Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:36

Израил "Ал-Жазиранын" ишин токтотуу сунушун колдоду


Израилдин Министрлер кабинети Катардын "Ал-Жазира" телеканалынын өлкөдөгү ишмердигин токтотуу сунушун бир добуштан колдоду. Бул тууралуу Израил премьеринин кеңсесинин 5-майдагы билдирүүсүндө айтылат. Чечим качан күчүнө кирери такталган жок. Анын алдында Израил парламенти Газадагы согуш маалында улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган телерадиокомпанияларды убактылуу жабууга уруксат берген мыйзамды кабыл алган.

Билдирүүдө айтылгандай, "Ал-Жазиранын" Израилдеги кеңселерин жабуу, телеберүү жабдууларын конфискациялоо, каналды кабелдик жана спутник компаниялардан ажыратуу, сайттарын бөгөттөө каралууда.

"Ал-Жазиранын" Израил жана палестин аймактарындагы жетекчиси чечимди «кооптуу» жана "саясий боегу бар" деп сыпаттады. Телеканал юристтери жооп кайтарууга даярданып жатканын билдирди.

Катар өкмөтү тарабынан негизделген медиа каражат Израилдин Газадагы согуш аракеттерин катуу сындап келет. Телеканал анклавдан 24 саат бою берүүлөрүн тартуулайт.

Катар - ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) менен Израилдин ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүнө арачы түшкөн мамлекеттердин бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG