Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Газадагы кырдаал АКШда студенттерди козгоду


Колумбия университетинде башталган студенттердин палестиндерди коргоо акциясы Американын дээрлик бардык жогорку окуу жайларына жайылды.

Университеттин жетекчиликтери аларды таркатуу үчүн полиция чакырып, ондогон адамдар кармалды. Акциялардан улам айрым окуу жайларда сабактар онлайн форматка өттү, башкалары бүтүрүү кечелерин өткөрүүдөн баш тартты. Айрым жөөт студенттер өз коопсуздугуна камтама болуп жатышат.

Америкадагы эң алдыңкы деп эсептелген Гарвард, Йель, Тафт университеттеринин, Массачусетс технологиялык институтунун (MITҚ) жана башка окуу жайлардын студенттери чатырларды тигип, Газаны колдогон ураандар жазылган кагаздарды көтөрүп, палестиндерди коргоого чакырган акцияларды улантып жатышат.

"Менимче, биз Газадагы кризиске каршы күрөштү улантып, Израилдин айынан 34 миңден көп бейкүнөө адамдар каза болгону, миллиондон ашуун киши ачкачылыкка кептелгени туралуу фактыларга көңүл бурушубуз керек", - дейт акциянын уюштуруучуларынын бири Кайя Шах.

Түштүк Калифорния университети бул акциялардан улам бүтүрүү кечесин өткөрүүдөн баш тартты. Окуу жайдын жетекчилиги муну коопсуздук чаралары менен түшүндүрдү.

25-апрелде ал жакта полиция 100дөй демонстрантты камап, чатыр тигип алгандарды таркатууга аракет кылды. Йелде элүүдөн көп, Нью-Йорк университетинде 150дөй студентти полиция кармап кетти.

Нью-Жерсидеги Принстон университетинин студенттери бейшембиде чатыр тиге баштаганда эле полиция кийлигишти. Социалдык тармактарга тараган видеолордон полиция кызматкери студенттерге: “Силер университеттин саясатын бузуп жатасыңар. Бул чатырчалар токтоосуз алынышы керек”, - деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Бостондогу Эмерсон коллежинин нааразылык акциясын уюштурган студенттерин полиция күч менен таркатып, 100дөй кишини кармап кеткени кабарланды. 26-апрелге караган түнү ал жактагы чатырлар алынды. Окуу жайдын жетекчилиги сабактарды токтотту.

Колумбия университетиндеги Газаны колдогон акция. 22-апрель, 2024-жыл.
Колумбия университетиндеги Газаны колдогон акция. 22-апрель, 2024-жыл.

25-апрелде Жорж Вашингтон университетинин жанына жүздөгөн демонстранттар чогулуп, окуу жайдын жетекчилигин Израилге байланышы бар компанияларга инвестиция салууну жана палестиндерди коргоп чыккан студенттерге дисциплинардык чара көрүүнү токтотууга чакырышты.

Коннектикут штатында полиция Йель университетинин кампусундагы лагерден кетүүдөн баш тарткан 48 кишини кармады. Алардын төртөө студент эмес болгон.

Остиндеги Техас университетинде дагы ондогон адамдар кармалды.

Калифорния университетиндеги Газаны колдогон акция өтүп жаткан жердин жанында Израилди колдогондор да демонстрация уюштурушту. Университеттеги жөөт студенттер өзүлөрүн коопсуз сезбей жатканын айтууда.

"Бул жердегилердин көпчүлүгү палестиндерге тилектештик билдирүү үчүн эмес, жөөт элин жектеп, агрессия жана зомбулук көрсөтүү үчүн чогулду. Мен бул жерге биз, жөөттөр, артка чегинбейбиз, коркпойбуз, эч ким биздин оозубузду жаба албайт деп айтыш үчүн чыктым", - дейт Калифорния университетинин студенти Эли Цивес.

Колумбия университетинде тутанган акциялар

Баары 18-апрелде Колумбия университетинде башталган. Студенттер жетекчиликтен Израилди колдогон компаниялардагы акчасын чыгарып кетүүнү талап кылышты. Администрациянын акцияны токтотуу талабы четке кагылганда, полиция тартылып, 100дөн көп адам кармалды.

Студенттер АКШ жана алардын окуу жайларынын жетекчилигинин Израилди колдоодогу ролуна анча ыраазы эмес. Алар окуу жайлардан Израилге курал жеткирген же соода жүргүзгөн компаниялардагы акчасын чыгарып кетүүнү талап кылып жатышат.

Университеттин администрациясы үчүн бул бир гана аброй маселеси эмес, каржы да маселеси болуп саналат. Америкалык университеттерди каржылоого мурдагы бүтүрүүчүлөр чоң демөөрчүлүк кылат. Палестиндерди колдоо акцияларынан улам алар каржылоону токтотуп жатат. Университеттеги жөөт студенттер өзүн коопсуз сезбей жатканын айтышууда.

Университеттин демөөрчүлөрү жана бүтүрүүчүлөрү жана АКШ Конгрессинин айрым мүчөлөрү, айрыкча республикачылар Шафикти нааразылык акцияларын убагында баса албаганы үчүн сындап, кызматтан кетишин талап кылышууда.

Алардын катарына Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон да кошулду.

"Лагердеги студенттерге айтарым, окууңарга кайтып, маанисиз иш менен алектенүүнү токтоткула", - деди Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон.

Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Колумбия университетинде. 24-апрель, 2024-жыл. Нью-Йорк.
Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Колумбия университетинде. 24-апрель, 2024-жыл. Нью-Йорк.

Студенттердин акциясы башталганы, Манхэттендин көчөлөрүндө Израилди жана Газаны жактаган демонстранттардын ортосунда кайым айтышуулар күчөп, жөөттөргө каршы, исламофобиялык жана расистик билдирүүлөр ар тараптан айтыла баштады.

Чатыр тигип алган студенттер тынч акция уюштурушканын айтып, кампустын тышкары болуп жаткан чагымчыл кагылышуулардын артында алардын кыймылына тиешеси жок адамдар турганын айтууда.

Gallup уюмунун соңку сурамжылоосу көрсөткөндөй, Газа тилкесиндеги жаңжал башталгандан бери АКШдагы коомдук пикир өзгөрүп, эми америкалыктардын көбү Израилдин Газадагы аракеттерин колдобойт. Ошол эле маалда алар антисемитизмге (жөөттөрдү кодулап, басмырлоого) каршы.

Газа тилкесинде 200 күндөн бери уланып жаткан согушка ХАМАС радикал уюмунун Израилдин конуштарына кол салуусу түрткү болгон. Былтыр 7-октябрдагы чабуулда жоочулар 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алганы кабарланган. Израилдин бийлиги азыркы тапта "хамасчылардын" колунда жүздөй киши жана 30дай адамдын сөөгү бар экенин билдирүүдө.

Радикал уюмга жооп катары Израил армиясы Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, бул убакыт ичинде 34 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG