Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

Грузияда оппозиция шайлоонун жыйынтыгына нааразы


Грузиядагы шайлоочулар
Грузиядагы шайлоочулар

31-октябрда Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил «Грузин кыялы» партиясы алдыга чыкты. Бирок оппозиция мындай жыйынтыкка макул болбой, шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирүүдө.

1-ноябрда Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 99% саналып бүткөн соң бийликчил “Грузин кыялы” партиясы 48,1%, ал эми оппозициячыл “Күч бирдикте” блогу 27,12% алганын жарыялады. Оппозициячыл блоктун курамында бийликтин башкы атаандашы, мурдагы президент Михаил Саакашвили түзгөн “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясы кирген.

Үчүнчү орунга дагы бир оппозициялык “Европачыл Грузия” партиясы 3,77% менен чыкты.

Мындан сырткары беш партия парламентке кирүүгө жол ачкан бир пайыздык босогодон аша алды. Алардын арасында “Лело”, орусиячыл “Патриоттор альянсы”, “Агмашенебели стратегиясы», «Гирчи», «Атуулдар» жана Лейбористтик партия бар.

Бул ирет Грузияда шайлоо жаңы система менен өттү. Ага ылайык, парламентеги 150 мандаттын 120 партиялык тизме менен, ал эми калган 30 депутат бир мандаттуу округдан келет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка караганда, көптөгөн округдардан бийликтин «Грузин кыялы» партиясын жактаган талапкерлер алдыда чыкты. Жалпысынан добуш берүүгө Грузиядагы шайлоочулардын 56% катышты.

«Грузин кыялы» жеңишине курсант

Грузин президенти Саломе Зурабишвили акыркы шайлоо купулуна толгонун айтып, “Грузия тынч, адилет, коопсуз, демократиялык европалык шайлоо өткөрө алды”- деп сыймыктана жарыялады.

Cаломе Зурабишвили добуш берүүдө. 31-октябрь, 2020-жыл
Cаломе Зурабишвили добуш берүүдө. 31-октябрь, 2020-жыл

2018-жылы бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы президенттикке сүрөгөн Зурабишвили 31-октябрда анын өлкөсү европалык жашоого карай дагы бир кадам таштаганын билдирген эле:

“Биз өз кыялыбыздагы өлкөнү куруу үчүн добуш берип жатабыз. Ал-демократиялуу европалык мамлекет куруу. Бүгүн ушул багытта дагы бир кадам таштадык. Жарандарыбыз пандемиядан улам катаал шартта добуш берип жатат. Мен бардык жарандарды эркин добуш берүүгө чакырам”.

Парламенттик шайлоодо алдыга чыкканы маалым болгон “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү, миллиардер Бидзина Иванишвили добуш берүү аяктаган соң дароо өз тарапкерлерин куттуктады.

Бидзина Иванишвили
Бидзина Иванишвили

“Мен түзгөн “Грузин кыялы” партиясы абдан татыктуу команда деп ишендиргим келет. Бүгүн грузиялык шайлоочулар жаңылган жок жана татыктуу адамдарды колдоду” - деп билдирген.

Грузин оппозициясы Иванишвилини “Кремлдин кызыкчылыгын көздөйт” деп күнөөлөп келгени маалым.

Оппозиция “шайлоо бурмаланды” деп нааразы

Грузин оппозициясы добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болуп, кайрадан шайлоо өткөрүү талабы менен көчөгө чыгууга тарапкерлерин чакырды. Жекшемби күнү Тбилисидеги парламент имаратынын алдында оппозициянын жүздөгөн тарапкери чогулду.

Бийликтин башкы атаандашы “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын негиздөөчүсү, учурда Украинада бозгунда жүргөн экс-президент Михаил Саакашвили добуш берүү аяктаган соң “шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды” деп бийликти айыптады.

Ал оппозицияны “шайлоонун жыйынтыгын коргоо үчүн массалык мобилизацияга” чакырды.

Михаил Саакашвилинин телекайралуусу. 31-октябрь, 2020-жыл.
Михаил Саакашвилинин телекайралуусу. 31-октябрь, 2020-жыл.

Өткөн түнү шайлоо комиссияларынан протоколдор келе баштаганда Борбордук шайлоо комиссиясы бетпактык менен жыйынтыкты өзгөртө баштады. Оппозициянын добуштарын азайтышты. Мисалы оппозициянын түркүгү болгон менин партиям алган добуштарды 35тен 24% төмөндөтүп коюптур. Ал эми өздөрүнүкүн бир нече эселеп көбөйтүштү. Буга кошумча, мажоритардык система менен ат салышкан талапкерлерине оңбогон сандагы добушту кошуп коюшту" - деди экс-президент.

Саакашвили бул ирет шайлоону бурмалоо "Борбор Азия жана Беларустагы жаман адаттан да ашып түштү” - деп сындады. Ал ошондой эле “Грузин кыялы” өз ыктыяры менен бийликтен кетпесе "Кыргызстандагыдай, Беларустагыдай болуп эл көтөрүлөрүн” эскертти.

“Бирдиктүү улуттук кыймылдын” лидерлеринин бири Ника Мелиа соңку кырдаалды "шайлоо эмес, согуш болду”- деп сыпаттады.

Ал эми эл аралык байкоочулар Грузиядагы шайлоо атаандаштыкта өткөнүн, бирок шайлоо системасында өркүндөтө турган көп жагдайдар бардыгын белгилешти. 1-ноябрда Тбилисиде өткөн басма сөз жыйынында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулары шайлоого жогорудагыдай баасын берди.

Ошол эле кезде байкоочулар шайлоочуларга басым жасалып, медианын бейтарап боло албаганын жана мамлекеттик бийлик менен башкаруучу партиянын коюн-колтук алышып кеткенин белгилеп, элдин ишенимин азайткан айрым жагдайларды эске салышты.

1991-жылы Советтер Союз кулагандан кийин эгемендикке ээ болгон Грузия соңку 20 жылда саясий толкундоолорго кириптер болду. 2003-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам калың эл көтөрүлүп, “Баркыт ыңкылабы” ишке ашкан соң өлкө тышкы саясатта Батышка ыктаган. Бул ыңкылаптын шарапаты менен бийликке келген президент Михаил Саакашвили бир катар реформаларды ишке ашырганы маалым.

2012-жылдагы парламенттик шайлоодо Саакашвилинин партиясы утулуп, бийликке олигарх Бидзина Иванишвили жетектеген “Грузин кыялы” партиясы келген. Мына ошондон бери “Грузин кыялы” өкмөттү түзгөн негизги саясий күч болуп келет.

2016-жылкы шайлоодо «Грузин кыялы» 115 орун алып, парламентте көпчүлүктү түзгөн. «Бирдиктүү улуттук кыймылга» 27 мандат тийген.

Быйылкы шайлоо өнөктүгүндө оппозиция жеңишке жетсе Украинада мамлекеттик башкарууга активдүү аралашып жүргөн Саакашвилини өкмөт башына алып келерин жарыялаган болчу.

Грузиянын юстиция министри экс-президент чек арадан өтөөрү менен камакка алынарын эскерткен. Грузин бийлиги Саакашвилиге бир катар айыптарды коюп, ага издөө жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG