Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Жапаров Баткенде илдет күчөп турганда эл жыйнады


Садыр Жапаров менен жолугушууга келген эл. Баткен шаары, 2-ноябрь, 2020-жыл
Садыр Жапаров менен жолугушууга келген эл. Баткен шаары, 2-ноябрь, 2020-жыл

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткенде иш сапары менен жүрөт. 2-ноябрда Садыр Жапаров Баткен шаарындагы стадиондо эл менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу өтүп жаткан Баткен шаарындагы стадион эки миң орундуу. «Азаттык» радиосунун Баткендеги кабарчысынын айтымында, эл стадионго жык-жыйма чогулду. Баткенде азыркы тапта эпидемиологиялык абал кооптуу деп бааланууда. Акыркы эки күндө облуста илдеттен төрт адам каза тапты.

Талдоочулар мындай шартта президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун стадионго элди жыйнап жолугушуу өткөргөнүн Өзгөчө абал режимин бузуу катары баалашууда.

Ошондой эле Жапаровдун элди кыдыруусу анын президенттик шайлоого даярдыгы эмеспи деген суроону да жаратты. Ал Баткенден кийин Ош жана Жалал-Абад облустарына бара турганы айтылган.

Баткендеги стадионго чогулган эл.
Баткендеги стадионго чогулган эл.

Үмүтбектин элеси, Раззаков менен байланыштырган себеп

Садыр Жапаров 5-октябрдагы тополоңдо каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулу жөнүндө суроого жооп берип жатып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) мурдагы жетекчилери изделип жатканын билдирди:

«Үмүтбек унутта калбайт, түбөлүк эсибизде калат. Ким жоопкер болсо аларды жоопко тартабыз. Бүгүнкү күндө УКМКнын жана ИИМдин мурдагы башчылары изделип жатат. Кимдер буйрук берген? Милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болуп кеткенине күнөөлүүлөр жазага тартылат».

6-октябрга караган түнү милиция менен элдин кагылышуусу маалында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып каза болгон. Андан тышкары жүздөгөн адамдар ооруканага кайрылган. Көбүнүн көзүнө, башына, денесине желим ок тийген, сабалгандары да болгон.

Баткен: Чек ара, контрабанда, жумушсуздук
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:50 0:00

Эл менен жолугушуу маалында Жапаров өзүн мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковго салыштырды:

"Раззаков менен мени байланыштырган себеп бар. Анын принциби мага туура келет. "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот". Бул сөздү 70 жыл каалагандай колдондук. Эл баарынан улук. Элибиз, мамлекетибиздин өнүгүшүндө коррупция менен күрөшкө суусап турат. Максатым - элди коррупциядан арылтуу. Баткен элинин абалы, чек арадагы кырдаал менин көңүл чордонумда дайым болот".

Садыр Жапаров менен жолугушуу маалында сөз сүйлөгүсү келген тургундар микрофон талаша кетишти.

Ошондой эле Жапаров менен бетме-бет сүйлөшкүсү келгендер да болду. Аларды милиция кызматкерлери өткөрбөй турушту.

"Чоңдор элдин ден соолугунан саясатты алдыга коюп жатат"

Баткенде азыркы тапта эпидемиологиялык абал кооптуу деп бааланууда. Соңку маалыматтар боюнча коронавирус аймакта күчөп, 1-ноябрда үч киши кайтыш болгон. Ал эми 2-ноябрда Баткенде бир киши каза тапты.

Республика боюнча болсо, акыркы эки күндө эле оорудан жалпы он адам каза тапты. 1-октябрдан бери көз жумгандардын саны 85 адамга жетти.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу адамдын көп чогулуусуна тыюу салынган.

Медицина тармагы боюнча адис Айбар Султангазиев Баткенде жүздөгөн адамдын чогулушун пандемияга байланыштуу киргизилген Өзгөчө абал режимин бузуу катары баалады. Анын айтымында, мамлекеттик жетекчилер саясатты элдин саламаттыгынан жогору коюп жатат.

"Саясатчылар, чоңдор элге туура эмес жол көрсөтүп жатат. Бир жагынан Саламаттыкты сактоо министрлиги чогулбагыла, топтолбогула, той өткөрбөгүлө деп айтып жатса, экинчи жагынан биздин чоңдор элди чогултуп жатканы абдан туура эмес. Эми Баткенде ооругандар эки жумадан кийин дагы көбөйөт. Ар бир чогулуш илдеттин толкунун жогорулатат. Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалды эч ким жокко чыгара элек. Ал жакта 50 кишиден ашык чогулууга уруксат жок. Мамлекеттик жетекчилер саясатты элдин ден соолугунан жогору коюп жатат".

Баткен облустук оорукананасынын башкы дарыгеринин орун басары Файзидин Абдрахманов 1-ноябрда пандемияга байланыштуу аймактагы абал боюнча буларды айткан.

«Эгерде Баткен облусунда жашаган ар бир адамдан анализ ала турган болсок, анда ооругандардын саны расмий статистикандан эки-үч эсе көп болот. Азыркы учурда 90 кишиге ылайыкташкан ооруканабызда 65тей бейтап жатат. Вирусту жуктургандардын көбү үйүндө дарыланып жатышат. Ошол эле маалда кээ бир адамдар коронавирусту сасык тумоо деп ойлоп, бизге кеч кайрылышууда. Вирустун күчөшүнө санитардык эрежелердин сакталбай жатканы себеп болду. Базарлар жай турмуштагыдай эле иштеп жатат. Тойлор токтогон жок».

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1155ке жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 59 879. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 50 741. Учурда 3 386 бейтап стационарларда, 3 905 киши үй шартында дарыланууда.

"Чек ара кызматын УКМКга өткөрөбүз"

2-ноябрда эртең менен Жапаров Ак-Сай айылына канатташ жайгашкан Бакай конушуна жакын Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык каттамындагы жол курулуш иштери менен таанышкан.

2013-жылы эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда ушул аймакта чыр чыгып, атышуу менен коштолгон эле. Ошол учурда да эки тарап Кыргызстанга 25 чакырымдык Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык - Кишемиш жолун, Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жолду бир учурда курууну сүйлөшкөн. Бирок ал макулдашуу боюнча иштер толук бүтпөй калган.

Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык - Кишемиш жолунун картасы, 2-ноябрь, 2020-жыл.
Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык - Кишемиш жолунун картасы, 2-ноябрь, 2020-жыл.

Садыр Жапаров чек арадагы маселелерди коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү аркылуу чечерин белгиледи. Ал Өзбекстан, Тажикстан менен чек арага байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүү жүрөрүн белгилеп, сүйлөшүүлөрдү Кыргызстан тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген комиссия жүргүзөрүн билдирди.

Ошондой эле Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кошуш керек деп эсептейт.

«Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүп беребиз деген планыбыз бар», - деп билдирди Жапаров.

Кыргызстанга караган Кишемиш жайлоосуна кыргыз тарап чыгат. Ал эми Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жолу Ворух анклавы аркылуу өтүп, көп чыр чыккандыктан Кыргызстан айланма жол курууга киришкен. Былтыр Баткендеги жол куруу иштерине 220 млн. сом бөлүнгөн.

Жапаров Баткенден кийин Ош жана Жалал-Абад облустарына бара турганы айтылган.

6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашкан эле. Октябрь айынын ортосунда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен. Алгач өкмөт башчылыкты колуна алган Садыр Жапаров 16-октябрдан бери президенттин да милдетин аткарууда.

"Бул шайлоо кампаниясын жүргүзгөнгө барабар"

26-октябрда Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышарын жарыялаган. «Үмүт 2020» кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек Жапаровду жүздөгөн адамды чогултуп жолугушуу өткөргөнүн популисттик пиар катары эсептейт:

"Түштүк жергесинде азыр коронавирус абдан күчөп жатат. Менин маалыматым боюнча ооругандар жана каза тапкандар толук статистикага кирген жок. Ушундай учурда эл менен жолугушуу өткөрүү абдан чоң жоопкерсиздик, элдин өмүрүнө кол салууга барабар нерсе. Экинчиден, бул азыр президенттин милдетин аткаруучу гана. Эл тарабынан шайланбагандан кийин анын ушундай кылып, элди чогултуп жолугушуу өткөргөнгө укугу барбы деген да суроо бар. Анткени бул шайлоодогу бардык талапкерлерге тең мүмкүнчүлүк болушу керек деген принципти бузуп жатат. Шайлоого жакын аймактарды кыдыруусу бул анын шайлоо кампаниясын жүргүзгөнгө барабар. Ал эми оору күчөп турган шартта стадионго аксакалдарды, энелерибизди чогултуп алганы популисттик пиар. Менимче, бул абдан чоң жоопкерсиздик".

Президенттик аппарат мындай айыптоолорго жооп кайтарды. Жапаровдун кеңешчиси Дастан Дүйшөкеев “Азаттыкка” маалымат берип, бул аймакта жылдап каралбай жаткан маселелер бар экенин, эл аларды тез арада чечүүнү талап кылып жатканын, президенттин милдетин аткаруучу жолугушууга келгендердин арыз-муңун угуу үчүн барганын, чек ара көйгөйү коронавирус сыяктуу эле курч маселе экенин айтты. Ошону менен катар ал стадиондо чогулган эл бардык суроолоруна так жооп алганын, кире бериште ар бирине бекер беткап таратылып, дезинфекциялоочу каражат менен камсыз болушканын кошумчалады.

Президенттикке ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов, «Байыркы көчмөн цивилизациясы» тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун жетекчиси, экономикалык эксперт Кубан Чороев, «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти, мурда да президенттикке өзүн көрсөтүп, бирок талапкер болуп катталбай калган Назарбек Нышанов, «Аурдин» компаниясынын директору, коомчулукта динге байланыштуу бир катар билдирүүлөрү менен таанымал Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да арыз тапшырган.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону 10-январга дайындаган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG