Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Грузияда полиция митингчилерди кууп таратты


26-ноябрдын таңында Грузиянын полициясы парламент алдына чогулган митингчилерди кууп таратыш үчүн кайрадан суу аткычтарды колдонду.

Нааразылыкка чыккан бир канча активист кармалган. Грузияда эки апта мурда башталган нааразылыкка парламент шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүүнү караган мыйзам долбоорун кабыл албай койгону себеп болгон. Шайлоо системасын өзгөртүүдөн баш тартканы үчүн оппозиция жана активисттер бийликтеги «Грузин кыялы» партиясын күнөөлөп жатышат.

Оппозиция лидерлеринин чакырыгына жооп кылган миңдеген демонстранттар бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын жыйынга чогулушуна тоскоолдук кылыш үчүн парламенттин эшигин тосуп алышкан. 26-ноябрдын таңында аларды кууп таратыш үчүн полиция суу аткычтарды колдонуп, үч киши жабыркады.

Укук коргоо органдары алгач митингчилерди тосмолорду алууга жана парламенттин эшигин ачууга чакырышты. Бирок активисттер андай талаптардан баш тарткадан кийин аларга суу чачып, кууп таратышты.

«Европалык Грузия» партиясынын мүчөсү Гига Бокерия:

Гига Бокерия.
Гига Бокерия.

- Полицияга дагы бир жолу тынч митингчилерди парламенттин айланасынан, дарбазасынан кууп таратуу тууралуу аңкоо, мыйзамсыз, абсурд буйрук берилди. Азыр болсо жүздөгөн полиция кызматкерлери бул мыйзамсыз, аңкоо буйрукту аткарып жатканын көрүп жатасыздар. Бул азыркы режимдин символу – алар өз ишин кылып, элди коргогондун ордуна клоундарга шарт түзүп, олигархтар үчүн иштеп жатат, - деди.

Митингчилерди таратуу учурунда полиция оппозициянын бир канча лидерин, анын ичинде мурдагы президент Михаил Саакашвилинин саясий өнөктөштөрүн кармап, кийинчерээк алардын баарын бошотту. 18-ноябрда да акцияга чыккандар парламенттин кире бериш жерлерин тороп алып, миллиардер Бидзина Иванишвилинин «Грузин кыялы» партиясы көпчүлүктү түзгөн мыйзам чыгаруу бийлигинин ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Анда да полиция элге суу бүркүп, кууп таратып, 37 киши кармалган.

Тбилисиде нааразылык акциялары 14-ноябрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон. Демонстранттар ошондон тартып парламенттин алдындагы аянтка чатыр тигип, мөөнөтсүз акция башташкан.

Тблисинин мурдагы мэри, оппозициячыл саясатчы Георгий (Гиги) Угулава:

Георгий (Гиги) Угулава.
Георгий (Гиги) Угулава.

- Бул нааразылык талаптар аткарылмайынча токтобойт. Талаптар эң жөнөкөй. Биз болгону пропорционалдык шайлоону талап кылып жатабыз. Болгону ошол, - деп түшүндүрдү.

25-ноябрда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын баш катчысы, Тбилисинин мэри Каха Каладзе 2020-жылдагы парламенттик шайлоо азыркыдай аралаш шайлоо системасы менен гана өтө турганын жарыялады.

Грузияда азыр аралаш шайлоо системасы колдонулат. Парламенттеги 150 депутаттын 77си пропорционалдык, ал эми калганы мажоритардык система менен шайланат. Өлкөдө кезектеги парламенттик шайлоо кийинки жылы өтөт.

Грузиядагы шайлоо системасын өзгөртүүчү мыйзам долбоору кабыл алынбай калганын Европа Кеңешинин Парламент аралык ассамблеясы менен АКШнын Тбилисидеги элчилиги айыптады.

Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, жалпысынан 240 адам жабыркаган болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG