Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

Кыргыз-тажик чек арасында жаңы чатак


Кыргыз-тажик чек арасында такталбаган жерлер көп
Кыргыз-тажик чек арасында такталбаган жерлер көп

Тажикстандын Исфара районунун тургундары кыргыз аскерлери “Чоркух” дыйкан чарбасына караштуу өрүк бакты ойрон кылышканын кабарлашты. Баткен облустук коргонуу жаатындагы бийлик өкүлдөрү окуяны ырасташты, бирок муну исфаралыктар өрүк бакты Кыргызстандын аймагына отургузушканы менен түшүндүрүшүүдө.

Окуя Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Исфара районундагы чек ара аймагында болгон. Бул жерде негизи эки тарап тең “биздики” деп талашып келаткан жерлер көп.

17-мартка караган түндөгү окуя кандай болгонун алгач Исфара районунун “Чоркух” дыйкан чарбачылыгынын жетекчиси Немат Олимовдон уктук.

“Ал күнү түнкүсүн Кыргызстандын атайын даярдыктагы куралдуу күчтөрү аскер техникасы менен келип, биздин дыйкан чарбачылыкка караштуу өрүк бактан биз 12 жыл мурда отургузган 400 түп өрүктү тамыры менен сууруп алышты, - деди Олимов “Азаттыктын” тажик редакциясына. - Анан муну эч ким көрбөсүн деп, аларды өздөрү менен кошо артып кетишти. Биз эч каршылык көрсөтө алган жокпуз, анткени алардын куралдары бар эле”.

Немат Олимов кыргызстандык аскер күчтөрү ал жерлерди басып алуу максатында ушундай аракетке барышкан деп ишенет.

Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев окуя чындап эле болгонун “Азаттыкка” бүгүн ырастады. Бирок ал муну тажикстандыктар Кыргызстандын жерине өрүк бак тигип алышкандыгы, тажик тараптан сүйлөшүүгө эч ким келбегени менен түшүндүрдү.

“Бул жер – биздин “Кара” деген учатоктогу жерибиз. Ошону айтып жатышат, - дейт Т.Эшалиев. – Алар ошол жерде биздин аймактагы 300 метр жерге өтүп, өрүк тигишкен. Көчөттөр көп жылдык эмес, башка жерден чоң-чоң көчөттөрдү алып, быйыл эле ошол жерлерге отургузушкан. Биз ал жерге жакында комиссия менен, Госрегистрдин адамдары менен барып көргөнбүз. Ал жерге барып, күтүп отурдук аларды. Бирок Чоркух айылынан эч ким сүйлөшүүгө келбеди. Ошондуктан биз ал көчөттөрдү жулуп таштадык. Өздөрү тарапта иштеп жаткан тажиктер карап турушту, бирок эч ким келген жок. Биз эки машине менен 7-8 адам болуп ал жерде үч сааттай жүрдүк. Алар ошол көчөттөрдү биздин аймакка тигишкен, муну каалаган учурда далилдей алабыз”.

Кыргыз-тажик чек арасы 800 чакырымдай аралыкты ээлейт, бирок Советтер Союзу таркагандан бери 20 жыл өтсө да, чек толук аныкталып бүтө элек. Акыркы эки жылда чек ара боюнча сүйлөшүүлөр такыр эле токтоп калды.

Чек араны тактоого кедерги болуп жаткан башкы жагдайлардын бири анын кайсыл карта менен аныкталышында болуп жатат. Эки өлкө эки башка жылы басылган картаны кармап, ошонун негизинде бөлүштүрүүгө кызыкдар.

Ал арада аймактагы кырдаалга көптөн бери көз салып келаткан байкоочулар жайдын келиши менен бул жерлерде эки улуттун ортосунда майда чыр-чатактар дагы көп болушу мүмкүн дешет. Анткени жер, суу талаштары өзгөчө жай мезгилинде күчөйт.

Тажикстандык эксперт Нематулло Мирсаидов: “Бир күн жер, суу, отун талаштын айынан чыгып жүрчү майда чатактар ири улуттар аралык жаңжалга айланып кетишинен Кудай сактасын, - дейт. - Андай болуп кетсе, анын кесепети өтө оор болот”.
  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG