Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Азимжан Аскаров - назик сүрөтчү


Азимжан Аскаров бул автопортретин мындан 20 жыл мурда тарткан.
Азимжан Аскаров бул автопортретин мындан 20 жыл мурда тарткан.

Бишкекте былтыркы июнь коогалаңы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ал Кыргызстандагы профессионал сүрөтчүлөрдүн катарын толуктайт.

Адамдын эркиндиги чектелгени менен анын талантын чектөө мүмкүн эмес экенинин дагы бир далилидир, темир тордун жагымсыз, сыз, тар бөлмөсү укук коргоочу жана сүрөтчү Азимжан Аскаровдун чыгармачылык эргүүсүн чектей албады. Ал бүгүн дагы кыялындагы сүрөттөрүн баракка түшүрүп жатат.

Укук коргоочунун жубайы Кадича Аскарованын айтымында, азыр ал өзүнүн бейнесин тартуу менен алек.

- Азыр калем менен автопортретин иштеп жаткан экен. Менин да сүрөтүмдү тартыптыр.

Кадича Аскарова өмүр шериги бүгүн 60 жашка толуп жатканын да кошумчалап, анын үй-бүлөсү бул мааракени үйүндө чогуу тосууну бир канча жылдан бери тилек кылып келгенин, бирок эми күйөөсү минтип бул күндү абакта тосууга аргасыз болуп жатканына кейиди.

Кадича айым Бишкектеги көргөзмөгө таланттуу күйөөсүнүн 50дөй эмгегин алып келиптир. Көргөзмө Бишкектеги "Жарандар коррупцияга каршы", "Кылым шамы", Демократиялык өнүгүү борбору өңдүү бейөкмөт уюмдардын жардамы астында уюшулду.

Өзбек тектүү укук коргоочу, сүрөтчү Азимжан Аскаров 1977-жылы Ташкенттеги көркөм сүрөт окуу жайынын живопись бөлүмүн бүтүргөн. Бирок эмгектеринин көбүн Кыргызстанда жараткандыгын анын тарткан сүрөттөрүнөн көрүүгө болот. Таңкы шүүдүрүм коштогон кыргыз кыштак, ак кар баскан тоолор, жупуну мусулман ашканасы анан ар кандай адамдардын бейнеси чагылдырылган сүрөттөр кыл калем ээсинин назик, карапайым дүйнөсүн ачып турат дешет жаш сүрөтчүлөр.

Алардын бири Руслан Көчкүбаев:

- Маселен, бул бет маңдайдагы эле сүрөттү алайын, жай гана жаратылыштын көрүнүшү, эч кандай орой, осол нерселер жок. Лирика, назиктик... Ар бир сүрөтчүнүн өз дарамети, ички туюму бар, ал сүрөттөн даана көрүнөт. Бул сүрөттөр автордун илбериңки, жумшак мүнөзүнөн кабар берет. Бирок мага сүрөтчүнүн азыркы туюму кызык болуп турат, ал сыз, муздак темир тор артында эмнени жаратып жатты болду экен? Өтө өкүнүчтүүсү анын мындан аркы сүрөттөрү буга чейинкидей жарык, мындай кооз боёктор менен тартылбай калышы мүмкүн.

Чынында Азимжан Аскаров 1990-жылдардагы Ош коогалаңына чейин бүгүн көргөзмөгө коюлган сүрөттөрү менен алек болгон. Аялы Кадича Аскарованын айтымында, Азимжан Аскаровго 1990-жылдагы Ош коогалаңы өтө оор таасир берген. Ал сүрөтчүлүктү толук таштап, укук коргоочу болуп коомчулук менен иштеп кеткен.

Ал эми былтыркы июнь коогалаңы учурунда “Базар-Коргондо болгон тополоңду козутуп, милиция кызматкерин өлтүрүүгө тийиштиги бар" деп айыпталып камакка алынган. Ал сентябрь айында Базар-Коргон соту тарабынан өмүрүнүн акырына чейинки мөөнөткө кесилип, бул соттун чечимин областтык сот күчүндө калтырган болчу. Бул иш азыр Жогорку Сотто каралууда.

Кыргызстандык жана чет элдик укук коргоо уюмдары Аскаровго чыгарылган өкүмдү адилетсиз деп айыптап келатышат. Март айында Чехиялык "Зарланган адамдар" аттуу белгилүү уюм Азимжан Аскаровго адам укуктары менен демократияны жайылтууга кошкон салымы үчүн жылдык Homo Homini сыйлыгын ыйгарган.
XS
SM
MD
LG