Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу кызматтан алынды


Кубан Адыл уулу.
Кубан Адыл уулу.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулу кызматтан бошотулду.

Садыр Жапаров 24-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берип, Курманкул Зулушевге орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.

Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканы тууралуу жазган арызы негиз болгон.

49 жаштагы Кубан Адыл уулу эмгек жолун 2000-2003-жылдары Нарын облусунун прокуратурасынын инспектору, жетектөөчү адиси болуп иштей баштаган. 2021-жылга чейин прокуратура тармагында ар кандай кызматтарда эмгектенип, 2021-жылы башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG