Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Түркмөнстан карантин чараларын күчөтөт


Түркмөнстан, Ашхабад шаары. Июль, 2020-жыл.
Түркмөнстан, Ашхабад шаары. Июль, 2020-жыл.

Түркмөнстанда коронавирустун жайылышына байланыштуу абал оорлошуп баратат. 1-ноябрдан тарта өлкөдө карантиндик чектөөлөр күчөшү мүмкүн деген кабарлардан кийин кырдаал ого бетер чыңалууда.

Башкалаа Ашхабадда эл той-топур өткөрүп калууга шашылып жатканы айтылууда. Көз карандысыз маалымат каражаттарынын COVID-19 менен байланышкан оорулардын жана өлүмдөрдүн көбөйүшү жөнүндө көптөгөн маалыматтарына карабастан, түркмөн бийлиги "өлкөдө коронавирус таптакыр жок" деп расмий маалымат таратууну улантып жатат.

Бирок түркмөн өкмөтү коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн чараларды күчөтүүнү карап жатканы белгилүү болду. Буга чейин Дашогуз облусундагы аялдар колониясында өпкөсү кагындар көбөйгөнү айтылган. Маалымат каражаттары колониядагы 500 аялга коронавирус диагнозу коюлганын кабарлашкан.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары 27-октябрда Ашхабаддын кээ бир аймактарында коронавирусту жугузуп алгандардын саны көбөйгөнүн жазып чыгышты. Алар кырдаал өзгөчө акыркы эки жумада күчөгөнүн белгилешет.

«Шаарда оорулуу адамдар көбөйдү. Тактап айтканда, "Хитровка" конушунда ооругандар көп. 30-40 жашка чейинки жаштар арасында коронавирус көп чыгууда. Бейтаптар негизинен үйдөн дарыланып жатышат. Ооруканага оор абалдагылар гана барып жатышат. Бирок алар да көп эмес. Мисалы, Борбордук клиникалык госпиталга күн сайын 7-8 адам жаткырылат экен », - деди "Азаттыктын"Ашхабаддагы кабарчысы.

Ал ошондой эле 1-ноябрдан баштап күтүлүп жаткан карантиндик чектөөлөрдүн күчөшүнө байланыштуу Ашхабаддын тургундары шашылыш түрдө той-топур жана башка маараке-салтанаттарды жапырт белгилей баштаганын кабарлады.

«Тойлорго жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салынгандыгына карабастан, ушул күндөрү шаардын конуштарында той өткөргөн көптөгөн чатырларды көрүүгө болот. Кырдаалдын начарлашына байланыштуу 1-ноябрдан баштап үйлөнүү үлпөттөрүн, эскерүү иш-чараларын, кайрымдуулук жана башка салтанаттарга толугу менен тыюу салынат деген маалымат бар. Андыктан, тургундар ага чейин айрыкча той-торопону өткөрүп алууга шашып жаткандай. Мындай иш-чараларга буга чейин деле тыюу салынганы менен, полиция кызматкерлерине жана кызмат адамдарына пара берип, тойду өткөргөндөр да болгон», - деп билдирди кабарчы.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын журналисттери 27-октябрда Ашхабад шаарынын конуштарын кыдырып чыгышты. Алар той жана башка жөрөлгөлөр көп болуп жатканын байкады. Кабарчылар тойлордун биринде "милиция кызматкерлери дасторкондо палоо жеп отурса, үйлөнүү үлпөтү өткөн жерден 100 метрде башка милиция кызматкерлери аялдамада бет кабы жок адамдарга айып пул салып жаткан" көрүнүшкө күбө болушкан.

26-октябрда «Түркмөнстан хроникасы» гезити ушул күндөрү Ашхабадда шашылыш уюштурулуп жаткан үйлөнүү тойлор жана үй-бүлөлүк иш-чаралар жөнүндө маалымат таратты.

"Түркмөн эли карантинге, 1-ноябрга чейин бардык иш-чараларды өткөрүп алууга шашылып жатышат. Көптөгөн короолордо чатырлар тигилип, музыка жаңырат. Коноктордун көбү беткапсыз жана гигиеналык чараларын сактабайт. Меймандар кадимкидей үй-бүлөлүк майрамдарга же кайрымдуулук кечелерине катышып жатышат", - деп жазды «Түркмөнстан хроникасы» гезити.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, өткөн жекшембиде түркмөн өкмөтү коронавирустун жайылышын чектөө чараларын олуттуу түрдө күчөтүп жатканын жарыялаган. Ошондой эле өкмөт өзгөчө ички аба каттамдарын токтотуп, аймактар арасында жол кыймылын чектөөнү, айрыкча Ашхабадга башка региондордон кирүүгө тыюу салууну карап жатканы кабарланды. Той-топур, жаназа жана эскерүү сыяктуу иш-чараларга толук тыюу салынышы ыктымал.

Ошону менен бирге Түркмөнстанда беткап режими талап кылынып, темир жол кыймылын толугу менен токтотуу жана өлкөнүн аймактар аралык транспорттук байланышын кескин чектөө сыяктуу карантиндик иш-чаралар дагы деле күчүндө турат.

Расмий Ашхабад 15-октябрга чейин каралган бул чектөөлөрдү 15-ноябрга чейин узартканын жарыялады.

Ал арада 25-октябрда билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча жаңы вице-премьер-министр Мамметмырат Гелдиниязов Түркмөнабад шаарына барган. Азыр бул шаарда мурдагы курулуш базасында түзүлгөн бир гана карантиндик зона калды. Вице-премьер-министр Гелдиниязов бул карантиндик аймакка келип көрүп, шарттары начардыгына нааразы болгон.

Түркмөнстандагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын COVID-19 менен байланышкан оорулардын жана өлүмдөрдүн көбөйүшү жөнүндө көптөгөн маалыматтарына карабастан, Түркмөн бийлиги "өлкөдө коронавирус таптакыр жок" деп жазууну маалымат каражаттарынан талап кылууну улантууда.

Ошол эле учурда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Европа, АКШ жана Орусияда коронавируска чалдыккандар кескин көбөйүп жатат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG