Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Өзбекстан-Ооганстан: 44 млн долларлык келишимдерге кол коюлду


Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы жарыялаган сүрөт.
Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы жарыялаган сүрөт.

Өзбекстан ооганстандык ишкерлер менен алака-катышын кеңейтип, бул өлкөгө жалпысынан 44 миллион долларлык товар экспорттоо тууралуу келишимдерге кол койгонун 30-апрелде "Азаттыктын" өзбек кызматы өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына таянып кабарлады.

Мекеме билдиргендей, Ооганстандын ишкерлер тобу Өзбекстанда үч күн болуп, жергиликтүү компаниялардын жетекчилери менен кезигип, экспорттук келишимдерге кол коюп кетишти.

Ооганстандын 18 компаниясы кире турган Өзбекстан-Ооганстан Ишкерлик кеңешин түзүү макулдашылганы маалымдалды.

Азыркы кезде Өзбекстандан Ооганстанга экспорт көлөмү жылына 7 миллиард долларды түзүүдө. Негизинен калкы 35 миллиондук бул өлкөгө өзбек ишкерлери айыл чарба, тамак-аш азыктарын, кездеме, булгаары, электр буюмдарын жана курулуш материалдарын сатышат.

2021-жылы Ооганстанда 20 жылдан кийин бийликке кайрадан “Талибан” кыймылы келген. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Кыргызстан азырынча “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбай турганын 6-апрелде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” билдирген. Ал расмий Бишкек учурда Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып, гуманитардык абалды жөнгө салууга салым кошуп жатканын айтып, “"Талибанды" биз дипломатиялык жол менен тааный элекпиз. Аймакта азырынча эч бир өлкө тааный элек. Казакстан террордук уюмдардын тизмесинен чыгарды, Орусия да чыгарарын айтып жатат”, - деген.

Казакстан Ооганстанда бийлик башында турган "Талибан" кыймылын тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алганын былтыр казак Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров билдирген.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG