Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:57

Аскаров ачкачылык жарыялайт


Азимжан Аскаров Бишкектеги 47-абакта кармалып турган учуру, 2011-жылдын 15-марты.
Азимжан Аскаров Бишкектеги 47-абакта кармалып турган учуру, 2011-жылдын 15-марты.

Укук коргоочу Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан өкүмдү Жогорку Сот күчүндө калтырышына бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануу билдирди.

Азимжан Аскаров бул чечим менен макул болбой, 10-январдан баштап ачкачылык жарыялоону көздөөрүн 21-декабрда аныменен жолугушууга кирген укук коргоочуларга билдирген. Ал ортодо укук коргоочунун адвокаттары Жогорку Соттун чечимин мыйзамсыз деп атап, ал боюнча БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылашаарын жар салышты. Өлкө бийлиги болсо, соттун ишине эч кийлигишпегенин билдирүүдө.


Сот жараяны мыйзм бузуулар менен коштолгонбу?


20-декабрда Жогорку Сот өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча Базар-Коргон райондук жана Жалал-Абад облустук сотторунун өкүмүн күчүндө калтырды. Эң жогорку баскычтагы соттун бул чечими жарыяланаар замат бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирди. Алсак, адам укуктары жаатында кадыр-барктуу саналган Нuman Rights Wacht уюму Аскаровго байланышкан сот жараяны бир катар мыйзам бузуулар менен коштолгонун жарыялады.

Нuman Rights Wacht уюмунун Орто Азия өлкөлөрү боюнча башчысы Рейчел Денбер уюмдун расмий сайтында “сот иши баштан аяк кемчиликтер менен коштолду. Эң кызыктуусу, сот тыкыр тергөөнү талап кыла алган жок” деген баасын берди.

Азимжан Аскаровдун адвокаттары Жогорку Соттун өкүмү менен макул эмес. Алар соттун бул чечими бийлик төбөлдөрүнүн түздөн-түз көрсөтмөсү менен кабыл алынганын айтып чыгышты. Адвокат Нурбек Токтакуновдун айтымында, бул иш боюнча Женевадагы БУУнун адам укуктары боюнча комитетине арыз даярдалууда:

- Биз өз аракеттерибизди улантуудабыз. Бул иш боюнча жаңы тараптарын издеп таап, кайрадан башынан каратууга белсенип жатабыз. Муну менен катар БУУнун Женевадагы адам укуктары боюнча комитетине арыз даярдап жатабыз. Кыргызстан 1993-жылы адам укуктары боюнча эл аралык пактка кол койгон. Эгер адам укуктары боюнча бул комитет Аскаровдун укуктары бузулганын аныктаса, мамлекет ага жооп берүүгө милдеттүү болот. Болбосо, биздин өлкө эл аралык коомчулук тарабынан саясий жана экономикалык кысымдарга тушугушу мүмкүн.

Токтакунов бийлик күндөн-күнгө күчтөнүп жактан улутчул топтордун жаалынан коркуп, Аскаровду ак жеринен айыпка жыкты деген пикирде.


Бийлик сот ишине кийлигиштиби?


Ал ортодо Аскаровдун сот чечимине макул болбой, ачкачылык жарыялоону көздөгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” №47 абакка кирип, укук коргоочу менен жолугушуп чыккан “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова билдирди:

- Азимжан Аскаров кирип сүйлөшкөн учурда ал жергиликтүү укук коргоочулар аркылуу өз үнүн өкмөткө жеткирүүгө аракет кылаарын айтты. Эгер андан пайда чыкпаса 10-январдан баштап, ачкачылык жарыялай турганын билдирди.

Анткен менен Жогорку Соттун өкүлдөрү алардын дарегине айтылган бийликтин көрсөтмөсүн аткарды деген дооматты четке кагууда.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, сот бийликтин кызыкчылыгын коргобостон Аскаровдун иши боюнча тергөө органдары сунуштаган материалдарынын негизинде адилет чечим чыгарды:

- Соттолгондордун жактоочуларынын Жогорку Соттун дарегине айткан сындары негизсиз. Себеби соттолгондордун ушул кылмышка катышы бардыгы тергөөнүн жүрүшүндө толук далилденген. Муну соттук жараяндын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу прокурор тастыктады. Мына ушул далилденген факттардын негизинде гана сот өзүнүн чечимин чыгарды.

Ошол эле учурда укук коргоочулар бийлик сот системасына буйрук берүү менен мурунку эки бийликтин каталарын кайталады деген жүйөлөрдү келтиришүүдө.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын айтымында, Аскаров боюнча сот өкүмүнө бир нече эл аралык уюмдун кескин сын айтышы Кыргызстандын акыркы жылдары топтогон кадыр-баркына шек келтирди:

-Тилекке каршы Аскаров соту Кыргызстандын эки ыңкылаптан соңку кайсы жолго бара жатканы, адилеттүүлүк орнойбу деген суроолордун индикатору эле. Бул ишеним аткарылган жок. Кыргызстанда бирдиктүү, адилеттүү башкаруу түзүлөт, ал эл ишенимин аткарат деген үмүт аткарлыган жок. Бүгүнкү бийликти Атамбаев өзүнүн терс көрүнүш менен баштап алды. Чоң үмүтүбүз бар эле.

Азиза Абдрасулова Аскаровдун кесилиши Ош окуясында жабыркагандардын көксөөсүн суутуга болгон эле бийликтин аракети катары баалоодо.


Эл аралык уюмдар эмнени көздөөдө?



Ал эми июнь окуясы учурунда өкмөттүн укук коргоо тармагын тейлеген вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров Аскаровдун ишинен саясат издөө менен укук коргоочулар, эл аралык уюмдар ишке бир тараптуу басым жасаганын белгилейт:

- Мен 15 жылдан бери сот системасы менен күрөшүп келе жатам. Коррупциялык схема боюнча жасалган иштерге бийликтин таасири тийип келе жатат. Ал эми жүздөгөн адамдар күбө болгон, ондогон адамдар каза тапкан, массалык тартипсиздик өкүм сүргөн Азимжан Аскаровдун ишинде бийлик кийлигишти деген болбогон кеп. Себеби, жүздөгөн адамдар күбө болушту, ал киши кылмыш болгон жерден кармалды.

Укук коргоочулардын сот системасын күңкор система катары айып тагышы Кыргызстанда сот реформасын жүргүзүүгө байланыштуу талаштарга кайрадан жол ачты. Анткени, талдоочулар сот системасына реформа кылмайын Аскаровдун иши сыяктуу чатактардын аягы тыйылбайт деп болжошууда.

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова мындай талаштардын жаралышын орто жолдон токтоп калган сот реформасынын кесепетинен көрүүдө:

- Бүгүнкү соттор деле бийликтин көзүн карап жатышат. Ким бизди тандайт, кимдин аркасы менен келебиз деп жатышат. Эч нерсе өзгөргөн жок. Мыйзам түрүндө көз карандысыздык киргизилмейинче, сот бийликтин көзүн караганы караган.

Өзбек тектүү укук коргоочу, Жалал-Абаддагы “Аба” укук коргоо уюмунун башчысы Азимжан Аскаровго июнь коогасы учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө, тополоң уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлган эле.

Өткөн жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Чехиядагы "Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму ушул жылдын 8-мартында Азимжан Аскаровду “абийир туткуну” деп атап эл аралык Homo Homini сыйлыгын ыйгарган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG