Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Издөөдөгү черногориялык ишкер мекенине жеткирилди


Душко Кнежевич. Архивдик сүрөт.
Душко Кнежевич. Архивдик сүрөт.

Черногориялык белгилүү ишкер, өлкөнүн мурдагы президенти Мило Жукановичтин жакын союздаштарынын бири катары таанылган, мекенинде коррупцияга айыпталган Душко Кнежевич Улуу Британиядан экстрадиция болгонун бүгүн 30-апрелде Черногориянын Юстиция министрлиги билдирди.

Кнежевич Лондондон Черногориянын борбору Подгорицага атайын учак менен жеткирилгени маалымдалды. Британиянын, Черногориянын, Кипрдин жана Сербиянын паспорту бар ишкерге “бизнес операцияларында шыкактоо, кылмыштуу уюм түзүү жана арам акчаны адалдоо жолу аркылуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып кылмыш жасаган” деген айып тагылганы маалым болду.

1990-жылдары Жукановичтин үзөңгүлөштөрүнүн бири болгон Atlas Group компанияларынын башчысы Душко Кнежевичке Черногория 2019-жылы издөө жарыялаган. 2020-жылы Кнежевич Жукановичти жемкорлукка айыптап чыккан.

Жуканович Черногрияны 2018-2023-жылдары башкарган. Бул жылдары өлкө Европа Биримдигине мүчө болуп кирүү процессинде бир топ алдыга жылган (2025-жылы кабыл алынат деп пландалууда). Ал 2023-жылкы президенттик шайлоого да катышкан, бирок тийиштүү добуш ала алган эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG