Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Акылбек Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга барат


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2-3-майда иш сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жапаров Ташкент шаарында өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынына жана эл аралык инвестициялык форумга катышат.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү жана курулуш объектилеринин башкы пландары менен таанышары күтүлүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны былтыр 16-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн. Анда 2022-жылдын жыйынтыгы менен өз ара товар жүгүртүүнүн өлчөмү 32 пайызга көбөйүп, рекорддук 1 млрд 260 млн долларга жеткени айтылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык саясий талаш жаратып келаткан чек аралары такталып, чечилгенден кийин жандана баштады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG