Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:52

Оорулуу Гавел Аскаровдун уулуна сыйлыкты өзү тапшыра албай калган


Азимжан Аскаров, автопортрет
Азимжан Аскаров, автопортрет

Бүгүн чехтер аза күтүп жаткан экс-президент Вацлав Гавел коммунизм доорунда куугунтуктун шартындагы чыгармачыл жана саясий талбас эмгеги менен тоталитардык системанын кан төгүүсүз кыйрашына ири салым кошкон. Ал Борбор Азиядагы, анын ичиндеги Кыргызстандагы укук бузууларга да дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келген. Ал колдогон уюм быйыл эл аралык сыйлыкты кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровго ыйгарганда, Гавел ооруп калып, сыйлыкты Аскаровдун уулуна тапшыра албай калган эле.

75 жашында көз жумган Вацлав Гавел кезегинде президент болуп турган жылдары Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыруудан баш тартканы эсимде. Ал «авторитардык мамлекеттерге барып, түбөлүк диктаторлордун зоболосун көтөргөндөй болгум келбейт» деп айткан. Ал кезде Кыргызстанда Аскар Акаев бийликте эле.

Кийин Вацлав Гавел парламенттеги президентти шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Вацлав Клауска утулуп калды. Бирок Вацлав Клаус Борбор Азиядагы диктаторлорду жерибей эле, тез эле бул аймакка расмий визит менен барып келген.

Гавелдин учкул сөзү жазылган Бир Дүйнөнүн жарнагы, 2008-ж. Жарнакта чехиялык фотограф Филип Сингердин сүрөтү колдонулган.
Гавелдин учкул сөзү жазылган Бир Дүйнөнүн жарнагы, 2008-ж. Жарнакта чехиялык фотограф Филип Сингердин сүрөтү колдонулган.
Анын аралыгында, Кыргызстанда Гавелдин «Бир дүйнө, бизде башка дүйнө жок, болбойт дагы» деген учкул сөзү жазылган жарнамалар пайда болду. Гавелдин эң таасирлүү долбоорлорунун бири - Бир Дүйнө кинофестивалы 2007-жылы күздө Бишкекте салтанаттуу ачылды.

Чех жумуриятындагы укуктук аң-сезимди көтөрүүгө зор салым кошкон Адам укуктары тууралуу даректүү тасмалардын бул кароосу Кыргызстанда быйыл үчүнчү ирет өттү. Ал эми Чехиядагы фестивал бул жылы кыргызстандык укук коргоочу, азыр абактагы Азимжан Аскаровго «Хомо Хомини сыйлыгын тапшырды.

Сыйлыкты кимге ыйгарууну фестивалдын жюриси чечет. Бирок кароонун колдоочусу катар Вацлав Гавел сыйлыкка талапкерлерди тандоого ар дайым жакындан аралашкан.

Жамиля Стехликова - Чехиянын мурдагы азчылыктар министри:

Жамиля Стехликова (оңдо) автор менен
Жамиля Стехликова (оңдо) автор менен
- Кыргызтанда, Борбор Азияда болуп жаткан окуяларга чехтер, же Вацлав Гавел гана эмес, бүт дүйнө байкоо салып жаткан. Бирок Вацлав Гавел барометр сыяктанып, демократиялык жоболор бузулган учурларга карата өзгөчө сезимтал болчу. Ушуга байланыштуу быйыл Азимжан Аскаровго бул сыйлыктын берилиши тегин жерден болгон жок. Анткени Гавел Бир Дүйнө фестивалын абдан колдогон. Гавел үчүн гана эмес, жалпы эле укук коргоочулар үчүн да бүт дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда демократияга жол кан төгүү, же адам укуктарынын чектелиши менен татаалданбашы чоң маагине ээ.

Хомо Хомини сыйлыгын 2009-жылы кытайлык укук коргоочу Шиа Бо алган эле. Анда сыйлыкты Шиа Бонун өкүлүнө Вацлав Гавел өзү ыйгарган. Кытайлык укук коргоочу кийинки жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыды. Шиа Бо бүгүн да кытай түрмөсүндө кала берүүдө.

1994-жылдан бери ыйгарылып келаткан бул сыйлык Азимжан Аскаровго укук коргоочунун акыбылына гана эмес, жалпы эле акыйкаттык системасындагы жана түрмөлөрдөгү абалга көпчүлүктүн көңүлүн буруу зарылдыгы менен берилген.

Марек Свобода - Бир Дүйнө фестивалынын уюштуруучусу болгон "Лиди в Тисне", же "Кыйналган адамдар" уюмунун адам укуктары бөлүмүн жетектейт:

Азимжан Аскаровдун уулу Шерзод Хомо Хомини сыйлыгын тапшыруу салтанатында, Прага, 2011-жыл
Азимжан Аскаровдун уулу Шерзод Хомо Хомини сыйлыгын тапшыруу салтанатында, Прага, 2011-жыл
- Аскаров далилсиз айыптоолор менен кесилип кеткен. Ага акыйкатсыз сот процессинде киши өлтүргөнгө катышкан деп айып тагышкан. Буга ишениш өтө кыйын, бирок Аскаров өмүрүнүн аягына чейин кесилген бойдон абакта кала берүүдө. Бул сыйлык менен биз Аскаровго гана эмес, сот системасындагы көйгөйлөргө жана күнөөсүз адамдар түрмөдө отургандыгына көңүлүн бурууну каалаганбыз.

Чехиялык сыйлыкты Прагада Вацлав Гавел Азимжан Аскаровдун уулу Шерзодго өзү тапшырмак, бирок ошол кезде эле ден-соолугуна байланыштуу салтанатка келе алган эмес. Бул тууралуу Бир Дүйнө фестивалынын директорунун орун басары Марек Воска мындай деп эскерет:

- Биз сыйлыкты Вацлав Гавел Аскаровдун уулуна өзү тапшырат деп ойлогонбуз. Бирок саламаттыгы буга мүмкүндүк берген жок, ошондуктан Гавел болгону сыйлыкка кол тамгасын койду. Эртеси ага Шерзод Аскаровду жолуктуралы дегенбиз, бирок тилекке каршы ал да болбой калды.

Шерзодго атасына деп Вацлав Гавелден бир сүрөттү белекке тапшырышты. Чехиялык белгилүү фотограф Любош Котектин ал сүрөтүнөн ак куштар көгүлтүр асманды көздөй талпынып учуп баратканын көрөбүз. Марек Восканын айтымында, бул сүрөт эркиндикке умтулууну чагылдырат.

Вацлав Гавел Далай Лама жана Рабия Кадыр (Дүйнөлүк Уйгур Курултайы) менен, Прага, 2009-ж.
Вацлав Гавел Далай Лама жана Рабия Кадыр (Дүйнөлүк Уйгур Курултайы) менен, Прага, 2009-ж.
Өткөн жекшембиде Гавел өзү уюштурган Форум-2000 дискуссиясына келмек. Форум-2000 көбүнесе адам укуктарынын жана демократиянын келечегине арналган интеллектуалдык талкуу. Бул форумда Тибеттин 14-далай Ламасы Гавелдин ооруп келбей калганына кабыргасы кайышып, ага дагы 10 жылдык өмүр тиледи. Тилекке каршы, Вацлав Гавел андан 10 күн өтпөй, о дүйнөгө аттанды.

XS
SM
MD
LG