Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Грузияны тумоодон куткарган «үч мушкетер»


Грузиянын Башкы вирусологу Тенгиз Церцвадзе (солдо) жана премьер-министр Георгий Гахария.
Грузиянын Башкы вирусологу Тенгиз Церцвадзе (солдо) жана премьер-министр Георгий Гахария.

3 миллион 700 миң калкы бар Грузия COVID-19га каршы күрөштө үлгү алчу өлкөлөрдүн арасына кирди.

17-июлга карай коронавирусту бул өлкөдө 1010 киши жугузуп алганы расмий маалымдалды. Февраль айынан бери илдеттен 15 киши көз жумду.

Илдетке каршы ийгиликтүү тактиканы тандап алгандардын тобун «Үч мушкетер» деп атап жүрүшөт.

Ал топко Улуттук саламаттык сактоо борборунун жетекчиси Амиран Гамкрелидзе, башкы вирусолог, Тбилисидеги жугуштуу оорулар, СПИД жана иммунология борборунун директору Тенгиз Церцвадзе жана Лугар атындагы изилдөө лабораториясынын жетекчиси Паата Имнадзе кирген.

Окумуштуулардын бири Тенгиз Церцвадзе "Азаттык" радиосуна маек куруп, Грузияда коронавирусту ооздуктоо үчүн кандай аракеттер көрүлгөнүн айтып берди.

- Грузиянын COVID-19га каршы күрөштөгү ийгилигинин сыры эмнеде? Же бул жөн гана ишти туура уюштуруп алып баруунун натыйжасыбы?

- Ооба муну ийгилик деп бааласа болот. Себеби, миллион адамга алып санасак, Европанын 49 өлкөсүнүн арасынан Грузияда илдетке кабылгандар жана андан көз жумгандардын саны абдан төмөн. 1 миллион кишиге төрт өлүм туура келет.

Мындай көрсөткүчтүн сыры эмнеде? Андай деле сыр жок. Бул биринчи кезекте, сиз туура айттыңыз сабаттуу, туура жолго коюлган иштин жыйынтыгы. Эң маанилүүсү жана негизгиси - мамлекет жана ар бир баскычтагы мамлекеттик мекемелер уюшкандык менен иш алып барышты. Алардын катарында Ооруларды көзөмөлдөө борбору, клиникалык сектор же догдурлар, Саламаттык сактоо министрлиги, Чек ара кызматы, Ички иштер министрлиги жана башка түзүмдөр бар. Баса белгилей кетчү жери, бардыгы премьер-министр Георгий Гахариянын ишине абдан жогору баа беришүүдө. Өкмөт башчы кризистик жагдайда өзүн мыкты башкаруучу катары көргөздү. Башкача айтканда, анда кризистик менежердин даремети бар экен.

Грузияда башка европалык жана европалык эмес өлкөлөрдөн, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан айырмаланып, инфекциянын ыктымал коркунучун, канчалык кооптуу экенин пандемия жарыялана электе баамдадык. Кытайда эпидемия башталганда коронавирус инфекциясына, ал кезде жаңы коронавирус деп аталчу, жакшылап көңүл бурбай коюшкандай. Балким буга чейинки эки эпидемиянын таасири да роль ойноду окшойт. SARS жана MERS дагы COVID-19дай болуп коронавирустан келип чыккан, бирок башка штаммдан.

Кыскасы, баары эле бул жолу да ушундай болот, коронавирус өзүн ошондой эле алып жүрөт деп күтүшкөн. Кытайда, Уханда бир нече миң, балким он миңдеген кишиге жугат анан ошону менен чектелет деп болжолдошкон. Мындай ойго көптөгөн өкмөттөр жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да жетеленген. Уюм глобалдуу коркунучту абдан кеч жарыялаган. Грузияда тескерисинче, башынан эле пандемиянын ыктымал коркунучун баалап, бул эпидемия кеңири жайыларын болжолдоп, туруштук берүүгө камдана баштаганбыз. Өз убагында адекваттуу, натыйжалуу чара көрүлө баштаган.

- Башкача айтканда Грузия башынан эле алдын алуу иштерине басым жасап, ошо багытта иш алып барган турбайбы?

- Ооба, чек арада көзөмөл орнотулган. Бардык авиакаттамдар көзөмөлгө алынган. Вирус жугузгандардын саны көп катталган Кытай, Иран, башка өлкөлөр менен авиакаттамдарга дароо чектөө коюлган. Андан кийин Италия өңдүү европалык өлкөлөрдөн учуулар да чектелди. Эсиңиздерде болсо керек эң чоң толкундан биринчи болуп Италия жабыркап, кийин Франция, Англия, АКШ, Бразилия, Орусия андан ашып өттү. Мен айткан чаралар Грузияда эрте, эпидемиянын алдын ала көрүлгөн.

- Грузияда коронавирус жугузуп алган биринчи бейтап 27-февралда катталыптыр. Сиздер январдан тартып эле активдүү иштей баштагансыңарбы?

- Ооба, өкмөт башчынын алдында координациялык кеңеш түзүлүп, ырааттуу түрдө жыйындар өткөрүлүп турду. Биздин өкмөт дарыгер, адистердин пикирине кунт коюп кулак салып жатты. Мындай көрүнүш бизде сейрек болот. Адатта өкмөттөр адистер кырдаалды апыртып сүрөттөшөт, андай коркунучтуу эч нерсе деле болбойт деп ойлошот жана алардын сунуштарына анча көңүл бурушпайт.

Бизде өкмөт догдурларга кайрылып, "эмне кылыш керектигин айтсаңар эле аткарабыз" деп турушту. Биз сунуш кылган бардык чектөөлөрдү киргизишти.

Андан кийин эпидемиологиялык кызмат өз ишин мыкты аткарды. Кайсы бир жерде вируска кабылган киши аныкталганда эле дароо, кечиктирилгис чаралар көрүлүп жатты.

Оору чыккан көчө, район, айыл болобу, ошол жер көзөмөлгө алынып эпидемиологдордун күчөтүлгөн тобу жөнөтүлүп турду. Алар ооруп калган киши менен байланышта болгон бардык адамдарды текшерип, өз убагында изоляцияга алышты. Грузияда коронавируска чалдыккандар эмне үчүн аз болгонунун негизги себебин ушул иш-аракеттер менен түшүндүрсө болот.

-Башка өлкөлөрдөн, анын ичинде эпидемиянын очогунда калган грузин жарандарын мекенине кайтаруу иши жүргүзүлгөнбү?

- Ооба, чет өлкөлөрдө жүргөн грузин жарандарын репатриациялап (мекенге кайтаруу) жаттык. Атайын чартердик каттамдар уюштурулду. Ошол каттамдар абдан дыкат көзөмөлгө алынды. Бул жерде карантиндик кызмат жакшы иштегенин да белгилей кетейин. Башка жактардан келгендерди чек арадан скринингден өткөрүп, айрымдарынан анализ алынып, экспресс-тесттин жардамы менен текшерилип турду. Ушундай текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бир нече миң киши 14 күнгө карантинге алынып, айрымдар азыр да ошол жактарда. Бардык чоң мейманканалар, жатаканалар жана башка жайлар ошол адамдарды кабыл алууга ылайыкташтырылып, медициналык кызматкерлер, эпидемиолог, дарыгерлер менен камсыздалган. Кыскасы, карантиндик кызматтын мыкты иши ийгиликтин бир себеби болду.

- Бул вирустун кооптуу жери айрым кишилер симптомдору жок эле жүрө беришет экен. Ошондой бейтаптарды аныктоо иши кандай жүрдү эле?

- Биз илдеттин белгилери жок же анча байкалбаган бейтаптарды абдан эрте аныктай баштаганбыз. Ал кезде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңештери боюнча дене табы 38 градустан ашкан жана дем алуу органдарынын инфекциясына окшогон симптомдору бар кишилерди гана скринингден өткөрүп, текшерип жана карантинге алуу керек болчу. Биз Кытай жана башка өлкөлөрдөн алынган маалыматтарды дароо анализдеп чыкканбыз. Ал жактарда COVID-19га кабылган бейтаптардын ири бөлүгүндө илдеттин белгилери жок же көп байкалбайт деп айтылып келди. Биз тез эле дарылоо жол-жоболору, протоколдордон ошол" 38 градус" деген жерин алып салганбыз. Бизде COVID-19дун белгилеринин бири - дененин абдан ысышы деген жери жок. Дем алуу органдарынын инфекциясынын симптомдору байкалганда эле, дене табы нормалдуу экенине карабай же 37- 37,2 градуска көтөрүлсө да тест жасап жаттык. Албетте температурасы жок, бирок рентген пневмонияны көргөзгөндө эле COVID-19га тест алынып жатты.

- Бир за тумоологон, дене табы көтөрүлгөн адамдар кайда, кимге кайрылышы керек экени да маалымдалып турду да?

- Илдеттен көз жумгандардын аз болушун шарттаган дагы бир чара - бул ооруп калган адамдарды тескеген системанын жакшы уюшулганы. Дем алуу органдарынын инфекциясы деген кымындай шек жаралса эле "Тез жардамга" чалып жатышты. Маалымат каражаттары, телевидение ошол номерди улам-улам кайталап берип турушту. "Тез жардам" ошол чалууларды үй-бүлөлүк дарыгерлерден куралган топторго берип турду. Бул үчүн өлкө аймагында 40 чакты пункт түзүлүп, анда иштеген дарыгерлер атайын тренингден өттү. Анан алар телефондон кеңеш берип турушту. Албетте симптомдордон тышкары, кайрылган кишинин анамнези да эске алынат. Мисалы, чет өлкөгө саякаттаганбы, чет жактан келген конокторду тосконбу, оорулуу киши менен контактта болгонбу деген суроолорго жооп алыш керек. Кайрылган адам вирус жугузуп алган деген бир аз күмөн саноо болсо эле аны атайын борборлорго жөнөтүп жаттык.

Биз "лихорадка борборлору" деп атаган жайлар Грузиянын бүт аймагында уюштурулган. Ошол борборлордо 12 саат ичинде бардык келгендерден анализ алынып, рентген жасалчу. Коронавирус табылбаса, анда ал кишилерди үйүнө кетирип, бирок башкалардан обочодо болуу керектиги эскертилип жатты

Ал эми диагнозу тастыкталгандар өлкө аймагында түзүлгөн 12 борбордун бирине жайгаштырылчу. Ал жерде бейтаптар дарыланып, кошумча текшерүүдөн өткөрүлүп келди. Биздеги дагы бир өзгөчөлүктү айта кетейин, тестинен коронавирус табылган бардык адамдарды, оорунун белгилери байкалбаса да ооруканаларда дарылаганбыз. Мисалы, Италия, АКШда жаңы учурлар миңдеп катталганы үчүн андай мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Грузияда күнүнө инфекция жугузган 8 же 10 киши катталып жатты, бир күндө эң көп 31 киши болгон. Андыктан биз бардыгын ооруканага жаткырып келгенбиз. Эмне дегенде аларды үйдө калтырып койсо, эрежелерди сактап, инфекцияны таратышпайт деген кепилдик жок да. Мындай чара өзүн актады. Мисалы, Америкада үйдө дарылангандар инфекцияны жайылтып жатышты да.

Экинчиден, бул илдет тез өтүшүп кетет деген маалыматтарды эске алганбыз. Кээде белгилери жок башталып эле бейтаптын абалы бир заматта оорлошуп кеткен учурлар көп байкалды.

Ооруканада симптоматикалык ( белгилерине жараша), керек болсо патогенетикалык дарылоо жүргүзүлдү. Ошон үчүн бизде илдет өтүшүп кеткен учурлар азыраак болгон. Орто эсеп менен оор абалдагы бейтаптардын саны 5-6 процент болсо, Грузияда 3 проценттен ашкан жок. Себеби, биз өтө оор абалга жетирбөөгө аракет кылып жаттык.

- Кыргызстанда тесттердин сапаты чоң көйгөй жаратып келет. Анан вирусту жугузуп алган медкызматкердердин саны көп, алардын жеке коргонуу каражаттары тартыш. Грузияда бул жагы кандай болгон?

Кабарыңыз барбы же жокпу билбейм, бизде Лугар атындагы борбор иштейт. (Коомдук саламаттык сактоо боюнча изилдөө борборуна америкалык сенатор, постсоветтик өлкөлөргө массалык кыргын салуучу куралды жок кылууга жардам берген программанын авторлорунун бири Ричард Лугардын ысымы ыйгарылган - редакция).

Америка курган бул лабораторияга 300 миллион доллардан ашуун каражат кеткен. Региондо өтө кооптуу инфекцияларды көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн бул жай эң алдыңкы технология, каражаттар менен жабдылган. Бул жагынан балким Орусия менен гана атаандаша алабыз. Тест системалар кеңири сатыла электе эле Америка, Германия Лугар борборун өтө сапаттуу тест системалар менен камсыздай башташкан. Бул бизге абдан чоң жардам берди. Биз тест жүргүзүүдө эч кандай кыйынчылыкка дуушар болгон жокпуз.

Лаборатория болбосо, диагностика да кыйындайт болчу, натыйжада эпидемияны тескөөдө да проблемалар жаралмак. Вирусту жугузуп алган медкызматкерлердин саны да дүйнөлүк орточо статистикадан төмөн. Менимче, 10 проценттин айланасында. Себеби жана айтылгандай, алдын алган иштердин алкагында дүйнөлүк рынокто таңсыктык пайда боло электе эле жеке коргонуучу каражаттарды сатып алганбыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG