Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Аскаровдун иши эл аралык деңгээлге чыкты


Жогорку Сот өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароону 20-декабрга жылдырды. Соттук иштин создугушун июнь коогасында өлтүрүлгөн Базар-Коргон райондук милиция бөлүмүнүн кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жакындары эл аралык уюмдардын кысымы менен байланыштырууда.

Ал ортодо бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Азимжан Аскаровду саясий туткун катары атап, кыргыз бийликтерин аны бошотууну талап кылып жатат.

Бул иштин алдыга жылышына Аскаров баштаган сегиз соттолуучунун айрымдарынын жактоочуларынын соттук жараянга келбей калганы жана ишти караган мамлекеттик айыптоочунун алмашканы себеп болду. Бул жагдайды Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев ачыктады:

- Бүгүн соттолгондордун жактоочуларынын көпчүлүгү жараянга келбей калышты. Соттук иштин жылдырылышына бир четинен ушул себеп болду. Экинчиден, мамлекеттик айыптоочу алмашты. Мамлекеттик айыптоочу бул иштин чоңдугун айтып, таанышууга кошумча мөөнөт сурады. Эми 20-декабрда расмий түрдө жактоочуларга чакыруу жиберилет. Эгерде ал учурда келбесе, жактоочуларды алмаштырууга туура келет.

Айыпталуучулардын адвокаттары келбей калган кесиптештери сотко чакыруу кагазын албай калышканын билдирди. Жогорку Сот болсо адвокаттарга чакыруу кагазы 17-ноябрда эле жөнөтүлгөнүн айтууда.

Шалаакылык ким тараптан болду?

Ал ортодо маркум Мыктыбек Сулаймановдун жакындары “Жогорку Соттун Аскаровго болгон өкүмүн канчага күтөбүз?”, “Укук коргоочулар, канчага чейин мыкаачы кылмышкерди коргойсуңар?” “Райондук соттун чечими күчүндө калышын сурайбыз” деген плакаттарды Жогорку Соттун имаратына асышты. Алар эл аралык уюмдардын басымынан улам сот иши создугуп жатат деп эсептешет.

Маркумдун жесири Чынара Бечелова күйөөсүнүн өлүмүнө катышы бар деп айыпталган сегиз адамдын күнөөсү толук далилденгенин кайталайт:

- Бүгүнкү сот ишинин болбой калышы атайын эле жасалды. Себеби өткөн отурумдарда адвокаттар өздөрүнүн жүйөлөрүн айтышкан эле. Бүгүн соттун өкүмүн окуп коюу эле калган. Шылтоо менен артка жылдырып коюшту. 20-декабрда келсек дагы бир себепти табат да, кайра жылдырып коюшат. Анан бизге окшогондор какшап жүрө берет өңдөнөт. Бул жерде ЕККУнун өкүлдөрү отурат. Булардын басымы болуп жатабы же чоңдордун басымы болуп жатабы? Мен түшүнбөй калдым. Эми баарын Кудайга койдум!

27-ноябрда Мыктыбек Сулаймановдун жактоочулары “сот Аскаровду актаганы жатат, ага каршыбыз” деген ураан менен Бишкек-Ош жолун торошкон эле. 20-декабрда сот өкүмү чыкпай турган болсо, нааразылык акциялары улантылаарын Бечелова билдирди.

Ал эми Азимжан Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, Жогорку Соттун өкүмүн Аскаров өзү деле чыдамсыздык менен күтүп жатат. Токтакунов бүгүнкү соттук иштин үзгүлтүккө учурашын Жогорку Соттун шалаакылыгы катары баалады:

- Бүгүн соттук жараяндын өтпөй калышына түздөн-түз соттор жоопкер. Себеби соттор соттук жыйынды өткөрүүдөн мурун жабырлануучу тарап менен айыпталуучу тараптын сотко чакыруу алгандыгын тастыкташы зарыл. Алар сотко чакырууну атайын заказдык чакыруу менен жибериши керек эле. Бизде дал ушул практика ар дайым бузулуп келет. Ошондуктан көптөгөн соттук иштер башаламандыкка учурайт же соттук отурумдар тараптардын маанилүү өкүлдөрүсүз өтөт. Муну да бир коррупциялык механизм катары кароого болот.

Укук коргоочулар: "Аскаровго азаттык"

Ал ортодо “Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы" уюму Азимжан Аскаров боюнча билдирүү таратып, анда өзбек тектүү укук коргоочу камакка алынган учурда ур-токмокко кабылганы жана сотто күнөөсү далилденбегени айтылат. Аталган уюм Аскаровду тез арада актоону талап кылган. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова:

-“Укук коргоочуларды коргоо обсерваториясы” - бул дүйнөлүк уюм. Алар кечээ Аскаровдун иши Жогорку Сотто каралаардын алдында дүйнөгө Аскаровдун күнөөсүз экенин жана анын үстүнөн адилет сот болушу керектигин жар салып, аны актоого чакырды. Анткени өткөн 11 ай ичинде Аскаровдун ишин таржымалаган дүйнө жүзү анын саясий иштерге кабылып, саясий куугунтукка тушугуп, күнөөсүз отурганын билишет.

Муну менен катар өлкөдөгү Укук коргоочулар кенеши жаңы бийликтен Аскаровду азаттыкка чыгарууну суранышууда.

Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамга июнь коогасы учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө, тополоң уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп, өткөн жылдын сентябрь айында Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаровду жана 5 кишинин үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Аскаров менен анын адвокаттары коюлган күнөөлөрдү четке кагып келатышат. Чехиядагы "Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму ушул жылдын 8-мартында Азимжан Аскаровго эл аралык Homo Homini сыйлыгын ыйгарган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG