
Коронавируска каршы вакцина. 31-октябрь, 2020-жыл

Америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары биргелешип чыгарган COVID-19га каршы вакцинасы сыноонун үчүнчү баскычында 90% натыйжалуу экенин көрсөттү.

Андай болсо, бул - дүйнө жүзүндө бир миллиондон көп кишинин өмүрүн кыйган, глобалдык экономиканы сызга отургузган вирус менен күрөшүүдө абдан чоң ийгилик болуп калмакчы.

«Pfizer» жана германиялык өнөктөшү «BioNTech» азырынча вакцина коопсуздук жактан эч кандай камтама пайда кылбаганын жана ушул айдын этегинде АКШнын тиешелүү мекемеси аны колдонууга уруксат берет деп ишенерин билдиришти.

Вакцинаны кеңири колдонууга жол ачылса да, башында дозалардын саны чектелүү болмокчу. Ошентсе да анын эффективдүүлүгү тууралуу жаңылык калган вакциналар да ийгиликтүү болот деген үмүт жаратты.

«Pfizer» фирмасынын аткаруучу директору, профессор Алберт Боурла буларга токтолду:

“Бүгүн илим жана адамзат үчүн улуу күн. Вакцинаны иштеп чыгуу программасында маанилүү бурулуш учурга жакындадык. Ооруну жуктургандар көбөйүп, ооруканалар бейтаптарга толуп, экономика ишмердигин жандантууга катуу аракет көрүп жаткан чакта дүйнө вакцинага өзгөчө муктаж”.

Сөз болгон эки компания дарыны 16 жаштан 85 жаштагыларга сайууга уруксат берген сертификат алганы жатышат. Бул үчүн сыноого катышкан 44 миң кишинин жарымы экинчи баскычтан ийгиликтүү өтүүгө тийиш. Сыноо канчалык ийгиликтүү болгону ноябрдын аягында аныкталат.

Ондогон башка вакциналар клиникалык сыноонун акыркы баскычына жетишти. Бирок «Pfizer» жана «BioNTech» иштеп чыккан дары эффективдүүлүгүн далилдеген биринчи вакцина болуп калды.

Окумуштуулар вирустун генетикалык кодунун бир бөлүгүн адамга сайып, иммундук системасын вирус менен күрөшкө даярдоо каралганын айтып келишет. Буга чейинки сыноолор көргөзгөндөй, вакцина организмде антиденечелердин (антитела) жана т-лимфоциттердин иштелип чыгышына түрткү берет. Алар өз кезегинде коронавирус менен күрөшөт.

Оксфорд: вакцина жыл соңунда даяр болушу мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:49 0:00

Вакцинанын экинчи инъекциясы биринчисин алгандан үч жума өткөндөн кийин сайылат.

АКШ, Германия, Бразилия, Аргентина, Түштүк Африка жана Түркиядагы клиникалык сыноолор көргөзгөндөй, экинчи эмдөөдөн жети күн өткөндө организм коронавируска 90 пайызга туруштук берүүгө жөндөмдүү болуп калат.

Компаниялар жылдын аягына чейин 50 миллион, эмки жылдын этегинде 1,3 миллиард доза чыгарууну көздөп жатышат. Адистер кыйынчылыктар тууралуу да эскертишет. Мисалы, жаңы вакцина -80 градуста сакталууга тийиш.

Вакцина сайылгандан кийин коронавирустан канча убакыт коргой турганы да азырынча бүдөмүк.

Компаниялар каражат ар кайсы жаштагы адамдар үчүн канчалык натыйжалуу болоору тууралуу да так маалымат бере элек.

Бирок АКШ баш болгон бир нече мамлекеттер аны сатып алууга алдын ала буюртма бергени белгилүү болду.

Илимпоз Воробьёв: Коронавирус биз менен калат
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:50 0:00

XS
SM
MD
LG