Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Баткен району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен жердеги талаштуу делген аймак, 2011-жылдын 27-марты.
Баткен району менен Тажикстандын Исфара району чектешкен жердеги талаштуу делген аймак, 2011-жылдын 27-марты.

Кыргызстан менен Тажикстандын кезектеги чек ара сүйлөшүүлөрү оңунан чыкса, Ош облусунда Тажикстан менен чектеш 45 чакырым жер такталмакчы.

Бул тууралуу 28-сентябрда Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында кыргыз өкмөтүнүн чектеш аймактарды өнүктүрүү жана чек араларды делимитациялоо бөлүмүнүн өкүлү Аскар Момбеков билдирди. Ушу тушта Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек аралары боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.


Сүйлөшүүлөр жанданды, бирок жылыш аз


Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасы алигиче толук такталып бүтө элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 70тей такталбаган жер бар. Кыргыз өкмөтүнүн чектеш аймактарды өнүктүрүү жана чек араларды делимитациялоо бөлүмүнүн эксперти Аскар Момбеков Ош облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын 80ден ашык пайызы такталып бүткөнүн, Баткенде болсо тактоо иштери акырындык менен жүрүп жатканын айтты:

- Баткен облусу боюнча 673 чакырымдан 292 чакырым жер такталды. Бул тоо жактагы жерлер. Ал эми түздүктө тактала элек 68 участок бар. Биз ар бирине картографиялык материал даярдап койгонбуз. Ар бир жолуккан сайын бири-бирибиз менен пикир алмашабыз, бири-бирибизге сунуш беребиз. Анан иштер акырын жылып жатат.


Өзбекстан менен сүйлөшүү татаал болууда


Чыр-чатак көп. Биздин кыргыздын жери деген жакка деле жылып келип, уруш-жаңжал ушунун айынан чыгып кетет.

Аскар Момбековдун малымдашынча, өзбек-кыргыз чек арасында тактоону талап кылган аймактар саны алтымыштан ашат. Жалпы узундугу 315 чакырымды түзөт. Алардан ичинде талаш-тартыштуу делген чоң 6 участок бар. Момбеков эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү татаал жүрүп жатканын айтты:

- Өзбекстан менен 5 жолу кезиктик, бул жерде позицияларда анча-мынча айырмачылыктар бар. Ошон үчүн бири-бирибиз менен кайра-кайра кезигип, ошол маселелердин үстүнөн иштеп жатабыз. Эмки кабыл алуу өзбек тарапта болот.

Эгер кудай буйруп иш оңунан чыгып калса, белгилүү бир 20 участок тууралуу сүйлөшүп жатабыз, ушул маселелер алдыга жылышы мүмкүн. Ушул күнгө чейин алар картасын ачык көрсөтө элек. Биз дагы картабызды бербей жатабыз. “Силер берсеңер, биз да беребиз, сунушуңарды айтсаңар, биз да айтабыз” деп жатабыз. Биз сунуштарыбыздын баарын дайындап кармап турабыз.



Талаш жерлерде тартыш көп




Закир Тиленов
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов “Ар-намыс” фракциясынынын жыйынында чек араларда жаңжалдар күчөгөнүн, быйыл тогуз айдын ичинде эле 35 факт катталганын билдирди:

- Суу, жер тартыш маселелер көп. Бардыгы эле каражатка келип такалып жатат. Былтыр бизге 2 миллиард 138 миллион сом керек болуп, ошол акча бөлүнгөндө биз чек арага атайын жаңы бекеттерди куруп, жаңжал болуп жаткан жерлерде чек араны тосконго каражат сураганбыз. Өкмөттүн мүмкүнчүлүгүнөн улам 40 эле пайыз бөлүнгөн.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактарында жашагандар чек арага байланыштуу маселелери жыл сайын көбөйүп жатканын белгилеп
келишет.


Жылып эле келатышат...


Жалал-Абаддагы Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургуну Сагын Эшме аталган айыл өкмөт Өзбекстандын Жаңы-Коргон району менен чектешип турганын, кошуналар Кыргызстандын аймагын көздөй жылып келе жатканын айтып берди:

- Арабызды 4-5 чакырым жол, анан айыл этегиндеги канал эле бөлүп турат. Каналдын нары жагы Өзбекстан, бери жагы Кыргызстан.

Чыр-чатак көп. Биздин кыргыздын жери деген жакка деле жылып келип, уруш-жаңжал ушунун айынан чыгып кетет.

Жакында эле Бай-Кыштак деген айылдан тигилер өтүп, анан биздин чек арачылар барып калганбы, айтор ушундай чыр болуп, кыйкырык-өкүрүк менен зорго токтоттук. Эгерде чек ара такталып, ала жыгачтар орнотулса, ушундайлар болбойт эле. Билбейм эми, бул качан болот, аны ким кылат...


Ушундай эле көйгөйлөр Баткенде да арбын экенин жергиликтүү тургун Айымкан Амираева билдирди:

- Бош жерибизге малын жайып, тоолорубуздан таш жүктөп ушинтип кол сала беришет. Тажикстандын чек арасы мына бул биздин суу сактагыч көлдүн жээгине дагы жүз метр бери жакка жылып, аскерлерин киргизип алыптыр. Өзбекстан болсо Апкан деген айылыбыздан бери карай, жанаша айылга өтчү жолду эч кимди өткөрбөй бекитип салды.

Эки жанаша айыл бири-бирине өтө албай, 40 чакырым жолду айланып өткүдөй кылып салды. Биздин чек арада солдаттар жетишсиз экен. Мен чек арачыларга барып айтсам, “биздин аскерлер аз, биздин бир солтадыбызга Өзбекстандын тогуз, Тажикстандын алты жоокери туура келет" деп эле коюшат.


2010-жылы кыргыз бийлиги Өзбекстан жана Тажикстан менен чек аралар боюнча бир да сүйлөшүү жүргүзгөн эмес. Мындай аракеттер быйыл жанданды, бирок жыйынтык дээрлик жок.

XS
SM
MD
LG