Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:40

Баткенде куралчан тажик жарандары кармалды


Кыргыз-тажик чегиндеги Кожо-Аъло айылы, Тажикстандын Исфара району, 28-апрель, 2013.
Кыргыз-тажик чегиндеги Кожо-Аъло айылы, Тажикстандын Исфара району, 28-апрель, 2013.

Баткен облусунун аймагында ок атуучу куралдар менен Тажикстандын төрт жараны колго түштү.

Учурда кармалгандардын иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде каралып жатат.

1-сентябрда Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасына жакын Ак-Чечек айылынын аймагында Тажикстандын 4 жараны 5 ок атуучу курал менен кармалган. Алар Кыргызстандын чек арачыларына аңчылык кылуу максатында жүргөнүн билдиришкен.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат каражатары менен иштөө бөлүмүнүн өкүлү Сажира Чоколоева курал менен кармалган Тажикстандын жарандарынын иши учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде каралып жатканын «Азаттыкка» билдирди:

- Тажикстандын бул төрт жараны мергенчилик кылып жүргөн жеринен кармалганын айтышууда. Алардын жанында куралы бар экен. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталды. Тийиштүү кагаздары толтурулгандан кийин алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

Колго түшкөндөргө чек араны уруксатсыз кесип өтүп, жашыруун аңчылык кылып жатат деген айып тагылды. Бирок аймакта чек арадагы акыркы окуяларга байланыштуу көзөмөл күчөтүлүп жаткан учурда кантип эле 5 курал менен чек арадан өтүүгө болсун деп шекшигендер да жок эмес.

Жергиликтүү серепчи, бир топ жылдан бери чек аралаш аймактагы жаңжалдарды иликтеп жүргөн Хаитали Айкынов бул жерде куралдуу жаңжал жаратууга кызыкдар тараптар болушу мүмкүн деген ойдо:

- Кандайдыр бир күчтөр абалды курчутууга атайын аракет жасап жаткандай болуп жатат. Сыртынан караганда бир майда-чүйдө иштей сезилгени менен акыркы мезгилдеги окуялар бири-бирине байланышып жасалгандай сезилет. Мындан улам биздин ушу чек арада жашаган тургундарыбыз коопсуздук жагынан тынчсызданып жатат. Ошондуктан мамлекет бул аймакта коопсуздукту камсыз кылуучу чараларды тез арада көрүүгө убакыт келди. Кийин кеч болуп калбагандай болушу керек. Себеби күндөн-күнгө ушундай кооптонууга негиз боло турган окуялар көбөйүп жатат.

Акыркы күндөрү эле Баткенде Тажикстанга бараткан 11 кг. жардыргыч заттын кармалышы, облус аймагындагы тоолорго түштү делген беш белгисиз парашютчандардын табылбай жатышы, Тажикстандын Баткен менен чек арада турган жердеги бир үй-бүлөдөн төрт жарандын атылышы, кыргызстандык автоунаалардын айнектери талкаланышы абалдын мындай бааланышына себеп болчудай.

Чек ара маселелерин чагылдырып жүргөн баткендик журналист Аскар Баймуратов болсо соңку окуялардан улам чектеш аймактарда курал-жарак топтолуп жаткандай деп божомолдойт:

- Жакында эле жардаргыч заттын Тажикстанга кирип баратканда кармалышы, минтип куралдар менен кишилер кармалышы Тажикстандын чек аралаш аймагына курал-жарак топтолуп жаткандай ой калтырат да. Бул эми жакында Тажикстанда өтүүчү президенттик шайлоо астынан жасалып жатабы, же бул жерге топтолуп, андан ары башка жактарга кетеби - айтуу кыйын.

Тажикстан тарап болсо чек арадагы акыркы окуялардан кийин Баткен облусу менен чектеш аймактарда коопсуздук багытында күчөтүлгөн тартип менен иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG