Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

Грузияда 30 жыл мурдагы каргаша эскерилди


Грузия, Тбилиси. 9-апрель, 2019-жыл.
Грузия, Тбилиси. 9-апрель, 2019-жыл.

1989-жылы Тбилисиде советтик режимге каршы чыгып, Грузиянын эгемендигин талап кылган митингдин катышуучуларын кууп таратуу учурунда 20дан ашык киши каза болгон.

Совет бийлигинин саясатына жапырт каршылык 1989-жылы апрелдин башында Тбилисинин Руставели көчөсүндө өткөн. Анын катышуучулары «СССР - элдин шору», «Коммунисттик режимге жол жок!» деген чакырыктарды таштап, Грузиянын эгемендигин талап кылышкан.

Ошол кезде Советтер Союзунун курамында турган республиканын бийлиги Москвадан кошумча күч сурап, анын көмөгү менен 9-апрелге оогон түнү акция аеосуз таратылган.

«Кандуу жекшемби» деген ат менен грузин тарыхында жазылган бул күнү митингди таратууга 2 миңден ашуун аскерлер жана милиция тартылган. Алар курал колдонгон эмес, бирок союл жана адамды ууландыруучу химиялык зат (CS и хлорпикрин) пайдаланылганы айтылган.

Окуяда 21 кишинин өмүрү кыйылган, алардын көбү аялдар эле. 600дөн ашык адам түрдүү жараат алган.

Маули Башалейшвилинин он гүлүнүн бири ачыла элек кызы Натия отуз жыл мурдагы кандуу окуяда курман болгон. Ага чейин ал күн сайын классташтары менен кошо митингге барып жүргөн.

«Ал түнү эмнегедир капыстан ойгонуп кеттим. Кийин кызым Натиянын курбусунун энеси келди. Ал митингдин катышуучулары таратылганын, балдарыбызды издешибиз керек экенин айтты. Кызымды шаардагы биринчи ооруканадан таптык. Аны жасалма дем алдырып жатышкан экен. Өмүр үчүн тогуз күн күрөштү. 17-апрелде каза болуп калды», - дейт энеси.

Чырактай кызынан айрылган Маули анын өлүмүнө психотроптук жана ууландыруучу газ себеп болгон деп эсептейт. Ал кызынын сөөгү көгөрүп, кара коңур чачы ачык кызыл түстө болуп калганын эскерүүдө. Кийинчерээк Тбилисидеги апрель окуяларын иликтеген комиссиянын мүчөлөрү митингди таратыш үчүн ууландыруучу зат чачылганын аныктаган. Бирок Москва аны четке каккан.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 9-апрель окуяларынын курмандыктарына гүл коюп жаткан учуру.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 9-апрель окуяларынын курмандыктарына гүл коюп жаткан учуру.

Митингдин уюштуруучуларынын бири, советтик диссидент Гурам Гогбаидзе химиялык газдын таасири аянтта бир нече күн бою сезилип турганын айтты:

«Ал жерде үч катар болгон газондор бар эле. Биз курман болгон демонстранттардын сүрөттөрүн койгонбуз. Айланасы бүт гүл болчу. Ошол кезде гүлдөр газды өзүнө сиңирип аларын, андан кийин кишиге тескери таасир тийгизерин аңдаган эмеспиз. Ошентип, маркумдарды эскерүүгө келген күндүн эртеси эле көп киши ууланып калды».

Демонстранттарды таратуу маалында милиция башка активисттер менен кошо Гурам Гогбаидзени да кармап, камакка алган. 9-апрелде эртең менен бошотулгандан кийин ал дароо эле митинг өткөн аянтка барып, коммуналдык кызматтар кандын тактарын жууп жатканын көргөн. Бийликтин катаал саясатына карабай Тбилисиде каза болгондорду эскерүү токтогон эмес.

Ондогон кишилер кырк күн бою аянтка келип аза күтүшкөн. Алардын катарында Азербайжандан, Украинадан жана башка өлкөлөрдөн келгендер да болгон.

Советтер Союзунун ыдырашын токтотууга мүмкүн болбогондой эле өкмөт нааразылык акцияларын толук баса алган эмес. Туура эки жылдан кийин, 1991-жылдын 9-апрелинде Грузия эгемен өлкө болуп жарыяланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG